// //

Бөлөмдүн бул сөзүнөн кийин аракты таштап, жаңы жашоо баштадым

2022.03.29, 15:31
21185

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Апам чалды. "Бөкүштү (аты өзгөртүлдү) скорый алып кетти! Тез кел!" Достор менен сайрандап отургам. Кантип жетип барганымды билбейм. Операцияга алып кирип жатышыптыр. Адаттагыдай кызуу элем. Мени көрүп сүйүнүп кетти.

- Баары жакшыбы? Эмне кишини коркутуп?

- Баягы эле ашказан да. Эгер аман калсам, болду жаңы жашоо баштайм. 

- Баягыда эле баштайм дебедиң беле?

- Мунусунда точно баштайм.

Бүгүн кыркылыгы. 

Боз үйдүн түбүндө башымды жерге салып отурам. Экөөбүз качан жолукпайлы, сөзүбүздүн аягы "жаңы жашоо баштайм" деп бүтөт эле. Бирок, сөзүбүзгө турбайт элек. Мына минтип, жашаганга жетишпей калды. 

Өзүмө канча жолу сөз бердим. Ичимдиктен алыстайм, алыстайм деп. Жок, аялым менен ажырашуу дагы жашоомду бура албады. 

Мен эле эмес, баарыбыз ошондой экенбиз. Чынбы? Моюнга алгыла... Өмүрүбүз күтүү менен өтөт тура. Балдар чоңойсун анан дейбиз, кредит бүтсүн анан дейбиз, үй бүтсүн анан дейбиз, машина алалы анан дейбиз... Аягы жок.

Бүттү. Карыганда деле токтотпойт экенбиз. Оорум бүтсүн анан дейбиз. Небере чоңойсун анан дейбиз... Аягы жок.

Качан! Качан жашайбыз. Ошентип өтүп кетет турбайбызбы. Анан деген сайын бүтпөйт тура. 

Башымды мыкчып ыйлап жаттым. Анан деп жүрүп жашоого жетишпей калган бөлөмдү эстедим. Көрсө учур менен жашаш керек тура. Нан жок болсо дагы, кара чай ичип сүйүнүп, жамгырдан ырахат алып, азыркы, бүгүнкү күн менен жашаш керек тура. 

Жакындарым аман. Алар менен сүйлөшүп, азыр жашаш керек тура. Мен азыр жашоону чечтим. Баягы мен жок. Мен өзгөрдүм. Бөлөмдөй болуп жашай албай калгым келбейт. 

Ар бир күнүмдөн ырахат алам. Балдарым менен көп сүйлөшчү болдум. Туугандарга жакындадым. Атүгүл Актөшкө дагы убакыт бөлө баштадым. Жөн гана анын башын сылап койгондо сүйүнөм. Мен азыр жашап калдым. Бир келчү жашоомду, анан менен бүтүргүм келбеди. Толтура майда нерселер бар экен. Мен дем ала баштадым. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт