Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын каражат топтоо маданиятын калыптандыруу.
Каражат топтоо инсандын же үй-бүлөнүн каржылык көз карандысыздыгы үчүн абдан маанилүү: ал ири сатып алуу үчүн акча топтоого же келечекте пайда болушу мүмкүн болгон күтүлбөгөн чыгымдарды жабууга жардам берет.
Байкашымча, КМШ өлкөлөрүндө адамдар көп учурда инвестициялоо менен каражат топтоону чаташтырышат, бирок чындыгында алардын ортосунда айырма бар. Каражат топтоо - бул, белгилүү бир максатта топтолгон акчанын суммасы, атап айтканда:
а) кандайдыр бир нерсени сатып алуу же
б) күтүлбөгөн жакшылыктар менен жамандыктарга алдын ала каражат топтоо (же азыр аны "финансылык коопсуздук жаздыгы" деп да аташат).
Банктарда депозит (аманат) түрүндөгү каражат топтоо пайыздык киреше алып келет, бирок, адатта, ал киреше инфляциядан улам бул сакталган акчанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жоготууну гана "жабат". Ал эми инвестиция – бул сиздин акчаңызды инфляциядан коргоодон тышкары, киреше алып келе турган финансылык активдерди сатып алууну билдирет. Бирок, инвестициялоонун да, каражат топтоонун да жалпы максаты – бул келечекте адамдын жана үй-бүлөнүн финансылык туруктуулугун камсыз кылуу.
Бул окшоштуктарды эске алуу менен Кыргызстандагы каражат топтоонун:
1) эң популярдуу, бирок натыйжасыз беш ыкма жана
2) эң натыйжалуу, бирок популярдуу эмес беш ыкма жөнүндө байкоолорумду айтып берейин.
Келечекте жеке финансылык бакубаттуулукту камсыз кылуу үчүн Кыргызстанда азыр эң популярдуу, бирок натыйжасыз каражат топтоонун беш ыкмасы:
1) Тойлорго кошумча на той (учурдагы форматты карасак),
2) Криптовалюта жана криптоактивдер (азыркы учурда тиешелүү жөнгө салуу жок болуп жаткан учурда),
3) Мал чарбасы (эгер мал чарбачылыкка бизнес катары туура мамиле кылынбаса);
4) Алтын зер буюмдары,
5) "Баалуу кагаздар" деген атка жамынып, элди алдаган схемалар.
Келечекте жеке финансылык бакубаттуулукту камсыз кылуу үчүн Кыргызстанда азыр эң натыйжалуу, бирок популярдуу эмескаражат топтоонун беш ыкмасы:
1) Коммерциялык банктардагы аманаттар;
2) Өзүңүз жана балдарыңыз үчүн сапаттуу билим алууга жана ден соолукка жумшалган инвестициялар;
3) Бизнеске алып барууга салым (энергияны үнөмдөөчү, креативдүү, бизнести бардык эрежелерине ылайык башкарылуучу),
4) Ишенимдүү уюмдардан сатып алынган алтын жана күмүш куймалары;
5) Чет өлкөлүк жана ата мекендик ишканалардын баалуу кагаздары.
Сактоо жана инвестициялоонун эң мыкты беш популярдуу, бирок эффективдүү эмес жолдорунун ар бири жөнүндө тагыраак маалымат:
1) Тойлорго кошумча (учурдагы форматта): Тойлорду уюштуруп, жакын адамдарды чогултуп, турмуштагы маанилүү өзгөрүүлөрдү бирге белгилөө –жакшы жана пайдалуу идея. Бирок учурдагы тойлордогу конверттердин айлампасы келечекке инвестициялоонун жолу катары төмөнкүлөрдөн корголгон эмес:
Инфляциядан (кошумчаңыз доллар түрүндө болсо да, инфляциянын кесепетинен доллар да сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жоготууга дуушар болорун түшүнүү керек). Мен бир мисал келтирейин: 10 жыл мурун классташыңызга уулунун үйлөнүү тоюна 5000 сом алып барсаңыз, анан ал дагы сизге 5000 сом алып келген учурда сиз бул алыш-бериштен 50% жакын акчаны жоготтуңуз десек болот (инфляция жылына 5% болсо*10 жыл). Эгер сиз 2010-жылы тойго 100 доллар кошуп, андан кийин 2019-жылы 100 доллар кайра алган болсоңуз, анда болжол менен 14% ($50/58=86%) жоготкон болосуз.
Моралдык тобокелдиктер - алар төмөнкү учурларда пайда болот: а) сиз убагында алып барган кошумчаларыңыз кайтпай калса. Мисал келтирейин, тааныштарымдын бири досунун тоюна бир кочкор кошкон болчу. 2 жылдан кийин өзү үйлөнүп, ошол досун тойго чакырды. Ал досу анын тоюна 200 сомдун тегерегинде бир куту шоколад алып келген.
Конверттерди алгандан кийин туугандары жана достору кайра чакырууну кабыл албай, кошумчасын бербей койгон учурлар көп кездешет; жана б) сиз кошумчаларды берип жүргөн адамдардын балдарынын саны жана жашы сиздин балдарыңыздын саны жана жашы боюнча айырмасы чоң болсо).
Мисалдарды келтирейин: менин досумдун апасы өмүр бою тойлорго кошумчасын алып барып жүргөн. Анан өзүнүн уулун үйлөнткөндө туугандары 10-15 жыл мурун алып барып жүргөн суммаларды алып келген. Башкача айтканда, кошумчалардын суммаларын инфляцияны эске алуу менен эсептесе чындыгында 10 эсе аз акча кайткан.
Жыйынтыгында чогулган конверттерден түшкөн каражат ресторанга кеткен чыгымдын бир бөлүгүн жабууга да жетпей калган. Ошондой эле тойго чакырган тарап ресторандагы ар бир орун үчүн кыйла чоң сумманы төлөшкөнүн билбегенсип, коноктору кичинекей балдарын ээрчитип келип, жанына отургузган экен.
Дагы бир мисал: эгер сиздин бир же эки эле балдарыңыз бар болсо, бирок туугандарыңыздын ар бири 5 балалуу болсо, алар сизден ар бирине кошумча берүүңүздү күтүшөт жана алар сизге албетте сен берген 5 конвертти алып келбейт.
Сиз кошумча берген мезгил менен алар сизге алып келген мезгил аралыгында кездешүүчү экономикалык тобокелдиктер болушу мүмкүн. Мисалы, кошумчадан сырткаркы чыгымдардын наркынын өзгөрүшү: жол кире, азык-түлүк ж.б.у.с. Чындыгында, бул сиздин эки эсе көп акча коротуп жатканыңыздын далили.
Мунун баары нараазычылыктар, талаш-тартыштар менен коштолуп, адамдардын бири-бирин колдоо, жакындарынын кубанычын тең бөлүшүү, байланыштарды бекемдөө сыяктуу тойлордун чыныгы социалдык максаты экинчи планда калып калат.
Финансылык көз караштан алганда, тойлорго берилген кошумчаларды келечекке инвестиция салуунун тобокелдиги жогору болгон ыкмасы десек болот.
Криптовалюта жана крипто-активдер (азыркы учурда тиешелүү жөнгө салуунун жоктугу шартында): учурда чайкоочулук мүнөздөгү криптовалюта жана криптоактивдер жогорку тобокелчилик каражатынын катарында. Мындан сырткары, азырынча тиешелүү жөнгө салуу жокко эсе. Криптовалюта менен болгон үчүнчү көйгөй – Кыргызстанда "криптовалюта алып беребиз, көп пайда табасыз" деп элдин акчасын алдап алган шылуундар да учурайт.
Мисалы, мен 2021-жылы айылдардын биринде финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүп жатсам, жергиликтүү тургундар криптовалюта сатып алып, алар үчүн чоң киреше табарын убада кылган адамдарга өз акчаларын беришкенин айтышкан. Бирок мен алар айылдарды кыдырып, адамдарды "криптовалюта, инвестиция" сыяктуу сөздөр менен азгырып, башын айландырып, каржы пирамидаларына тартып кеткен кадимки шылуундар экенин түшүндүм.
Кийинчерээк 2023-жылы мен башка айылдагы бир чоң энеден окшош окуяны уктум - ал балдары турак-жай сатып алуу үчүн чогулткан акчасын ошол айылга бир жактан келип, криптовалютадан түшкөн "укмуштай" кирешелер жөнүндө көркөм жомокторду айтып берген шылуундарга берип салган экен.
Жогорудагы тобокелдиктерди эске алуу менен, сиздин келечегиңизге инвестициялоонун бул ыкмасы өтө кооптуу. Ошондуктан, бул ыкмага жалпы акчаңыздын 10% дан ашпаганын сарптоону сунуштайм. Анткени экономист жана тобокелчилик боюнча эксперт Насим Талеб, "Кара куу" жана "Анти-морттук" китептеринин автору акчаңыздын 90%ын анча кирешелүү эмес болсо дагы эң ишенимдүү ыкмаларга, калган 10%ын гана эң жогору киреше алууга мүмкүнчүлүгү бар инвестицияларга сарптоону сунуштайт, себеби адатта алар эң жогору тобокелдикке да ээ болушат.
Мал чарбасы (б.а. туура башкаруусуз мал чарбачылыгы) - бир жагынан, мал чарбачылыгы финансылык бакубаттуулукту камсыздоонун натыйжалуу жолу катары кыргыздарда жана башка элдерде көп кылымдар бою жашап келгени далилдейт. Экинчи жагынан, адамдар азыркы убакытта алдыңкы методдорду колдонбой, мал чарбачылыгын өстүрүү рентабелдуу болбой тургандыгын эске алышпайт жана мал чарбачылыгы келечекке ишенимдуу салым боло албастыгын аңдашпайт.
Мисалы, мага тааныш математика мугалими уй багуу жана малина өстүрүү үчүн бардык чыгашаларды жана кирешелерди эсептеп чыккандан кийин, малина өстүрүү пайдалуураак экенин түшүнгөн. Жок, бул ар бир адам мал багууну таштап, жашылча-мөмө өстүрүүнү баштоо керек дегенди билдирбейт. Мындай ишти баштоо үчүн, жок дегенде 1 жылдык бардык чыгашаларды жана кирешелерди тыйынына чейин эсептеп чыгуу керек. Анан баарын эсептеп, талдоо.
Бизнестин рентабелдүүлүгүн (кирешелүүлүгүн) эсептеп талдоо үчүн атайын формулалар бар. Мал чарбасына жумшалган инвестиция азыр жана келечекте чындап кирешелүү болушу үчүн асыл тукум, демек, кирешелүү малды багуу жана органикалык айыл чарба багытындагы заманбап ыкмаларды колдонуу зарыл.
Алтын зер буюмдары - адам алтын буюмдарды дизайнердик буюм катары сатып алып, ал эми сатууда аны салмагына жараша сатаарын түшүнүүсү зарыл. Демек, сатып алуу баасы менен сатуу баасынын айырмасы чоң болушу мүмкүн. Ошондуктан, алтындын келечекке салым катары ишенимдүүлүгүнө карабастан, анын кандай формада сатып алуу керектиги чоң мааниге ээ. Алтын куймаларын Улуттук банк сыяктуу ишенимдүү мекемелерден сатып алуу - зер буюмдарды сатып алууга караганда жакшыраак ыкма.
Бирок, ошол эле учурда, бат келүүчү кирешени күтпөңүз, анткени алтын узак мөөнөттүү максаттарга көбүрөөк ылайыктуу: алтындын баасы тез-тез өзгөрүп турат, ал эми узак мөөнөттүү келечекте анын наркы жогорулайт. Маселен, эки жыл мурун президент сыналгы аркылуу алтынды ишенимдүү инвестиция катары баалаган. Көпчүлүк алтын куймаларды сатып алууга шашышкан. Анан 2-3 айдан кийин алтындын арзандап кеткенине нааразы болушту. Улуттук банк бул маселе боюнча түшүндүрмөлөрдү чыгарууга мажбур болгон. Башкача айтканда, алтынды 5-10 же андан көп жылдан кийин пайда күтүү менен сатып алуу керек экенин түшүнүү зарыл.
Баалуу кагаздардын атын жамынган алдамчылык схемалар. Негизи, баалуу кагаздарга инвестиция салуу - инвестициялоонун коопсуз жолу. Бирок, сизге сунушталган баалуу кагазды сатып алуудан мурун, бири-биринен көз карандысыз бир нече адистер менен кеңешүү керек экенин эске алыңыз.
Мурда көпчүлүк финансылык сабаттуулук деген эмне экенин түшүнүшпөсө, азыр бул тема боюнча реалдуу эксперттер менен катар, шылуундар сунуштаган жасалма "баалуу кагаздар" да пайда болду. Башкача айтканда, азыркы жагдай Стивен Хокинг айткандай: "Билимдин эң коркунучтуу душманы - анын жок болушу эмес, анын бар экендигинин иллюзиясы". Ошентип, финансылык сабаттуулук боюнча реалдуу же инфо-шылуундардын тренингдеринин катышуучулары баалуу кагаздар кандай иштээрин толук түшүнбөй, бирок анын жакшы экенин эстеп, алардан жасалма баалуу кагаздарды сатып алып, шылуундардын курмандыгы болуп калышат. Бул баалуу кагаздарды жазуу жүзүндө келишим түзүлгөндөн кийин тиешелүү уюмдар аркылуу гана сатып алууга жана сатууга болорун түшүнүү зарыл.
Каражат топтоо/инвестициялоонун эң натыйжалуу, бирок популярдуу эмес жолдорунун ар бири жөнүндө тагыраак маалымат:
1) Коммерциялык банктардагы аманаттар – 90-жылдардагы айрым коммерциялык банктардын банкрот болушунан улам улуу муундун банктарга болгон ишенимин кеткендигине карабастан, каражат топтоо натыйжалуу жолу катары банктык аманаттарды сунуштайм. Бүгүнкү күндө банктар ишеним артса болот.
Кыргыз Республикасындагы бардык банктык аманаттар 1 миллион сомго чейин камсыздандырылган; эгерде банк банкрот болсо, аманатыңыздагы акчаңыз Аманаттарды Коргоо Агенттиги тарабынан сизге кайтарылып берилет.
Айта кетчү нерсе - алдамчыларга кабылып калуудан этият болуу керек. Мындай окуяны эстейм: кошуналар мурда банкта иштеген кошунасынын жумуштан чыгып кеткенин билишпей банктагы эсебине салып коюсун суранышып, акчаларын анын үйүнө жеткирип берип турушкан. Көрсө ал адам алган акчаларын банкка салбай, өзүндө калтырып жүргөн. Аманаттарын алгысы келген адамдар ал кишини банктан таппай калышып, банкка эч кандай акча салынбаганын билишет. Экинчи окуя мындай болгон: адамдар акчаларын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн, бирок аманаттар менен иштөөгө Улуттук банктан лицензиясы жок уюмга берип, акчаларынан кол жуушкан.
2) Өзүңүздүн жана балдарыңыздын сапаттуу билимине жана ден соолугуна инвестиция салуу – азыркы белгисиздик доорунда мобилдүү бойдон калуу жана бардык мүмкүнчүлүктөр үчүн ачык болуу маанилүү. Андыктан эң ишенимдүү инвестиция - бул өзүңдүн жана балдарыңдын ден соолугу үчүн ошондой эле сапаттуу билим үчүн инвестиция. "Сапаттуу билим" – өтө кеңири түшүнүк болгондуктан келечекке ишенимдүү инвестициялар катары, эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон заманбап көндүмдөрдү үйрөнүү - жакшы маяна алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул - сиздин качандыр бир ээ болгон адистигиңиз боюнча жакшы жумушту "Кудай өзү берет" деген түшүнүк менен жашабай, өмүр бою окуп үйрөнүү зарыл экендигин сабырдык менен туура кабыл алууну билдирет.
3) Бизнеске инвестиция салуу (энергияны үнөмдөөчү, креативдүү, башкаруунун бардык эрежелерине ылайык башкарылуучу) - менин оюмча, бул жакыңкы келечекте жакшы киреше алууга ылайыктуу ишмердүүлүктүн бир түрү. Ишмердүүлүктүн бул түрү турак-жай сатып алууну каалаган жаш үй-бүлөлөр үчүн ыңгайлуу. Ооба, көптөгөн ишканалар ийгиликсиз болууда. Бирок азыркы ийгиликтүү ишкерлердин бизнеси да кээде мүдүрүлүп, кайра бутуна туруп, жашоонун сабактарын эске алуу менен бизнесин улантып кете беришет. Ошондой эле, бизнести жөнгө салуу боюнча мамлекеттик талаптардын татаалдыгы жана улам-улам өзгөрүп туруусу бизнес жүргүзүүгө тоскоолдук жаратууда дегендер да жок эмес. Бирок, Кыргызстанда атаандаштыктын деңгээли башка өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу бир топ төмөн боюнча калууда.
4) Ишенимдүү уюмдардан сатып алынган алтын жана күмүш куймалары – менин ашыкча акчам болсо, алтын менен күмүштүн майда куймаларын сатып алууну каалайм. Албетте, кайсы бир адамдардан албастан, жөнгө салынган рынокко катышкан уюмдардан сатып алар элем жана ал куймаларды коммерциялык банктарда сактамакмын. Күмүштүн бир нече ондогон жылдардан кийин кымбаттайт деген маалымат бар, себеби ал гаджеттерди өндүрүүдө колдонулат жана анын кендери азайып баратат.
5) Чет өлкөлүк жана ата-мекендик ишканалардын баалуу кагаздары – ата-мекендик ишканалар төлөгөн дивиденддерден түшкөн киреше салыктардан бошотулганын аз эле адамдар билет. Бирок мен инвестициянын бул түрүнө кирешеси орточодон жогору болгондорго гана инвестициялоону сунуштайт элем. Анткени сиздин кирешеңиз аз болсо, анда сизге тезирээк киреше берчү туруктуу булак катары банктык аманаттар пайдалуураак. Себеби дивидендден түшкөн киреше аманаттан түшкөн кирешеге караганда азыраак болуусу ыктымал.
Сиз байкагандай, менин тизмемде натыйжалуу жана натыйжасыз ыкмалардын негизинен бири-бирине окшоштугу бар. Бирок акча тактыкты жакшы көрөт. Ошону үчүн акчаңызды инвестицияга салуудан мурун анын майда-чүйдөсүнө чейин көңүл буруу маанилүү: мисалы, алтындын бардык эле түрү инвестиция катары баалуу эмес, ал эми кээ бир "баалуу кагаздар" жасалма болуп чыгып, макулатуранын баасынан төмөн болуп калышы да мүмкүн.