// //

Төрт балам бар экенин билген кайын энем башыма жоолук салбай койгон

2022.06.24, 16:15
25431

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Талант экөөбүз кафеде тамактанып отурганбыз. Апасы чалды. Айткандары угулуп жатты.

- Ай, желмогуз! Кыз таппай калдыңбы? Эрден чыккан катынды эмне кыласың?

- Апа, мен баары бир айтканымдан кайтпайм.

- Башыңды айлантып алган да. Дөөрүбөй отур. Атаң сүйлөшөм дейт. Үйгө кел.

- Барбайм. Баягы күнү сүйлөшкөнүбүз жетет. Бир жумадан кийин алып барам. Тосуп албасаңар өзүнчө жашай беребиз.

- Элге шерменде кылдың! Сүйүүң менен куруп кет!

- Апа!

- Бизге небере керек. Бирди төрөгөндөн кийин аның карып калат. Же эмне, бирөөдөн тапкан төрт баласын алдыбызга салып бергени турасыңбы?

- Апа, мен Гүлназды сүйөм. Кандай түшүнбөйсүз!

Апасы телефонду басып койду. Унчуккан жокмун. Түшүнүп турам. Бир да эне үйлөнө элек уулуна төрт баласы бар келинди алып бергиси келбесе керек.

Таланттан жети жаш улуумун. Күйөөм каза болуп калган. Төрт балам бар. Улуусу бешинчи класс. Өзүм чакан тигүү цехин иштетем. Турмушка чыгайын деген деле оюм жок болчу. 

Жайында бир фирмадан форма тигүүгө буйрутма түштү. Кабыл алдым. Ишкананын жетекчиси менен жолугуп, деталдарды сүйлөштүк. Буйрутманы убагында бүтүрдүк. Алып кеткени эки жигит келди. Бирөөсү Талант болчу.

Экөөбүз эски тааныштай бат эле тил табышып кеттик. Баары качан башталганын билбейм, бири-бирибизден ажырай албай калдык. Башында сезимдеримден уялдым. Талант менен болгон мамилемди ата-энемден жашырып жүрдүм. Жадакалса, балдарымдын алдында өзүмдү күнөөлүү сездим.

- Талант, эмнеге келдиң?

- Ата-энеңден колуңду сураганы.

- Азыр эмес дебедим беле.

- Мен сени менен болгум келет.

- Ата-энеңчи? Жалгыз уулуна мендей аялды ыраа көрөбү?

- Ал өзүмдүн ишим.

Атам экөө көпкө сүйлөшүп отурушту. Тоскоол болгон жокмун. Акыры экөөнү тең макул кылып кетти.

Айылга түндө кирип бардык. Дене боюм дүркүрөп жатты. Босогосун аттар замат алдыман кайын энем чыкты. Акшыя карап коңшу бөлмөгө кирип кетти. Жанындагы аялдар мени көшөгө тартылып турган бөлмөгө алып киришти. Ызы-чуу башталды. 

- Эже, коюңуз антпеңиз.

- Салбайм жоолукту! Шерменде десе! Уялбай кирип келгенин.

- Жалгыз уулуңдун тапканы экен. Өзү келди дейсиңби.

- Кой Майраш, антпе, жүр.

- Барбайм, чыгып кетсин көзүмө көрүнбөй!

- Майраш, ачууга алдырып балаңан айрылып калба!

Ачуу сөздөрдү угуп эки саат бир бөлмөдө жалгыз отурдум. Акыры кайын энем келип жоолугун салып чыгып кетти.

Айылда көпкө турган жокпуз. Шаарга келип батирге чыктык. Ар жуманын аягында кайын-журтуман кабар алганы айылга барабыз. Цехке жакшы материал келгенде атайын кайын энеме деп көйнөк тиктирип көтөрүп алам. Мага болгон мамилеси баягындай эле суз. 

Бир күнү барсак, кайын энем мен тигип берген көйнөктү кийип жүрүптүр.

- Балдарың жакшыбы?

- Жакшы апа.

- Эмкиде ала кел.

- Макул.

Кийинки жумада төрт баламды жетелеп бардым. Кайын атам менен кайын энем алар менен божурашып отурушту. Өзгөчө тили жаңы чыгып келаткан кичүү кызым баарынын боорун эзди. Кокустан, кайын энем чай ичип отурган балдарыма “биз силердин чоң ата, чон апаңар болобуз”,- деди. 

Учурда улуу балам студент. Каникулга чыкса эле, "жардам берип келейин деп айылга чоң энесине" жөнөйт. Кичүүлөрү аны ээрчип таарынышат. Талант экөөбүз эки кыздуу болгонбуз. Балалуу үй базар болуп эле жатып калдык. 

Азыр ойлосом, баарына Таланттын өжөрлүгү менен туруштук бериптирбиз. Эмне деген гана сөздөр айтылган жок. Талант ар дайым мени коргоп, мен тарапта болду, "сени жана балдарыңды бактылуу кылам" деген сөзүнө турду. Колумду катуу кармаган бойдон кое берген жок.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем бир туруп бутум, бир туруп башым дей берип тажатты

Кайын энем “эмнеге келиниме өтүк алып берген жоксуң” деп күйөөмдү урушту

Келиним үйдөн сөз ташып жүргөнүн ата-энем билбейт

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Той өткөргөн кошунам 125 литр шорпосун көчөгө төгүп коюпт

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт