// //

Жолдошум жакшы киши, бирок жалкоо. Иш кылууга кантип үндөйм? Психологдун кеңеши

2019.07.14, 17:12
2683

Bilesinbi.kg окурмандарынын суроолоруна тиешелүү эксперттерден жооп алып берет. Ар бир окурмандын анонимдүүлүгүнө кепилдик беребиз.

Мен шаарда чоңоюп, окуп, иштеп жүрчүмүн. 4 жыл мурун айылдык жигитке турмушка чыккам, 2 балалуу болдук. Жашообуз кудайга шүгүр. Бирок жолдошум жалкоо. Кээде тамак-ашка акчабыз жок калат. Айлык күтүп жашайбыз. Ортодо жумушу жок да жүрдү. Жашаган жерибизде дүкөн жок. Бир нерсе алуу үчүн коңшу айылга барабыз.

Мен балдарыбызды шаарга алып барып, парктарга сейилдеп, ойнотуп келгим келет. Жолдошум болсо эски машинесин чукулап отура берет, же анысы жүрбөйт.

Бул жактан көчүп кетели, шаарга барып кичи бизнес баштайлы, тытынып оокат кылалы, балдардын окуусуна акча топтойлу, айылдан эч нерсе кыла албайт экенбиз, шаарда иштеп кетериңе көзүм жетет, деп айта берем. Күйөөм болсо отурган жеринен эле “болбойт” – деп жыйынтык чыгарып коет.

Ооба улуу муундагылар айтышат, күйөөңдү ук, анын айтканынан чыкпа, деп. Бирок эч нерсе жасабаса кантем?

Жолдошум аябай жакшы адам, бирок жалкоо, кыймылдагысы келбейт. Аны кантип иштөөгө көндүрөм?

Психолог Эльвира Чокоеванын пикири боюнча, кыздар жигит менен сүйлөшүп жүргөндө, аларга өзүн чечкиндүү жана күчтүү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк беришет.

Мамилеңиз жаңыдан башталганда, сиз кандай элеңиз, күйөөңүз кандай эле? Өзүңүздү кандай алып жүрчүңүз? Ал сиздин жүрөгүңүздү эмнеси менен багынтып алды? Эмне үчүн ага баш кошууга макул болдуңуз?

Сиз турмушка чыккандан кийин, сүйүктүү жардын позициясынан акырындык менен эненин позициясына өтүп алдыңыз. Жолдошуңуз автоматтык түрдө өзүн уул катары сезип калды.

Сиз кечке ага акыл айтып, улам бир нерсе жасоого үндөп жатасыз. Жолдошуңуз сиздин кысым көрсөтүүңүздөн качып, машинесин оңдомуш болуп алаксыйт.

Түшүнүп турам, сиз ага мотивация берип, өзүңүз жана бала-чакаңыз үчүн жакшы жашоо шарттарын түзүүгө умтулуп жатасыз. Бул нормалдуу нерсе. Бирок сиз анын эркектик намысына тийип жатасыз. Күйөөңүз куру намыстанып, көк беттигинен “жок, болбойт” – деп жатат. Менимче жашоодо бир нерсени өзгөртүү керектигин өзү деле түшүнүп турат, бирок бул демилгени сиз көтөрүп чыккандыктан каршылык көрсөтүүдө.

Демейде, аял киши өзүнө эненин ролун алганда, жоопкерчиликти да өздөрүнө жүктөп алышат.

Ошондуктан, акырындык менен жоопкерчиликти жолдошуңузга кайтарып берүүнү сунуштайм:

  • Демилге көтөрүп чыкпаңыз;
  • Жолдошуңуз бир нерсени чечти ал чечими туура эмес экенин көзүңүз жетип турса да унчукпаңыз. Ага жаңылууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Ошентип тажрыйба топтойт. Кийинкиде башкача ойлонот, башкача чечим кабыл алат.
  • Тиги же бу кырдаалда эмне кылуу керектигин үйрөтпөңүз.
  • Андан көбүрөөк билип, ага салыштырмалуу жакшыраак түшүнүп тураарыңызды билдирбеңиз.
  • Сизге жардам берүүсүн сураныңыз. Жардам берсе чын жүрөктөн ыраазычылык айтыңыз.
  • Өзүңүздүн каалоолоруңузду наздануу менен айтыңыз. Мисалы: “Сен жасаган тамак абдан даамдуу болот”, “Эптүүсүң, колуңан бардык нерсе келет” ж.б.
  • Кичинекей болсо да ийгиликтери, жетишкендиктери үчүн мактап туруңуз.

Өзүңүздүн жүрүм-турумуңузду, мамилеңизди түп тамырынан өзгөртүңүз. Бул оңой эмес, бирок көч бара-бара түзөлөт. Аракет кылып көрүңүз!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү

Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок

Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?

Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт