// //

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

2020.08.12, 13:03
52963

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. Бул ирет күйөөсү балалуу болгусу келбеген айымдын каты менен адистин кеңешин жарыялайбыз. 

"Тойго барганда чогуу отурбайт, “семизсиң” деп менден уялат"

Күйөөм боюмда бар экенин билсе эле алдыртат. Ошон үчүн кичүү кызымды дагы айтпай жүрүп төрөп алдым. “Семирип кеттиң, фитнеске жазыл”,-деп, сегиз айга чейин байкаган эмес. Деги эле балалуу болгусу келбейт. А мен беш баланын энеси болууну кыялданам.

Өзүм эки бир тууганмын. Бирок, байкемдин мени менен иши жок. Акча керек болгондо гана эстейт. Жалгыздыктан тажадым. Балким, ошон үчүн көп балалуу болгум келет.  

Улуу балам онунчу, экинчиси сегизинчи класс, кызым жетиге чыкты.

Мен азыр 42демин. Дагы боюмда бар. Эч кимге айта элекмин. Мындан бир жыл мурун кош бойлуу болчум. Күйөөм ичимдеги балдардын эгиз экенине карабай, жетелеп барып алдыртып салды. Ыйлаган бойдон калдым. Ошон үчүн муну жашырып жүрөм.

Жакында жети жаштагы кызыма айттым. Аябай сүйүнүп, ичимди өпкүлөдү. Байкушум, сүйүнүчү койнуна батпай атасына айтып коюптур. Күйөөм, “чочкодой болуп төрөй бересиңби?!”,- деп жаман сөздөр менен урушту. Алдырбасам ажырашарын айтып кетип калды. Кудайга шүгүр, турмуш-шартыбыз жакшы. Мен өзүм дагы иштейм. Анан эмнеге мындай кылат?

Уулумду төрөгөндө суукка карабай больницадан үйгө чейин жөө алып барган. Элестеткиле, төртүнчү төрөт үйүнөн 10-микрорайонго чейин жаңы төрөлгөн баламды көтөрүп, халатчан барганмын. Кызымды төрөгөндө да келбей койгон. Айла жок байкеме чалып, алып кет дегем.

Балдарым жетим калбасын деп эле жашап жүрөм.

Сөгөт, басынтат, тойго барганда чогуу отурбайт, “семизсиң” деп менден уялат. Өзүм комузда ойнойм, ырдайм. Анан тойдон өнөрүмдү көрсөтсөм, үйгө келип алып, “эмнеге бузулган катындай болуп ырдайсың, бийлейсиң” деп ызы-чуу чыгарат. Ажырашканга макул болоюнбу? Айткылачы, суранам! Ажыраша турган болсом, үйдөн чыгып, балдарды алып кете беришимди айтты.

Балдары менен иши жок, жадакалса туулган күндөрү менен куттуктабайт. Кызым “мындай атанын кереги жок” деп ыйлайт. Уулдары дагы атасынын кандай адам экенин билип калды. Айлыгын бербейт. Үйгө продукту алып келбейт. Эртең менен кетип, түн ортолоп келет. Кайда жүргөнүн сурасам, “отчет алба” деп бакырат. Ушунча жыл ушул адам менен жашаганыма өкүнөм. Аял катары жакшы сөз угуп, бактылуу болуп жашагым келет.

Адис эмне дейт

Асель Баимбетова, психолог

Чынында сурооңуз түшүнүксүз. Мындай караганда өзүңүз эле баарын жакшы түшүнүп жаткандай сезим калтырды. Жазганыңызга караганда, тойдо ырдагыңыз келсе, ырдайт экенсиз, төрөгүңүз келсе, төрөйт экенсиз, “балдарым үчүн жашагым келет” дедиңиз, жашап жатасыз. Демек, күйөөңүздүн оюна карабастан, өзүңүз каалаган нерсеңизди ишке ашыра аласыз, башкача айтканда, баарына өзүңүз таасир бере аласыз.

Бул жерде кимдики туура жана кимдики туура эмес деген суроо эмес, а ортоңордогу ишеним тууралуу болуп жатат. Тилекке каршы, силерде бул нерсе жок. Күйөөңүз өзү каалаганын кылат, сиз да ошондой кыласыз.

Балким, азыр, 40 жылдан кийин, кантип жашадым, эмнеге жеттим? - деген сыяктуу, жыйынтык чыгарып жатып, күйөөңүздүн жылуу мамилеси жетишсиз болгонун байкадыңыз. Бул нерсени угуу өкүнүчтүү, сизге боорум ооруп турат.

Үй-бүлөңүздү сактап калгыңыз келсе, анда жашооңуздун жакшы жактарын карап чыгыңыз. Кош бойлуу экениңизди эске алыңыз, балким, гормоналдык фондун негизинде катуу реакция кылып жатасыз.

Эгер мындан ары чыдап жашаганды каалабасаңыз же ажырашкыңыз келсе, анда бул сиздин укугуңуз, эч ким ага кийлигише албайт, жашоо сиздики.  Мен сизге жакшылап ойлонуп, шашпай чечим чыгарууну сунуштайм. Биринчи аман-эсен көз жарып алыңыз, анткени ажырашуу бүт үй-бүлө үчүн, өзгөчө балдар үчүн чоң стресс. Төрөт алдында өзүңүзгө кам көрүңүз.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт