// //

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

2020.03.03, 16:58
22474

“Көп сүйлөбөй, тур жумушуңа жөнө. Курсагыңды тойгуза кел! Кызым экөөбүз бүгүн дүкөн кыдырып кеч кайтабыз.”

Ушул үйгө келгенден бери бир да жолу “келин” деген сөздү уккан жокмун. Кайын энем ар дайым “кызым” деп кайрылат. Себепсиз кучактап, бетимен өөп турат. Конокко барса жилигин жебей мага көтөрө келет. Өз үйүмдөгүдөй ээн-эркин жүрөм.

Кайын энем үйдө отурганына карабай жасанып жүрөт. Дүйнөнүн атактуу актрисаларына окшош. Кийингени, боенгону, басканы баары өзүнө жарашат. Курбуларынан жаш көрүнөт. Эч качан “карыдым” дебейт. Модадан кем калбайт. Үч айдан бери “скандинавиялык басуу” деген нерсе менен алектенип жатат.

Күйөөм үйдүн ортончусу. Улуу кайын агам менен кайын иним үйлөнө элек. Кайын энем “буйруса дагы эки кыздуу болом”,- деп сүйүнүп калат. Убагында кыздуу болгусу келгенин көп айтат. Бирок, ден соолугуна байланыштуу үчүнчү баласынан кийин дарыгерлер төрөгөнгө тыюу салышкан экен.

Экөөбүз ээрчишип салондорго барабыз. Маникюр кылабыз, кирпик чаптайбыз, чачыбызды жасатабыз. Мага кийим тандап бергенди жакшы көрөт. Чынында эле, кайын энемдин табити меникине караганда алда канча сонун.  Ал эми боюмда бар экенин уккандан бери сууга колумду тийгизбей калды. Менин ордума күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат. Ал бултуңдап таарынып, "мен деле балаңызмын го",-дейт.

Жакында кайын иним үйлөнөөрүн айтты. Өз алдынча бөлүнгөнү турабыз. Кайын энемсиз кантип жашайм билбейм. Өз үйүмөн кетип жатканда мынчалык жаман болгон эмесмин. “Капа болбо кызым, мен силерди тажатканга жетишем. Сен андан көрө бери кара, бул шумпай бир нерсе десе эле мага айт, көргүлүктү көрсөтөм”,-деп жубатат. Күн сайын кудайдан кайын энемдин өмүрүн тилейм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт