// //

Маршруткадагы чоң апа баласын урушуп келаткан эжеге 3 кеңеш айтты

2022.06.16, 16:05
25623

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Маршрутка. Тыгын. Кетпеген жерден тер кетип баратабыз. Люк ачылганы менен аба кирбейт. Элдин баары нерв.

Аялдама. Жашы ортолоп калган эле аял, кичинекей кызын жетелеп түштү. Киргенде эле кызын урушуп жаткан. Барган сайын күчөдү. Толтура эл карап турат. Эч ким оозун ачпады.

Кызы мектебине ыр жаттап барыш керек болчу экен. Жаттабай калыптыр. "Ушу эки сап дагы алдыгы мээңе кирбейби", "кийин сени окутпайм", "сени күйөөгө эле берип салыш керек", "мээң иштейби", "айт дагы" ж.б. 

Чыдабай кеттим. "Эже" дегиче, алдыда отурган кемпир сөзүмдү бөлдү. 

"Айылымдан өнүккөн шаарды көрөйүн деп келсем, эмнегедир артка кетип бараткандай. Кызым, жаш балага ушунча тирештиң, айланайын, жашооң жакшы элеби? Урушар кишиң ушу секелек кызыңда болдубу? 

Кызым, кечир, сөзүңөргө аралашып жатам. Бирок, сенде уят барбы? Сен деген энесиң, алдыгы кызыңдын алдында желмогуз көрүнбө. Карачы, секетиң кетейин, сенден коркуп турат. Корккон кишини сыйлабайт, билесиңби муну. Кызың дагы чоңоет кызым. Карыганда жалгыз калба.

Келегой кызым, кел мен чоң апаң болом."

Кичине кызды алдына алды. Көз жашын аарчып, пакетиндеги бир алманы кармата салды. 

"Ырын жаттабаса эмне болуптур. Ыр баланын көңүлүнөн бийик болдубу. Ушу ата-энелер өз көйгөйүңөрдү балаңардан чыгарганды токтоткулачы. Силер бактысыз болсоңор, балаңар бактысыз болушу керек эмес. 

Кызыңды окутпайм, күйөөгө берем, өз алдынча кылбайм деп жатасың. Эң чоң үч катаны айттың. Азыркы учурда кыздарды болушунча окутуш керек. Күйөөгө бергенге эч качан шашпаш керек. Өз алдынча кылып чоңойтуш керек. 

Кызыңдын канатын кыркпа кызым. Ачууң келип жатса баладан чыгарба. Тескерисинче, балаңды келип кучакта. Анын жүрөгү таза, заматта көйгөйлөрүңдү унутасың. А сен секетим ыйлаба, апаң болгону капа болуп калыптыр.

Мен балдарыма бир дагы катуу айткан эмесмин. Азыр мына, күн алыс үйлөрүнө чакырып, кетиргилери келбей сыйлап турат. Азыр балдарым кыркка чыгып калды. Барган сайын окугула, билим алгыла деп турам. Аларга бир дагы жолу күйөөгө тийишиң же аял алышың керек деп айткан эмесмин. Окугула гана дечүм."

Маршрутка тынч. Баары баштарын ийкеп калды. Аял түшүп кетти. Унчуккан жок. Аз өтпөй чоң апа дагы түшүп кетти. Ошо. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт