Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет кайын эженин баянын жарыялайбыз.
"Келиним сүйүктүү жумушумду кайтарып берди"
- Сок!
- Тур! Тур!
- Ой, азамат!
- Кач, кач, кач!
- Тууй, ата!
Дарбазаны ачсам үйдөн ушундай үндөр угулду. Деги булар сообу? Шашып-бушуп бутумду чечип кирдим. “Апа!” Эч ким жооп берген жок. Төркү бөлмөгө өтсөм... Мына шумдук! Атам менен жаңы алган келинибиз бокс көрүп отурушат. Мени байкашкан да жок. Экранды карасам, жанагы Конор беле, ошо бирөө менен беттешип жатыптыр. Апам бейкапар төшөк тигип отурат.
Апам: Каным? Сенби?
Атам: Келегой, кызым.
Келиним: Төргө өтүңүз эже.
Апам: Азыр, бир аз отура тур, анан чогуу чай ичебиз.
Атам: Бул беттешти бүтүрүп коелу.
Келиним: Ооба, эже, бир аз эле калды.
Конор утту. Атам менен келиним “бешти берчи” деп кол алышып сүйүнүштү. Анан чай ичкени жөнөдүк.
Үйгө келин алгандан бери келе элекмин. Минтип бир жума төркүлөп кетейин десем, кызык окуяга күбө болуп отурам. Кайын ата менен келиндин ортосундагы достукту биринчи жолу көрүшүм. Сүйлөшкөндөрү бүт бокс. Кайдагы “приемдорду” айтышат. Же анысын түшүнсөм өлөйүн. Апам дагы аларга кошулуп алыптыр. Үчөө отуруп алып Хабибди, Конорду сүйлөшүшөт.
Атам убагында машыктыруучу болчу. Жол кырсыгына кабылып, бир бутун сылтып калган. Анан жумушунан чыгарып жиберишти.
Жашырганда эмне, башында депрессияга түшүп ичип кеткен. Кийин “айла жок” деп тагдырына баш ийип, ал адатын таштады. Бирок, мурдагыдай эмес, маанайы суз болуп калган.
Азыр көздөрү жайнайт. Эмнеге дебейсиңерби? Келинибиз коллегаларынын, туугандарынын жана кошуналардын бокско кызыккан балдарын чогултуп атама алып келиптир. Атам болсо, сарайдын бир бөлмөсүн зал кылып оңдоп, жумасына үч жолу сабак бере баштаптыр.
Атам: Ээ, кызым, анын эмнесин айтасың, келиним сүйүктүү жумушумду кайтарып берди. Ал болбосо, эмне кылмакмын билбейм. Сарайды оңдоо, окуучуларды табуу, бүт ошонун идеясы. Азыр окуучуларымдын саны көбөйүп, чоңураак зал издеп жатам.
Апам: Атаң, оорусун унутуп калды. Потолокту тиктеп эле жатчу эле, азыр жөн отурбайт. Окуучулары келгиче, залын тазалап жүрө берет, кечинде көздөрү жайнап үйгө келет. Мени эркелетип койгонуна эмне дейин.
Келиним: Кичинемден бокско кызыкчумун. Бирок атам менен апам, кыз кишиге ошол болмок беле, деп залга алып барбай коюшту. Ошондо аябай ыза болгом. Балким, азыр дүйнө чемпиону болуп калмакмын, ким билет.
Атам (кайын атасы) менен апам (кайын энеси) болуп сүйлөшүп отурганбыз. Сөздөн-сөз чыгып отуруп, балалык кыялымды айттым. Экөө тең сонун кыял экенин айтышып, боксчу болбой калганыма аябай кейишти. Эх, ата-энем ушулардай болсо кана. Кайын атам “кызым, өзүң үчүн үйрөнүп ал” деп “приемдорду” көрсөтө баштады. Чынын айтканда атамдын (кайын атасы) машыктыруучу болчу экенин билген эмесмин. Азыр кичинекей балдарга кошулуп сабак алып жатам. Ишенесизби, эже, ушунчалык бактылуумун!”
Ата-энем, иним, келиним күлүп-жайнап чай ичип отургандарын көрүп ичим жылыды. Эртеси ушундай сонун маанай менен үйүмө жөнөдүм.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим
Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум
Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр
Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду
Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат