// //

Бул 4 китепти окусаңыз акчаңызды башкарып, бай болгонду үйрөнөсүз

2022.01.20, 10:59
4758

Эгер акчаңызды башкарганды үйрөнүп алсаңыз, карызга батпай, кредит албай, жумушсыз калгандан коркпой каласыз. Бүгүн бз сизге финансылык сабаттулугуңуз үчүн 5 китеп сунуштайбыз. Бул китептерди 400-500 сомдун тегерегинде сатып алсаңыз болот. Же электрондук вариантта дагы таба аласыз.

Джордж Клейсон, "Самый богатый человек в Вавилоне"

Жөпжөнөкөй сонун китеп. Эконоикалык, бухгалтердик татаал терминдер жок. Жеңил анан бат окулат. Ананчы, болгону 160 бет. Кирешеңизди туура бөлүштүрүп, карыздан чыгып, инфестиция кылуунун жолун билесиз. 

Иоаким де Посада, "Не набрасывайтесь на мармелад"

Жөнөкөй тил менен жазылган чакан чыгарма. Бай киши өзүнүн айдоочусуна акчаны башкаруу боюнча кеңеш берет. Айдоочусу ал кеңештерди колдонуп көрөт. Ал эми анын кантип өзгөргөнүн китептен окуй аласыз.

Бодо Шефер, "Путь к финансовой свободе"

Шефер акча жөн эле жерден келе бербейт деп эсептейт. Бирок аны көбөйтүү үчүн жаныңды карч уруп иштөөнүн дагы кереги жок. Болгону китептеги 4 кадамды аткаруу керек.

Вики Робин, "Кошелек или жизнь"

Автор окурмандан дароо эле минтип сурайт: "Акчаны сиз башкарасызбы же акча сизди башкарабы?" Андан кийин кантип  айлыктан айлыкка жашоону токтотууну жөнөкөй жана так түшүндүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Моника Беллуччи: Сулуулук аял үчүн эки учурда көйгөй жаратышы мүмкүн
Анджелина Джоли: Эриндерим сүйүктүүмдү өбүү үчун керек экенин кийин түшүндүм

Конфуций: Артыңан сөз кылышса, демек сен алдыда баратысың

Илон Маск: Көл жээкте эс алып жатууга рагасыз болсом, наркоман болуп кетмекмин

Мерилин Монро: Мен жакшынакаймын, бирок ашынган сулуу эмесмин

Аялың жаркырап турса үйүң да жарык, кабагы түйүлүп турса караңгы түн түшөт

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт