// //

Жумуштан келсем апам нан бышыра албаган аялымды кетирип жибериптир

2022.08.13, 13:40
14107

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Редакциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында апасы менен аялынын ортосундагы окуя баяндалат.

"Жумуштан келсем келинчегим жок"

Үйгө келсем демейде тосуп чыкчу келинчегим жок. Апам огороддун башындагы тандырдын жанында отурат. Кызыгып жанына бардым. Оттун күлүнө түшкөн нандарды тазалап жатыптыр.

- Нан жапканды унутуп калдыңызбы?
- Мен эмес, аялың.
- Түшүнбөдүм.
- Нандын баарын убал кылып күлгө түшүрдү.
- Ал көрүнбөйт го?
- Үйүнө кууп жибердим.

Апам буга чейин деле келинчегимдин жасаган иштерин жактырчу эмес. Колунан жула калат, артынан барып аңдып турат дегендей. Акыры кетирип тынган экен.

Аялым менен бир ай сүйлөштүм. Экөөбүз шаардан таанышканбыз. 19 жаштагы студент кыз эле. Үйлөнүү сунушун киргизсем макул болду. Баш кошкондон кийин окуңду кийин улантасың деп айылга алып келгем. Өзүм кошуна байкенин цехинде механик болуп иштейм. Эртең менен кетем, кечинде келем. Бүгүн эле минтип эрте келсем, үйдө ызы-чуу болгон экен.

Телефонуна чалсам албайт. Үйүнө барып келейин десем, “босогомду аттатпайм” деп апам жөнөтпөйт. Эмне кылаарымды билбей калдым. Анын үстүнө баш кошконубузга эки ай боло элек. Бир аял кетирди деген атка конгум келбейт.

Апаман эмне болгонун сурадым. Нан жаса деп айткан экен. Келинчегим жакшы эле от жагып тандырды ысытат. Анан нан жаба албай баарын күлгө түшүрүп алат. Муну көргөн апам айтчусун айтып үйдөн кууп чыгат.

Эмне кылсам болот? Келинчегимди алып келсемби? Бирок баары бир апам экөөбүздү жашатчудай эмес. “Колунан эч нерсе келбеген аял алдың”,-деп кайра мени урушат. Үйгө качан келбейин ызы-чуу. Тажап кеттим. Мага кеңеш бергилечи.

Адистер кеңеш берет

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Алгач сиз үчүн баалуу болгон нерсени аныктап алуу маанилүү. Ар дайым апаңызды угуп, анын каалаганындай жашоо, же үйлөнүп аялыңыз үчүн жоопкерчилик алгандан кийин аны коргоо. Жаш үй-бүлө үчүн өз алдынча жашоо абдан маанилүү. Ата-эне менен жашаган убакытта, ар дайым алардын үйүндө кичинекей бала бойдон каласыңар. Эмне кылуу керек экенин бир гана сиз билесиз. Чечим өз колуңузда. 

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Кадыр Маликов, теолог

Эркек үй-бүлөсү үчүн кудай алдында жооп берет. Ажырашуу же чогуу жашоо чечимин ата-эне же башка бирөө эмес эркек өзү кабыл алат. Көйгөй апаңызда же аялыңызда эмес өзүңүздө. Сиз апаңызга жеке мамилеңизге кийлигишүүсүнө мүмкүнчүлүк берип жатасыз. Бирөөнүн үй-бүлөсүнө кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок. Кимдир бирөө кийлигише турган болсо, анда алардын айткандарын уккан көйгөй сизде. Чечим бир гана өз колуңузда. Баарын таразалап, бир чечимге келиңиз. Шариятка ылайык үй-бүлөсү үчүн эркектин апасы эмес, эркек өзү жооп берет экенин унутпаңыз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт