// //

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

2020.02.24, 17:04
31299

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында жоопсуз сүйүүгө кабылганы айтылат. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.  

Ал менин бүтүндөй өмүрүм

Сыймык экөөбүз балачагыбызда таанышканбыз. Арадан 11 жыл өттү. Бир күн көрбөсөм кадимкидей кыйналам. Кыскасы, мен үчүн эч нерсе кылбаган жигитти сүйөм.

Колума бир тыйын карматпайт. Өмүрү гүл же шоколад берген эмес. Туулган күнүмдө куттуктабайт. Башынан эле бир жерге барып тамактансак баарын мен төлөйм. Ата-энеси бай. Башкаларга акча табат. Мага келгенде эле “тыйыным жок” деп кутулат. Айла жок аны менен жолугуу үчүн акчамды коротконго мажбур болом.

Каалаган нерсесин сатып берем.

Бара-бара акылыма келип, белек бергенди токтоттум. Анын үстүнө мамилебиз сууп баратты. Ортодон беш жыл сүйлөшпөй калдык. Башка бир жигит менен тааныштым. Сүйөөрүн айтып колумду сурады. Бирок, аны да, өзүмдү да бактысыз кылгым келген жок. Сүйө албай койдум. Кол үздүк.

Бассам-турсам оюмда Сыймык. Унутайын деп канча аракет кылдым. Болбоду. Кайрадан табыштык.

Жумушумдан чет өлкөгө эс алууга жөнөтүшмөкчү болушту. Сыймыкка кетип жатканымды айтсам, “мен да барам, билет алып берип тур, акчасын берем” деди. Макул болдум. Барган күндөн тартып тамагы, жаткан жери, жол киреси менин мойнумда. Тыйыны жок окшойт деп ойлодум. Кайтып келатканда толтура акчасы бар экенин көрүп калдым. Унчуккан жокун. Кыскасы, Сыймыкты өз акчама эс алдырып келдим. Баары бир катуу сүйөт экенмин.

Менден уялат окшойт. Чогуу түшкөн сүрөттөрүбүздү интернетке жүктөтпөй койду. А мен кыйналып акчам жок жүрсөм да аны ойлоп, айтканын алып берем. Канча ирет "болду, жетишет" дейм, Сыймыкты көрсөм кайра эле акылымды жоготуп коем.

Башкага турмушка чыксам каршы эмес экенин айтат.

Сыймыктын жубайы болгум келет. Бирок, жазсам жооп бербейт, чалсам анан өзүм чыгам деген бойдон жоголуп кетет. Эмне кылсам болот? Күндө ыйлай берип депрессияга чалдыктым. Колумдан келгендин баарын жасадым. Мен анын жубайы болгум келет. 

Адис кеңеш берет

Асель Баимбетова, психолог

Урматтуу окурман! Ортоңордогу мамиле – бирөөгө көз каранды болгон, нормалдуу эмес мамиле деп айтылат. Сиз бул мамиледе ал жигитке кызмат кылууга даяр болуп, курмандыктан ролундасыз. Мунун жыйынтыгы жакшы нерсеге алып барбайт, себеби өзүңүздү унутуп, ага кызмат кылуудасыз. Убакыттын өтүшү менен сизде өтө катуу ачуулануу пайда болушу мүмкүн. Анткени ал адамдан эч нерсе алалган жоксуз, берип гана жатасыз.

Таанышканыңарга 11 жыл болуптур, балким бул сүйүү эмес, жөн гана адат.

Ал жигитке айым катары кызыксыз экениңиз, сизди жөн гана колдонуп жатканы көрүнүп турат, ал мунун баарын өзү көрсөтүүдө. Сиз аларды байкабаган сыяктуусуз, кайра эле жагынып жатасыз. Ал сизди кызыктыргандай, сиз ага кызыктуусузбу? Алдыда көңүл калуу күтүп турушу мүмкүн. Сиз жок болсоңуз ал адамга баары бир.

Бул нерседен арылуу үчүн психологго жазылыңыз. Анын эмнеси сизди тартып жатканын билүү керек. Балким айрым сапаттары жакындарыңызды эсиңизге салат, ошондуктан балалык байлануу болуп жатышы мүмкүн.

Акча коротпойт экен, белек бербейт экен, ошентсе да жубайы болууну каалаганыңызды жазыпсыз. Эч нерсе бербегенине же көлөкөсү, кызматчысы болууга карабастан, ага турмушка чыгууга даяр болсоңуз, ал сиздин тандоо. Бирок, никеге эки тараптын тең каалоосу керек, бирөөнүкү жетишсиз.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам "тур, үйүңө жөнө" десе, апам “келиниме сүйлөбө" дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
24.02.2020, 17:33

Turmushka chygyp korunuz oahol bala mn jashap korunuz.Kanynyzdy sorup janynyzdy kyinap azapka salganda anan sizdin suyuunuzdun kanchalyk kot ekenin korosuz.Adamga azap kerek okshoit tushunush uchun keede kyzyk ele janbyz adamdar.Sizdikib suyuu dep eseptebeym.Jon gana kapriz

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
24.02.2020, 23:28

Сени сүйгөндү уу болсо да жут 

Сүйлөгөндү бал болсо да унут

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт