// //

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

2020.07.16, 19:12
138960

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Демейде оңою менен кыз жактырбаган "дерзкий" элем"

Чачты тегиздеттим. Сакал-мурутту алдым. Тишти жуудум. Байкемдин адеколонун себиндим. Ак көйнөгүмдү үтүктөп кийдим. Колума саат тагындым. Тойго баратат деп ойлоп калдыңарбы? Кайдан, дүкөнгө туз алганы эле чыккам. Бир жумадан бери ушинтип жасанып калгам. Эмнеге дебейсиңерби? Жаңы келген сатуучу кыз  жүрөгүмдү ээлеп алды.

- Койкоңдоп эле күзгүдөн чыкпай калдың. Ушу мени жакында келиндүү кылат окшойсуң, э?

- Апа коюңузчу.

- Койбой этпей эле. Ким аның?

- Кийин айтам.

Демейде оңою менен кыз жактырбаган "дерзкий" элем. Сүйүүгө кабылгандан кийин кадимкидей уялчаак жигитке айландым. Үйдөгүлөр бул темада сөз башташса эле, бетим кызарып, дем жетпей кетет. Алар кебетимди көрүп каткырышат.

Мен аны ичимен “келинчегим” деп алгам. Өзү мага тиерин деле билбейт. Жадакалса, жактырып жүргөнүмдөн кабары жок. Тартынып, айта элекмин. Телефон номерин араң таптым. “Салам”, жок “привет”, же “кандай” десемби? Жүз жолу кат жазып кайра өчүрдүм. “Отправить” дегенди басайын десем колум титиреп, тамагым кургап, тердеп чыгам. Эх, сүйүү жаман кыйнады го. Кыялымдагы "келинчегим", качан реалдуулукка айланат экен.

- Туз бересизби?

- 15 сомдугунбу же...

- Кымбатын?

- Сизден жыйырма сом.

- Мына, рахмат.

- Келип туруңуз.

Болду ушул бир мүнөткө жетпеген сүйлөшүү үчүн эки саат жасандым. Эми эртең эмнеге келсем экен?

Бара-бара кадимкидей аны кызганчу болдум. Бир жолу көчөдөн бир жигит менен сүйлөшүп баратканын көрүп калдым. Ким билет, балким тууганы же таанышы. А мен кызганычтан өрттөнүп кеттим. Жанына барып “бул ким” деп сурайын дедим. Бирок, эрким жетпеди. Тууй ата, ушунча коркок экенимди билген эмесмин.

- Дос, куш бооң бек болсун!

- Кел, кел кир.

- Айттырбай эле үйлөнүп алыпсың.

- Э дос, аяшыңды бир көрөрүм менен сүйүп калдым. Бактымды колдон чыгаргым келген жок. Артынан чуркап жүрүп, акыры макулдугун алдым. Кел, бул бөлмөгө өт.

Көшөгөнү ачсам “келинчегим” күлүп-жайнап отурат. Мына сага сюрприз...

Түн. Жол. Оюнчугун алдырган жаш баладай бышактап ыйлап баратам. Эрктүү болсом баары башкача болмок экен. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт