// //

“Өзүңөрдүн ошол курагыңарды эстегиле”. Өспүрүмдөрдүн жеке чегин сыйлоо тууралуу

2024.01.27, 15:21
678

Эгер өспүрүм менен ортодогу чектерди туура белгилегиңиз келсе, анда бул маалымат сиз үчүн. Клиникалык психолог жана психотерапевт Лилия Мухтарова өспүрүмдөрдүн ата-энелеринин эң көп берилүүчү суроолоруна жооп берди. Алгач, жеке чектер эмне экенин карап көрөлү.

Психологиядагы жеке чектер - бул сиз менен башка адамдарды бөлүп турган физикалык, эмоционалдык жана психологиялык чектер. Алар сиздин жеке мейкиндигиңиз кайдан бүтөрүн жана башка адамдарды мейкиндиги кайдан башталаарын аныктайт. Жеке чектерди сактоо ар кайсы куракта маанилүү болуп эсептелет. Айрыкча өспүрүм куракта, анткени бул учурда жеке чектер инсандын жана туура мамилелердин калыптануусунда маанилүү роль ойнойт.

Андыктан:

Өзүн-өзү аныктоо: Өспүрүмдөр өздөрүнүн инсандыгын жана иденттүүлүгүн калыптандыруу процессинде болушат. Туура коюлган жеке чектер аларга ким экенин, эмнени сезип жатканын, алар үчүн эмне маанилүү жана башка адамдар тарабынан кандай кабыл алынгысы келерин аныктоого жардам берет.

Өзүн-өзү сыйлоо: Жеке чектерди белгилөө өспүрүмдөргө өздөрүн жана муктаждыктарын сыйлоого жардам берет. Андан тышкары өзүн-өзү сыйлоо сезимин өнүктүрүүгө өбөлгө болуп, өз ара сый-урматка негизделген мамилелерди курууга мүмкүндүк түзөт.

Коопсуздук жана коргонуу: Өспүрүмдөрдүн жеке чектери аларга олуттуу же коркунучтуу жагдайлардан качууга жардам берип, коргоо жана коопсуздук менен камсыз кылат. Алар "жок" деп айтууга, өздөрүн кысымдан же керексиз кырдаалдардан коргоого үйрөнүшөт.

Мамилени тактоо жөндөмү: Жеке чек эмне экенин түшүнгөн жана сыйлаган өспүрүмдөр башкалар менен мамилени кантип туура түзсө болорун жакшы түшүнүшөт. Алар башкалардын чектерин жакшыраак түшүнүп, ага карата сый көрсөтөт алышат.

Эмоционалдык бакубаттуулук: Туура белгиленген жеке чектер өспүрүмдөргө эмоцияларын башкарууну өнүктүрүүгө жардам берет. Бул өз кезегинде психологиялык бакубаттуулукка өбөлгө болот.

Жеке чектерди түшүнүү жана сыйлоо өспүрүмдөргө өзүн-өзү аңдоого, өзүнө болгон ишенимин өнүктүрүп, гармониялуу мамилелерди курууга жардам берет. Бул нерселер алардын өнүгүүсү жана бакубат жашоосу үчүн абдан маанилүү. Мындан тышкары, өспүрүмдөрдүн жеке чектерин сыйлоо балдар менен ата-энелердин ортосундагы байланышты бекемдеп, алардын эмоционалдык бакубаттуулугун жогорулатып, өспүрүмдүн өз алдынча жана өзүнө ишенген адам болуп бой жетүүсүнө жардам берет.

- Эгер ата-энелер өспүрүмдүн чектерин такай сыйлабаса жана бузса, кандай кесепеттер болушу мүмкүн?

- Ар кандай кесепеттер болушу мүмкүн. Бирок, эң биринчиден тополоң башталат. Бир мисал келтирсек, баланын өзүнүн бөлмөсү бар, ал анын мейкиндиги, анын жеке чеги дейли. Силер бөлмөсү анын чеги экенин, ал жерде бала каалаганын жасап, жада калса чачык бойдон калтырса болот деп макулдаштыңар. Анан кайра бөлмөсүнө келип, жыйна деп талап койдуңар. Дал ушул жерде чек бузулат. Бала чек бар экенин, бирок ошол эле учурда ал бузулуп жатканын көрөт. Ал эми өспүрүмдө адилеттүүлүк сезими абдан күчтүү болот. Анан албетте, тополоң кылып, жаңжал чыгарат.

- Өспүрүмдүн жашоосуна ата-энесинин орундуу кийлигишүүсү менен жеке чети бузуудагы айырмачылык кандай?

- Кийлигишүүлөр ачык болушу керек. Келгиле, мындай бир мисал карап көрөлү: эгер ата-энеде баласына карата шектенүү пайда болсо,мисалы, кылмыштуу компанияга аралашып кетти деген, алар аны көзөмөлгө ала башташат.

Жакшысы ата-эне балага минтип айтышы керек: "Менде сен кандайдыр бир иштерди кылып жатканың боюнча шектенүүгө негиз бар. Мындай аракеттер коркунучтуу жана мыйзамсыз. Мен азыр ата-энелик көзөмөлдү жандырам (бул телефондогу геолокация, "Ата-энелик көзөмөл" функциясы болушу мүмкүн), андыктан эмне көрүп жатканыңды билип турам."

Бирок бул ачык болушу керек. Акырын артынан аңдыбаңыз, бала баары бир билип калат. Эми, моюнга алалы: гаджеттерге келгенде, балдар бизден алда канча алдыда, ошондуктан аларды алдап, байкайтпай аңдыгандан майнап чыкпайт.

Ошондой эле, жеке чектерден тышкары, келишимдер да бар. Мисалы, сиз бала менен, ал мектепке барышы керек, үй тапшырмасын аткарышы керек жана дагы башка нерселер тууралуу макулдаштыңыз. Өспүрүм бул келишимдерди бузду, анан жаңжал чыкты.

Бул нормалдуу нерсе. Ошол учурда балага мындай десек болот: "Мен сенин каалабай турганыңды жакшы түшүнөм, бирок айла жок, жасоо керек." Чынчыл болушуңуз керек.

- Өспүрүмдөн бир жолу колдонулуучу же кадимки эле тамеки таап алган учурда эмне кылуу керек?

- Чек аралар тууралуу сөз кылганда өзүбүздөн башташыбыз керек. Эгерде үй-бүлөңөрдө башкалардын чегин сыйлоо деген болсо, анда капыстан эле чөнтөгүнөн бир нерсе таап албайсыңар. Үй-бүлөдө бирөөнүн бөлмөсүнө тыкылдабай кирбеш керек деген эреже болсо, анын ичинде баланыкына да, анда эч ким кирбейт.

Эгер кокустан баланын колунан суроо жараткан бир нерсе түшүп кетсе, анда минтсеңиз болот: бул эмне, сеникиби же жокпу. Өспүрүм куракта ден соолукка зыян келтирүү тууралуу сөз кылуунун мааниси жок: тамеки тартуунун ар кандай түрү же башка көз карандылыктын тамыры алда канча тереңирээк.

Эгерде азырынча көз карандылык эмес, жөн гана сынап көрүү болсо, анда социалдашуу убагы жүрүүдө. Демек, ал сүйлөшкөн балдар тамеки тартышат. Ал эми бала компания үчүн тамеки тартып койгону – социалдашуу учуру. Же үй-бүлөдө ата-эне өзү тамеки чегет. Айталы, мен тамеки тартсам, балама тамеки тартпа деп кантип айтам? Бул деген мага болот, сага болбойт деген кош стандарттуулук да.

Бул жерде мындай кылсаңыз болот: "Тамекини таштоо канчалык кыйын экенин билем. Кел, чогуу аракет кылып көрөлү. Бири-бирибизге колдоо көрсөтөбүз." Эмнеге мындай тандоо жасаганын себебин карашыбыз керек.

- Көбүнчө ата-энелер өспүрүмдүн кийинүү стилин, хоббисин жана башка кызыкчылыктарын түшүнүшпөйт. Бул учурда ата-эне өз оюн баланын баркын түшүрбөстөн кантип билдирсе болот?

- Тазалык бул - адам өзүнө зарыл болгон нерсени кие алганында. Бул анын коопсуздугуна эч кандай таасир тийгизбейт. Эгер чындап кандайдыр бир ишенимдүү мамиле курууну кааласаңыз: анда анын кийимдерин кийип көрүүнү, сизге жараштыбы, жокпу сураңыз болот. Бирок, чын жүрөктөн жасаңыз, болбосо, жасабай эле койгонуңуз туура болот. Ооба, бул мода деп, жөн гана кабыл алыңыз.

Анан сураныч, өзүңүздүн ошол курагыңызды эстеңиз. Сиздин кийимиңиз ата-энеңиздикинен канчалык айырмаланып турганын эстеңиз.

Айтмакчы, бул куракта бала өзүнүн сырткы келбетине көп эксперимент жасайт. Анткени өспүрүмдөр сырткы келбетине аябай сын көз менен карашат. Алар физикалык жактан өзгөрүп турат, бул алар үчүн абдан оор тема. Анан, ал болуп жаткан өзгөрүүлөргө көнүүгө аракет кылып жатканда, сиздин сыныңыз аларга катуу тиет. Бул уруша турган тема эмес.

- Ата-энелер баланын жеке жашоосуна кийлигишип, сүйлөшкөн кызына же жигитине баа бере баштаганы туурабы?

- Бул олуттуу коркунуч жок болгондон кийин, кийлигишүүнүн зарылчылыгы жок сыяктуу маселеге жатат. Мисалы, кызыңыз сүйлөшүп жүргөн бала кылмыштуу иш-аракеттер менен алектенээрин так билсеңиз, бул учурда мындай десеңиз болот: "Бул сенин тандооң. Макул, мен тандооңду сыйлайм. Бирок, ал адам эмне менен алектенип жүргөнүн билип туруп, аны көз жаздымда калтыра албайм. Анткени, сен түшүнгүчө эле ага аралашып кетишиң мүмкүн." Бул учурда баланы көзөмөлгө ала баштайсыз. Бирок, муну жигитин айыптабастан, аны коргогуңуз келгени үчүн жасап жатканыңызды көрсөтөсүз.

Эгерде өспүрүмдүн мамилесинде адаттан тыш эч нерсе жок болсо, анда аны жайына коюңуз. Бирок, алгач, өспүрүмдөрдүн ата-энелери эмнеден коркоорун карап көрөлү - эрте жыныстык катнашка баруусунан. Ошон үчүн балдар менен жыныстык катнаш темасында сүйлөшүү керек. Өзүңүз сүйлөшө албасаңыз, психологго алып барыңыз. Өспүрүмдү адистин кабылдамасына жаздырып жатканда мындай деңиз: "Балам менен бул тема боюнча сүйлөшүңүз. Мен муну өз алдымча айта албайм." Психологдон гигиена жана контрацепция жөнүндө сүйлөшүүнү сураныңыз.

Эгер муну өзүм эле жасайм десеңиз, анда бул тууралуу өспүрүм менен маектешиңиз. Ачык жана токтоо маектешүү керек. Ошондо баары жакшы болоруна кепилдиктер көбүрөөк болот. Деги эле, секс жөнүндө жай отуруп сүйлөшүү керек. Бул теманы жаап-жашыруунун кереги жок. Балага бул башка мамилелердин түрү сыяктуу эле нерсе экенин түшүндүрүү зарыл. Башкача айтканда, достук мамиле болорун, бала-ата-эне ортосундагы мамиле болорун, ал эми секс да ушундай мамиленин бир бөлүгү экенин айтуу керек.

- Балаңызды порно көрүп жаткан жеринен кармап калсаңыз эмне кылуу керек?

- Эгер улуураак өспүрүм болсо, ага суроо бербеңиз, кийлигишпеңиз. Эгерде жаш өспүрүм болсо, анда отуруп алып, бул кино индустрия экенин, ал эми жашоодо кинодогудай боло бербей турганын түшүндүрүңүз. Муну сөзсүз түрдө айтыш керек. Анткени, кээде мага чоңдор үчүн тартылган тасмаларды көргөндөн кийин катуу жаракат алган жаштар кайрылат, алар өздөрүн жана денесин фильмдеги каармандардыкы менен салыштыра башташат, алардыкы башкача экенин түшүнүшөт, бизде бир нерсе туура эмес деп кабатырланышат, өзгөчө эркек балдар. Мен ата-энелеринин ордуна аларга мындай деп түшүндүрөм: ал жерде көрсөтүлгөн нерселер чындыкка таптакыр дал келбейт.

- Баланын эмне көрүп жатканын билүү үчүн телефонун алса болобу?

- Негизинен эле уруксаты жок башка бирөөнүн эч нерсесин албаш керек. Биз муну балдарыбызга үйрөтөбүз. Анан албетте, өзүбүз дагы бул эрежени аткарышыбыз керек. Эгер анын көрүп жаткан нерселерин көзөмөлгө алууну кааласаңыз, анда балаңызга айтыңыз: "Мен ата-энелик көзөмөл функциясын күйгүзүп жатам, ошондуктан сен көрүп жаткан нерселерди мен да көрөм, анткени сенден кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү байкап жатам. Бул мени тынчсыздандырууда".

- Балаңызга анын телефонун алып, кат алышууларын окуганыңызды айтып коюу керекпи?

- Сиз балаңыздын чегин буздуңуз, анан ага бул тууралуу айттыңыз, анан андан эмнени күтөсүз? Мен бул ыкманы колдонууну такыр сунуштабайм. Ал эми, ушундай жагдай болгон болсо, кат алышууларын көрсөңүз, ал жерде өмүргө коркунучтуу нерсе жок болсо, аны көрбөгөндөй эле түр көрсөтүп койгонуңуз оң.

- Ата-энелер өспүрүмдөрдүн хоббилерин жана кызыкчылыктарын жакшыраак түшүнүүгө кандай стратегиялар жардам берет, ал тургай, ал кызыкчылыктары түшүнүксүз же өз каалоолорунан алыс көрүнсө да? Мисалы, өспүрүм ата-энеси түшүнбөгөн жаңы технологияларга кызыкса.

- Өспүрүм курак – баланын бир буту чоң жашоодо, бир буту балалыгында турган мезгил. Бул чоңдордун позициясы аркылуу өспүрүм менен бардык нерсе жөнүндө, чоңдордун тилинде сүйлөшө аласыз. Андан аябай берилип алып эмне кылып жатканын сураңыз. Эгер ал сизди киргизсе киргизет, киргизбесе сүрдүгүп кирбеңиз. Бир нерсени билип алыңыз, эгер бала менен өспүрүм курагына чейин ишенимдүү мамиле курбасаңыз, анда өспүрүм куракта кеч болуп калат.

Эгерде ата-эненин өспүрүм менен мамилеси ишенимдүү болбосо, аны психолог менен тааныштырып, ар дайым ага кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүүнү сунуштайм. Муну менен ал каалаган убакта психолог менен байланышып, ага бара алат. Ата-эне менен баланын ортосунда ишенимдүү мамиле болгон күндө да баланын жеке психологу болгону жакшы. Эмне үчүн? Анткени кээде өспүрүм бизге ишенбегенинен эмес, бизди коргоп жаткандыгынан улам бир нерселер жөнүндө айтпай жашырып коет. Өзүбүздү эстейличи. Кээ бир нерселерди ата-энебиз урушат деп корккондон эмес, ата-энебиздин психикасын коргогондуктан жашырып койчубуз. Психологго кайрылууну 13 жаштан баштап уюштурууга болот.

- Ата-энелерге эмне каалайт элеңиз?

- Ата-энелерге, тынчтанууну, ар дайым өзүңдөн баштоо керектигин унутпоону каалайм. Баланын чектерин бузбаңыз. Ошондо ал өзүн коопсуз сезет, сизге көбүрөөк ишенет. Ал эми жакшы кабар - өспүрүм курак баары бир бүтөт.

АТА-ЭНЕЛЕР ҮЧҮН САНАРИП ЭНЦИКЛОПЕДИЯ:

Өспүрүмдөрдүн көз карандылыгы тууралуу психиатр-нарколог айтып берет

Буллинг деген эмне? Балдар, ата-энелер аны менен кантип күрөшөт?

Убакытты туура бөлүштүрүү баланын келечектеги жашоосуна канчалык пайдалуу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт