// //

Бул 5 тамакты уктаар алдында жесеңиз, аш кылалбай кыйналасыз

2022.02.10, 15:50
2968

Салам достор! Бүгүн биз силерге сонун маалымат айтып беребиз. Диетологдор түндө кыйналбай мамырап уктагыңыз келсе, анда бул 5 продукту жатар алдын жебеңиз дешет. Алар кайсы экенин төмөндөн окуй аласыз. 

1. Капуста

Ооба, баарыбыз эле брокколи менен түстүү капуста организмибизге керектүү витамин менен минералдарга бай экенин билебиз. Ошентсе дагы, капуста көпкө сиңирилгендиктен, уктаар алдын аны жебей эле койгон туура. Сиз уктаганга аракет кылсаңыз, организмиңиз тиги капустаны сиңиргенге аракет кылат. Экөөң тирешип отуруп кыйналасыңар. 

2. Томат соусу

Кечки тамакка томат пастасы кошулган тамак жебеңиз. Ал С витаминине, темирге бай болгону менен, ашказанда кислатанын көлөмүн жогорулатат. Уктап жатканда кекирип, зарна болуп, эки жака оодарылып кыйналасыз. Томат соусун эң аз дегенде уктаардан 3 саат мурун жеш керек. 

3. Кара шоколад

Диетологдор кара шоколад пайдалуу, аны диетада отургандар деле жесе болот дешет. Бирок аны кечинде жебегенге аракет кылыңыз. Себеби курамында кофеин бар. Ал эми кофеин уйкунун душманы. 

4. Ачуу тамактар

Ачуу тамактарды зарна кылып, кекиртип, ичти барсайтканы аз келгенсип, дененин температурасын көтөрүп, нерв системасын дүүлүктүрөт. Натыйжада түнү менен көзүңүздү ачып жатасыз. 

5. Эт азыктары

Колбаса жана эт азыктарын түндө гана жебестен, деги эле азыраак колдонгонго аракет кылуу керек. Ашказан үчүн булар өтө оор, кеч сиңирилет. Анын үстүнө алардын курамындагы тирамин заты нерв системабызга дагы таасир берет.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бул 5 адаттан арылбасаңыз кедей болуп калышыңыз мүмкүн

Бул 4 китепти окусаңыз акчаңызды башкарып, бай болгонду үйрөнөсүз

Кредит алгандан кийин карызга батпайм десеңиз, бул тесттен өтүңүз

Кредитти төлөй албай калганда эмне кылуу керек? 5 кеңеш

 

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт