// //

Бул 10 белги бооруңуз ооруйт экенинен кабар берет

2021.10.31, 16:01
4512

Салам достор! Бүгүн биз силер менен боор оорусу - цирроздун белгилери жана алдын алуу жолдору менен кенен бөлүшөбүз. Кеттик анда. 

Цирроз – гепатит жана өнөкөт аракечтик сыяктуу боор ооруларынын айынан боордун клеткалары өлүп, анын ордуна бара-бара ткандын жайылып өсүп чыгышы.

Мисалы, ашыкча спирт ичимдиктерин колдондуңуз дейли. Бул учурда бооруңуз  өзүн калыбына келтирүүгө аракет кылат. Анын натыйжасында ткандар пайда болот. Цирроз күчөгөн сайын ткандар көбөйүп, боордун иштешин кыйындатат. Жыйынтыгында өмүргө коркунуч туулат. 

Келиңиз эми белигилерине өтөлү

Эң өкүнүчтүүсү, цирроз боордун көп аймагын жабыркатмайынча эч кандай белги бербейт. Өтүшүп баштаганда гана төмөнкү симптомдор байкалышы мүмкүн:

  1. Чарчоо, уйкусуроо
  2. Оңой эле кан агуу же көгөрүү
  3. Табитти жоготуу
  4. Жүрөк айлануу
  5. Буттун же тамандын шишүүсү
  6. Арыктоо
  7. Теринин жана көздүн саргайышы, теринин кычышуусу, алакандын кызарышы
  8. Териде жөргөмүш сымал кан тамырлардын чыгышы
  9. Курсакка суюктуктун топтолушу (асцит)
  10. Аялдарда, климакс болбосо деле, этек кирдин келбей калуусу. Эркектерде, жыныстык каалоонун жоголушу, эмчек бездеринин чоңоюшу  же урук безинин атрофиясы ж.б.

Эгерде сизде жогоруда саналып өткөн белгилердин бирөөсү болсо, дарыгерге тезинен барыңыз. 

Төмөнкү кадамдарды жасоо менен цирроздун коркунучун азайта аласыз:

  • Спирт ичимдиктерин ичүүдөн алыс болуңуз.
  • Туура тамактаныңыз. Мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга бай рацион түзүңүз. Майлуу жана куурулган тамактардын санын азайтыңыз.
  • Денедеги ашыкча май боорго зыян келтире турганын билиңиз.
  • Гепатитти жуктуруп албоо үчүн, коргонуу чараларын колдонуңуз. 

Маалымат сизге пайдалуу болсо, комментарийге жүрөкчө калтырыңыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт