// //

Өспүрүмдөрдүн жетилиши тууралуу ата-энелер эмнелерди билиши керек

2024.01.24, 20:58
513

Эртеби-кечпи бардык ата-энелер балдары менен жыныстык жетилүү жөнүндө сүйлөшкөнгө туура келет. Жакшысы муну интернеттеги видеолордун же баланын теңтуштарынын кеңештерине таянбай, өздөрү жасаганы оң.

Бул темаларды балдар ата-энелери менен же алардын жардамы жок деле кызыгып изилдеп көрүшөт. Бирок ата-эне демилгени колго алып, коопсуз жана ишенимдүү мамилелерди өздөрү курганы жакшы. Ата-энелер өздөрүн бардык суроолордо, анын ичинде жыныстык жетилүү жана жыныстык тарбияга байланыштуу маселелер боюнча авторитет катары көрсөтсө, балдары аларды чын жана так маалыматтын булактары катары көрөт. Анын үстүнө, бала зомбулук, ВИЧ, кош бойлуулук сыяктуу көйгөйлөргө туш болсо, ата-энесине түз эле келип айтат.

Эгер ата-эне өзү ушул темалар тууралуу баласы менен сүйлөшсө, баласы зыян келтирбей турган туура жана тастыкталган маалыматка ээ болот. Ал эми бала бул тууралуу интернеттен же теңтуштарынан билсе, өзү, денеси жана секс жөнүндө туура эмес же коркунучтуу ойлорго кептелет.

Чоң столго отуруп бетме-бет сүйлөшүү ата-энелер үчүн да, балдар үчүн да коркунучтуу болушу мүмкүн. Анын үстүнө, кичинекей балдар менен мындай темаларда сүйлөшүү кызыктай сезилиши ыктымал. Бирок сексуалдык билим жөнүндө алгачкы этапта эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү келечекке негиз болот жана ачык сүйлөшүү аркылуу зарыл болгон маалыматтар берилип, бала менен ата-эненин ортосундагы ишеним бекемделет.

Балдар психологу, сексолог, дарыгер-психотерапевт Татьяна Андреева Kaktus.media сайтына баланын өнүгүүсү жашына карата кандай өзгөрүүлөр менен коштолорун айтып берди.

Эксперт ата-эне менен балдардын ортосундагы ишенимдүү мамиле аларга эмне болуп жатканынан кабардар болууга, адаттан тыш, кызыктай жана жашына ылайыксыз нерсени дароо байкоого, зарыл болгон учурда жардамга кайрылууга мүмкүндүк берерине ишенет.

2-3 жашында

Көптөр жыныстык жетилүүнүн физикалык аспектилери өспүрүм курак жакындаганда башталат деп эсептешет. Бирок андай эмес. Эки-үч жашында балдарда парапубертаттык мезгил башталат, мындайча айтканда, сексуалдык иденттүүлүк калыптанат, "мен киммин – эркекпи же аялбы?" деген негизги суроого жооп изделет.

Бир жыныска таандык болуу сезими туруксуз болот. Бул жашта балдар өздөрүн жана денесин излдеп үйрөнүшөт. Ошондой эле алардын сырткы көрүнүшү башкалардан айырмаланып турарын билишет. Айтылуу курактагы балдарда башкалардын денесине кызыгуу пайда болот. Алар денесин жана жыныстык органдарын кылдаттык менен изилдеп, башка балдарга да көрсөтүшөт. Негизги маселе - салыштыруу жолу менен "мен ким экенимди" аныктоо.

Бул мезгилде ата-энелер балдарына төмөнкүлөрдү үйрөтүүсү керек:

  • жыныстык органдардын туура аталыштары: чочосу, вульва, анус;
  • өз алдынча жасай турчу интимдик гигиена эрежелери;
  • сексуалдык коопсуздук эрежелери: сен каалабасаң, интимдик органдарыңа эч кимдин тийгенген укугу жок.

4-6 жаш

4-6 жаш аралыгында гендердик ролдор жана гендердик иденттүүлүк калыптанат. Балдар эрежелерди "Мен апамдаймын, бирок апам өзүн кандай алып жүрөт?", "Мен атама окшошмун, бирок атам эмне кылат?" деген түшүнүктөр аркылуу үйрөнүшөт.

Бул курактагы балдар көбүнчө кимдир бирөө менен болгон достук жана жактыруу сезимин "ашыктык" менен байланыштырышат. Мисалы, көбүнчө алар апасын, мугалимин же коёнду жакшы көрөрүн айтышат. Эреже катары, бул сексуалдык жана каалоо сезимдери менен байланыштуу эмес болот. Бул болгону алардын платондук (жакындык каалбастан эле сүйүү) сүйүүсүнүн билдирүү жолу.

Бул мезгилде ата-энелер төмөнкүдөй каталарды кетириши мүмкүн:

  • бала өзүнүн жана тегерегиндеги теңтуштарынын жыныстык органдарына кызыканы үчүн жазалоо;
  • "ата/апа, мен чоңойгондо, сага үйлөнөм" деген суроосуна көңүл бурбоо;
  • үй-бүлөдө интимдик эрежелерди сактабоо, баланын сексуалдык чектерин бузуу;
  • баланын секс жана репродукция жөнүндөгү суроолорун жоопсуз калтыруу же көңүл бурбоо.

7-9 жаш

7-9 жаштарда гендердик ролдорду өздөштүрүү аяктайт, организм гормоналдык өзгөрүүлөргө даярдана баштайт. Баланын мамилелер темасына болгон кызыгуусу улана берет, "мен кандаймын" деген суроолорго жооп берет.

Башкалар аларды жылаңач көргөндө балдар өздөрүн ыңгайсыз сезиши мүмкүн. Алар чоңдордун көзүнчө чечинип, жылаңач басып жүргүлөрү келбей калат. Балдар жыныстык катнаш жөнүндө суроолорду азыраак берет, бирок бул көрүнүш алардын айтылуу темага болгон кызыгуусу төмөндөдү дегенди билдирбейт. Болгону алар секс "олуттуу" тема экенин жана аны ар кимдин көзүнчө эле талкуулай бербеш керектигин түшүнүп калышат.

Балдардан жана кыздардан турган топтор түзүлүп, алардын ар бири башкаларга "байкоо салышат". Эркек балдар көбүнчө кыздарды "акылсыз" жана "олутсуз" дешсе, кыздар аларды "өтө тентек", "орой" деп эсептешет. Балдар бири-биринен ашканга аракет кылышат. Алар сексуалдык мүнөздөгү сөздөрдү жана ыплас тамашаларды колдонуу менен өздөрүнүн бойго жеткендигин жана секс жөнүндө көп нерсени билишерин көрсөткүсү келет. Көбүнчө эмне деп жатканын өздөрү деле түшүнүшпөйт.

Биринчи ашыктык сезими да ушул куракта пайда болот.

Бул мезгилде ата-энелер кетирген каталар:

  • эркек балдар куурчак менен ойнобойт, эркек балдар ыйлабайт, кыздар ачууланбайт деп айтуу;
  • бала бакчада/мектепте сексти имитациялап ойногону үчүн жазалоо;
  • баланын интимдик көйгөйлөрүн башка бирөөнүн көзүнчө талкуулоо;
  • баланын уялуу сезимин "мен ал жерден эч нерсе көргөн жокмун" деген сөздөр менен басынтуу;
  • теңтуштары менен баарлаштырбоо.

Ата-энелер үчүн сунуш:

  • Бала мектепке барганга чейин бала үчүн атайын адабияттарды сатып алыңыз;
  • Аны башка китептерден оолак кылып, үстөлгө же текчеге жашырып койбоңуз. Ооба, көпчүлүк балдар психологдору жана бала бакчалардын тарбиячылары дал ушундай кылууну сунушташат. Бирок мунун менен сиз баланын айтылуу тема боюнча баарын билүүсүн каалап жатканыңызды, бирок ал жөнүндө сүйлөшүүгө даяр эмес экениңизди көрсөтөсүз;
  • Китепти балага берүүдөн мурун, китепте кандай маселелер көтөрүлгөнүн, ата-эне баласы менен эмнени талкуулашы керектигин түшүнүү үчүн алгач аны өзүңүз окуп чыгыңыз. Китепте сиз үчүн суроо-талаш жараткан жагдайлар болушу мүмкүн;
  • Эгер бала азырынча окуй албаса, а сиз кандайдыр бир ыңгайсыздыкты сезип жатсаңыз, муну моюнга алып ачык айтыңыз: "Бул маанилүү тема. Бул жерде гигиена, коопсуздук, биздин денебиз жөнүндө жазылган. Мен бир аз уялып жатам, анткени кичинемде ата-энем мени менен мындай теманы талкуулаган эмес. Кел, экөөбүз чогуу окуйбуз".
  • Ар бир китепти окуп бүткөндөн кийин талкуулоо керек. "Сага эмне көбүрөөк жакты?", "Эмне жаңылык болду?", "Эми эмнени башкача кыласың?" деп сурасаңыз болот. Эгерде бала диалогго кошулбаса, уялса, жооп бергиси келбесе, анда китепте көңүлүңүздү бурган нерсени, сизге эмнеси жакканын, эмнени эң маанилүү деп эсептегениңизди, кайсы сүрөт эң сүйкүмдүү жана эң кызыктуу болуп көрүнгөнүн айтыңыз. Эсиңизде болсун: сексуалдык билим берүүгө ата-эненин экөөсү тең катышса абдан жакшы болот.

10-11 жаш

10-11 жашта жыныстык жетилүү башталат. Жыныстык гормондордун секрециясы күчөйт, бул жүрүм-турумда жана физикалык өзгөрүүлөрдө гана эмес, кабылдоодо жана эмоционалдык маанайдын заматта өзгөрүшүнөн байкалат.

Бул мезгилде балдарда эротикалык фантазиялар пайда болуп, китептен, телевизордон, интернеттен ар кандай нерселерди көбүрөөк угуп, көрүп, кызыгуулары артат. Ошол эле учурда, алар менен сексуалдык темалар жөнүндө сүйлөшүүгө аракет кылганда, уялып же бейкапар мамиле жасагандай болушу мүмкүн.

Бул этапта сүйүү мамилесине карата алгачкы кадамдар жасалышы ыктымал: жаштар мамиле куруп, кылдаттык менен флирт жасашат (кол кармашып, бетинен өөп, ж.б.).

Адатта, кыздарда, эркек балдарга караганда жыныстык жетилүү 2 жыл эрте башталат. Айкын болгон физиологиялык өзгөрүүлөр байкалат: эмчектин чоңоюшу жана боюнун өсүшү.

Жыныстык гормондордун таасири астында кыздардын дене түзүлүшү тегерек болот, төштөрү чоңоет, жамбаштары ийине салыштырмалуу кеңейет, жамбаштары тегерек формага өтүп, сүт бездери чоңоет, ал эми толук жетилүү үчүн 4 жылдай убакыт талап кылынат. Чатында түктөр өсө баштайт. Колтуктун аймактарындагы түктөрдүн өсүүсү чаттагы түктөр өскөндөн 1,5-2 жылдан кийин башталып, 18 жашта бүтөт.

Биринчи менструациясы 9 жаштан 15 жашка чейин, көбүнчө 12-14 жашта башталат. Эгер ал күтүүсүз келип калса, кыз коркуп, дүрбөлөңгө түшүп, аны айтуудан же суроо берүүдөн уялышы мүмкүн.

Ошондуктан, ата-энелер (жакшысы, албетте, энеси) кызга 9-10 жашында аялдын репродуктивдүү система кандай иштээрин, айыздын табиятын түшүндүрүп, бул аялдын организминдеги өнүгүүнүн нормалдуу баскычы экенин айтып бериши керек. Бул учурда кыз бир күнү жыныстык органынан кан агуу келерине даяр болот, коркпой, уялбай калат.

Биринчи айызы келген учурдан тартып жыныстык катнаш боло турган болсо боюна бүтүп калышы мүмкүн экенин да айтуу керек, ал тургай, менструалдык цикли үзгүлтүктүү болсо дагы (менструалдык цикл дароо эле үзгүлтүксүз болуп калбайт, адатта, бир же эки жылдан кийин турукташат).

Кызга менструалдык календарь колдонууну адатка айлантууну сунуштаса болот. Кыз үчүн бул жаңы жагдайдын дагы бир маанилүү аспектилери - жеке гигиена, заманбап буюмдарды колдонуу, айыз учурундагы абалы жана жүрүм-туруму. Башталардан бир аз мурун, ошондой эле башталган учурда, жалпы ден соолук абалы начарлап, кыжырдануу жана ыңгайсыздык пайда болушу мүмкүн экенин, кээде айыз оорутуу менен коштолушу мүмкүн. Бул тууралуу да алдын ала эскертип коюу зарыл.

12-15 жаш

Көпчүлүк эркек балдарда жыныстык жетилүү 12-15 жаштарда башталат. Урук бези жана жыныстык мүчөсү өсөт, чатында жана колтуктарында түктөр чыга баштайт. Бою заматта узарат, булчуңдарынын массасынын өсүшү жана сөөктөрүнүн жетилиши байкалат. Дене түзүлүшү эркектерге мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ болот - кең ийин жана кууш жамбаш, көкүрөк менен белдин көрүнүктүү булчуңдары. Ал тургай, эмчеги жана эмчек үрпү убактылуу барсайып, ареоласы пигментацияланышы мүмкүн. Алардын үнү жоноюп, бетине мурут, сакал чыгып, калкан безинин кемирчеги өсүп, безетки пайда болуп, тердин мүнөздүү жыты пайда болот. Эркек балдарда биринчи эякуляция орто эсеп менен 13 жашта болот, бул алардын жетилгендигин жана балалуу болуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгонун көрсөтөт.

Биринчи поллюция (түндө жана эртең менен эрксиз уруктун чыгышы, көбүнчө эротикалык түштөр менен коштолот) 14 жашта пайда болот, ал эми көпчүлүк эркек балдарда 16 жашта кадимкидей эле көрүнүш болуп калат. Балдар көбүнчө муну оору катары кабылдап, тынчсызданышат.

Ошондуктан, ата-эне, эң негизгиси атасы, уулу менен поллюция баштала электе эле сүйлөшүп, бул кичинекей баладан эркекке айлануу менен коштоло турган кадимки көрүнүш экенин, мындан коркуп же уялуунун кереги жок экенин, поллюция абдан көп жана эрксизден кайталанышы, же убакыттын өтүшү менен токтоп калышы мүмкүн экенин түшүндүрүшү керек.

Мастурбация өзгөчө эркек балдар арасында кеңири жайылган. Ата-энелер өспүрүм порно көрүп жатканын көрүп калган болсо, анда, балким, поллюциянын убакыты келип калды.

Өспүрүмдөрдө өсүп жаткан денесинин көлөмүнө жана өзгөрүүсүнө болгон шек сааноолор пайда болушу мүмкүн: "бул нормалдуубу?", "теңтуштарымдыкына салыштырмалуу өтө жай өсүп жаткан жокпу?". Өспүрүмдөр "жаңы дене түзүлүшүнө" көнүшү керек, бул учурда алар көбүнчө эмне кыларын билбей, ыңгайсыз абалга калышат.

Эротикалык либидо калыптанганда, өспүрүм өзүнүн сырткы келбетине кам көрүп, безеткиге каршы косметика колдонуп, жакшынакай жана саркеч кийине баштайт. Башкалардан жактыруу күтөт. Жеке чыгымдарына акча сурайт. Башкача айтканда, ал жакканга аракет кылат. Ата-энеси менен болгон мамилеси ишенимдүү болсо, анда өспүрүм өзү эле баарын айтып берет. Шылдыңдашат деп корксо, сырдуураак болот. Бирок ата-энелер балдары менен ачык сүйлөшкөндө, өспүрүмдүн кимдир бирөөгө ашык болуп калганын түшүнүшөт.

Жаштарда өздүк сексуалдык имидж түзүлөт: алар өздөрүн жыныстык катнашка жөндөмдүү адам катары көрүшөт, бул нерсе эмнеге алар үчүн жагымдуу көрүнүү маанилүү экенин түшүндүрөт. Көбүнчө денесине карата ишенбегендик пайда олот жана көп учурда жагымдуулугунан күмөн санашат. Анын үстүнө теңтуштарын сексуалдык жактан жагымдуу катары кабылдашат. Көбүнчө алар биринчи жолу чындап сүйүүгө кезигишет. Алар бири-бирине тийишип, биринчи мамилелерин куруп башташат. Өбүшүүдө, эркелетүүдө тажрыйба топтолот; петингде дагы.

Көбүнчө өспүрүмдөр сырткы келбетине карата кыйкымчыл болуп калышат, өздөрүнө карата негативдүү сөздөр айтылат: "Мен жаккым келет, бирок четке кагылгандан корком", "Мен уялып жатам, бетимдеги безеткилер көбөйүп баратат", "Мен мамиле кургум келет, бирок эмнегедир андан качам", "Мен андай адамды сүйбөшүм керек экениме ишенем", "Мен татыктуу эмесмин".

Өспүрүмдөр денесин биринчи кезекте сексуалдык жагымдуулугуна карап баалашат. Ошондуктан, алар үчүн денесинин параметрлери жана пропорциялары, терисинин абалы жана жыныстык мүчөлөрүнүн өлчөмү маанилүү болуп саналат. Бул айрым бөлүктөр аларга өтө чоң же кичине, жоон же ичке болуп көрүнөт жана аларды айланасындагылардын баары байкап жаткандай сезилет.

Мындай жогору болгон сезгичтик конфликттик реакцияларды же невроздорду, атүгүл дене дисморфоманиясы жана нервдик анорексия сыяктуу олуттуу реакцияларды жаратышы мүмкүн. Өзүн-өзү баалоо жана өзүн-өзү сыйлоо сезими төмөндөшү да ыктымал.

Бардык өспүрүмдөр денесинде (айрыкча, эркек балдарда жыныс мүчөсүнө байланыштуу, кыздарда сүт бездерине байланыштуу) баары жакшы экенине ишенгиси келет. Анткени, алар дайыма өздөрүн теңтуштары менен салыштырышат! Айланадагылардын, ата-энелердин "мурдуң мындай", "бутуң мындай" деген орунсуз орой сөздөрү өспүрүмдөргө катуу тиет, физикалык жактан кемчилиги бар экени тууралуу ойлорду жаратып, атүгүл, ага болгон күчтүү ишенимди калыптандырат. Өспүрүм өзүнүн денеси жана жүзү жөнүндө түз суроолорду бербесе да, анын мүмкүн болгон комплекстерин ар тараптан жок кылуу керек.

Ата-энелердин милдети - өспүрүмгө андагы жүрүп жаткан өзгөрүүлөр убактылуу экенин түшүндүрүү. Кыздарда кадимки жыныстык жетилүү мезгилинде май массасы пайда болуп, алар семирип жатам деп ойлошот. "Сулуулук стандарттарына" төп келүү үчүн, өспүрүмдөр, айрыкча кыздар, тамак-аштан баш тартып, салмагын азайтуу үчүн фармакологиялык каражаттарга кайрылышат, бул анорексия коркунучуна алып келет: тамактан толук баш тартуу.

Нервдик анорексияга ата-энелер өздөрү себеп болушу мүмкүн: "Эмнеге мынча көп жеп жатасың?", "Менин томпогум!" Жаштар үчүн ар кандай коомдордо жана ар түрдүү маданияттарда ар кандай сулуулук жана жагымдуулук идеалдары бар экенин эстен чыгарбоо пайдалуу болот, андыктан ар бир адам суктануунун объектиси боло алат.

Ата-энелер бул тууралуу өспүрүмдөр менен кантип сүйлөшүп баштаса болот?

Ар кандай жагдайларды талкуулоо үчүн себеп издеңиз. Телевизордон же интернеттеги жаңылыктардан кайсы бир окуяны (буллинг, шылуундар, эрте кош бойлуулук) көрсөңүз, мектепте, шаарда, өлкөдө бир окуя болгон болсо - аны талкуулаңыз. Минтип сураңыз: "Сен кандай ойлойсуң, бул кырдаалдан кантип чыгууга болот эле?"

Эгер балаңыз менен мындай сүйлөшүүдөн майнап чыкпасын түшүнсөңүз, бул темаларды күйөөңүз/аялыңыз, апаңыз, курбуңуз/досуңуз, эжеңиз/агаңыз менен талкуулаңыз. Анан өспүрүм силердин диалогдон жыйынтык чыгарат.

Маалыматты өспүрүмдөр үчүн ыңгайлуу форматта бериңиз. Аларга, азыр секс тууралуу маалыматтын негизги булагы порно эмес экенин, ал жактагы маалыматтар туура эместигин айтыңыз. Керектүү адабияттарды сатып берүүгө жана каалаган тема боюнча компетенттүү макалаларды табууга жардам берүүгө даяр экениңизди билдириңиз. Өзүңүз дагы бул темада боюнча өспүрүм менен бирге өнүгүүгө каршы эмес экениңизди билдириңиз.

Лекция окубаңыз, жогору жактан позиция ээлебеңиз, назик болуңуз, сүйүү жана теңчилик позициясынан сүйлөңүз, катаңызды мойнуңузга алыңыз, бул темадагы кемчиликтериңди айтып бериңиз.

Баланын ыңгайсыз суроолоруна ким жооп бериши керек? Албетте, бала бул суроону узаткан ата-эне.

Сүйлөшүүнү баштоо үчүн варианттар:

  • Менин убагымда сексуалдык тарбия болбогонуна абдан өкүнөм. Биз жеке чектер, коопсуздук эрежелери же дени сак мамилелер жөнүндө билген эмеспиз. Ошондуктан, мен сенде бул маалыматтар болушун каалайм;
  • Мен бир аз тартынып жатам, бул баарлашууну сен үчүн кантип ыңгайлуу кылсам болот;
  • Бул китептерде так мен сенин жашыңда билгим келген нерселер бар, буларды окусаң абдан кубанычта болом. Ал эми кээ бир учурларга байланыштуу мен сенин пикириңди сурап, аларды талкуулагым келет;
  • Мен сенин коопсуздугуң үчүн тынчсызданып жатам. Кел, өзүбүздү ыңгайлуу сезиш үчүн бири-бирибизге кантип кам көрө алабыз чогуу ойлонолу.

Ошондой эле каалабаган кош бойлуулуктан жана жыныстык жол менен жугуучу оорулардан, анын ичинде ВИЧ-инфекциясынан коргонуу жолдору жөнүндө сөз кылуу зарыл.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт