// //

Ар бир адам заараны кармай албай калышы мүмкүн. Көйгөйдү кантип чечсе болот?

2023.04.10, 12:44
1525

Аялдар жана эркектер жашына, жашоо образына карабастан заараны кармай албай калуу көйгөйүнө кабылышы мүмкүн. Бирок анатомиялык өзгөчүлүктөрдөн улам көбүрөөк айымдар жабыркашат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, инконтиненция (медицинадагы аталышы) менен жабыркаган аялдардын 38-44 пайызы 40-60 жаш курагындагылар. Ушул эле көйгөй кыздардын 10 пайызында бар экени байкалат.

Кандай белгилер көйгөйдөн кабар берет?

Зааранын кармалбай калышына ар кандай себептер бар. Кеңири тарагандары – жамбаш булчуңдарынын алсызданышы, ашыкча салмактан улам булчуңдардын чыңалышы, менопауза, кош бойлуулук жана төрөттүн оор болушу, гормоналдык дисбаланс, жамбаш жакка жасалган операциялар.

Зааранын кармалбай калышынын негизги белгилери - жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, стресс абалда болгондо, уктап жатканда же башка себептерден улам аз өлчөмдөгү зааранын чыгышы. Зааранын өлчөмүнө жараша оорунун жеңил, орто жана оор түрү аныкталат. Ошондой эле төмөнкү белгилер зааранын кармалбай калганынан кабар берет:

  • зааранын муктаждыктан тышкары чыгуусу;
  • табарсыкты бошоткондон кийин зааранын тамчылашы;
  • заара чыгаруунун кечеңдеши (адам заара чыгарууга аракет кылат, бирок көзөмөлгө алынган аракеттен бир нече убакыт өткөндөн кийин зааранын чыгып кетиши).

Көйгөйдү кантип чечсе болот?

Баланстуу тамактануу режимин кармануу, дененин салмагын бир нормада кармоо, дени сак жашоо образын түзүү керек. Андан тышкары жамбаштын булчуңдары үчүн көнүгүүлөр алдын алат.

Заара кармалбай калганда эмне кылуу керек?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму инконтиненцияны коомдук мүнөздөгү оору катары тааныды. Бул оору олуттуу медициналык-коомдук маселе болуп саналат, себеби, адам физикалык эле эмес, психологиялык ыңгайсыздыкка кабылат. Бул адамдын өзүнө болгон ишенимин түшүрүп, өзүн чектөөгө алып келет. Мындай учурда дарыгерге кайрылуу керек, ал эми андай көйгөй башталганга чейин атайын прокладкаларды колдонууга болот.

Бирок деген несре да бар. Кыргыздар үй-бүлөлүк шарттагы ыкмаларды колдонгон учурлар аз эмес. Мисалы пахта, марли, кездемелердин кыркындыларын колдонушат. Же болбосо көйгөйдү чечпей эле курчутуп жибереринен шек санабай ар кандай прокладкаларды колдонушат. Мындай категориядагы прокладкалар зааранын жытын жок кыла албайт, анткени бул максатка ылайыкталган эмес. Дагы бир мселе - бул прокладкаларды колдонуунун мөөнөтү 1-2 саат, андан ашык жүрсө дүүлүгүү, кычышуу жана исиркектер пайда болот. Гинекологдор белгилегендей, күнүмдүк прокладкаларды туура эмес колдонуу кандидозду чакырган учурлар аз эмес.

Заараны кармай албай калганда кайсы прокладка жардам берет?

Адистер заара кармалбай калган учурда атайын урологиялык прокладкаларды колдонууну сунушташат. Seni соода маркасы бул көйгөйдү чечүүгө жардам берет. Seni - гигиеналык каражаттар арасында алдыңкы бренддердин бири. Марканын башы 1976-жылга такалат. Анда TZMO таңгыч заводу Польшадагы айымдар үчүн сиңирип ала турган гигиеналык прокладкалардын өндүрүшүн баштаган. Компания айымдардын керектөөлөрүн изилдеп чыгып, товардын түрлөрүн көбөйткөн. Бүгүнкү күнгө чейин TZMO айыз учурунда жана күнүмдүк шартта колдонула турган прокладкаларды гана эмес, урологиялык прокладкалардын бүтүндөй линиясын жана төшөккө жатып калган бейтап үчүн дагы зарыл каражаттарды чыгарат.

Seni прокладкаларынын артыкчылыгы эмнеде?

  • Өзгөчө касиетке ээ - курамында Odor Stop суперабсорбент болгондуктан бактериялардын көбөйүшүнө жана жыттын пайда болушуна бөгөт коёт.
  • Сергектик узак убакытка чейин сезилет.
  • Прокладка ным болгондо да формасын жоготпойт.
  • Атайын EDS катмарынын аркасында нымдуулук прокладканын ичине тегиз жана тез тарайт. Нымдуулук дененин басымы астында да прокладканын үстүңкү катмарына чыкпай, кургак бойдон калат.
  • Бууну өткөрүүчү үстүңкү катмар теринин дем алышына мүмкүндүк берет, бул дүүлүгүп, кычышууну азайтат.
  • Латекс элементтери жок, бул латекске аллергиясы бар адамдар үчүн өзгөчө маанилүү.
  • Кошумча коргоочу элементтерге ээ, ич кийимде бышык кармалат.

 

Маселени чечүүнү кийинкиге калтырбай, адиске кайрылыңыз. Ал эми Seni прокладкалары менен жашоону жайлуу кыла туруңуз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт