// //

Апаман уурданып биринчи аялымдын үйүнө барам

2020.03.04, 14:50
9488

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Экинчи аялым менен чогуу жатпайм"

Ата-энем мажбурлап биринчи аялым менен ажыраштырып, экинчисине үйлөнтүштү. Бул нерсени каалабайм деп аларга түшүндүрө албай койдум. Экинчи аялыман эч нерсе жашырган жокмун: сүйбөй турганымды, аны менен чогуу жашагым келбегенин айттым.

Биринчи никемден эки балам бар. Апам менен экинчи аялым балдарым менен катташтырбайт, барып келейин десем жөнөтүшпөйт. Ошентсе да, үйдөн бекинип чыгып айына 3-4 жолу биринчи аялыма барып турам. 

Экинчи аялым менен чогуу жатпайм, бөлмөбүздү экиге бөлүп койгом. Биринчи аялым жакшы, экинчиси ага жетпейт. Ар дайым уруш чыгарып, мени балдарыман кызганат. “Кармабайм”, “кете берсең болот”, “мен сени бактылуу кыла албайм”, “жообуңду бердим” деген сөздөрдү көп айттым, эч түшүнбөй койду.

Экинчи аялым менен ата-энемдин колунда турабыз, бардык шарттар бар. Ал эми биринчи келинчегимдин турмуш шарты начар, балдарды кыйналып өзү багат, акчага муктаж. Бирок апам бул нерсени түшүнбөй койду, ар дайым үйдө чыр-чатак боло берип ооруп да калды. Мен баары бир биринчи үй-бүлөм менен жашагым келет. Эмне кылсам болот?

Адистер эмне дейт

Мария Самсонова, психолог

Саламатсызбы! Мен эмне кылыш керек экенин билбейм. Узак убакыт бою ата-энеңиз сиздин ордуңузга чечим кабыл алып келген, эми болсо, бирөөдөн бул нерсени кыл деп айтышын күтүп жатасыз. Балким, өз алдынча чоң адамдардай болуп чечим кабыл алууга убакыт келди? Жашоо сиздики, эмне кылуу керек экенин өзүңүз билесиз.

Экинчи никеде жашап жатканыңызды жана эки баланын атасы экениңизди эске алганда чоң кишидей болуп жоопкерчилик алаласыз.

Бир жагынан алып караганда, болуп жаткан окуялар үчүн жоопкерчиликти ата-энеңизге оодарып коюу оңой. Себеби, мажбурлап ажыраштырган, үйлөнтүшкөн деп аларды күнөөлөй берген сизге ыңгайлуу.

Аракет кылбай жүрө берүү – бул дагы тандоо, бул дагы чечим. Сиз ата-энеңиздин айткандарына макул болуп, эч нерсе кылбай эле коюну тандап алдыңыз. Эми бул тандооңуз менен эмне кылуу керек экенин өзүңүз чечесиз.

Жок эле дегенде сизде эки жол бар:

  1. Жеке жашооңузга болгон жоопкерчиликти ата-энеңизге берүүнү жана алар кабыл алган чечимдер менен макул болууну улантуу. Бул жолдун артыкчылыгы  -  ар дайым аларга шылтап, менин бул жерде тиешем жок деп кутулуп кетүү оңой. Кемчилиги – өз жашооңуз менен жашабайсыз.
  2. Жашооңуздун тизгинин колго алуу. Кемчилиги- бирөөнү күнөөлөй албайсыз, жоопкерчилик өз мойнуңузда. Артыкчылыгы –жашооңуздун кожоюну болосуз.

Жакшылап ойлонуп чечим кабыл алыңыз.

Кадыр Маликов, теолог

Негизинен ажырашуу же чогуу жашоо чечимин ата-эне же башка бирөө эмес эркек өзү кабыл алат. Көйгөй апаңызда же экинчи аялыңызда эмес өзүңүздө. Сиз апаңызга жеке мамилеңизге кийлигишүүсүнө мүмкүнчүлүк берип жатасыз.

Шариятка ылайык үй-бүлөсү үчүн эркектин апасы эмес, эркек өзү жооп берет.

Эгер сиз конкерттүү түрдө биринчи никеңизди калыпка келтирүүнү чечсеңиз, анда экинчи аялыңыз менен расмий түрдө ажырашып, ага үч жолу талак беришиңиз керек. Мисалы, “талак” деп айтасыз, баарын жакшылап ойлонуп таразалайсыз. Убакыт өткөндөн кийин экинчи жолу “талак “ дейсиз, дагы ойлонсуз, анан үчүнчү талак сөзүн айткандан кийин артка кайтууга жана никени калыпка келтирүүгө жол жок болот. Андан кийин мамлекеттик мекемелерден ажырашканыңарды расмий түрдө каттайсыз. Экинчи аялыңыз үйүнө кеткиче, белгилүү бир убакыт сиз менен болушу керек. Мисалы, боюнда барбы же жокпу билингиче. Анан ал үйүнө кайтып барат, ал эми сиз биринчи аялыңызга никеге туруу сунушун киргизесиз, баары башынан башталат.

Бул окуя тууралуу так билбейм, ошондуктан жалпы эрежелер жөнүндө сөз кылдым. Эркек үй-бүлөсү үчүн кудай алдында жооп берет. Бирөөнүн үй-бүлөсүнө кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок. Кимдир бирөө кийлигише турган болсо, анда алардын айткандарын уккан көйгөй сизде. Чечим бир гана өз колуңузда. Баарын таразалап, бир чечимге келиңиз. Кандай болсо, баарын ошол бойдон калтырасыз же ажырашып, биринчи никеңизди калыпка келтиргиңиз келсе аракет кыласыз.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт