// //

Бул 5 адаттан арылбасаңыз кедей болуп калышыңыз мүмкүн

2022.01.25, 11:43
15549

Чынында капчыкты бош калтырган адаттардан арылуу абдан кыйын. Бирок аракет кылса берекет дегендей, өзгөрүү эч качан кеч эмес. Андыктан, сизди жакырчылыкка жетелеген адаттарды тизмектеп чыгып, алардан арыла баштаңыз. 

Жоопкерчилик алуудан качуу

Ар дайым акча жетишпеген жашоодон чыгуу үчүн, адегенде "баарын өзгөртөм"  деп чечкиндүү чечим кабыл алышыңыз керек. Чечим кабыл алып гана койбостон, аракетти баштоо зарыл. Андан кийин ой жүгүртүүңүзгө көңүл буруңуз. Мисалы, бул суроого жооп бериңиз. Бирөө кымбат машина алса сүйүнөсүзбү же ата-энеси бай же уурдап алды деп ойлойсузбу? Оюңуз таза болсо абдан жакшы. Ал эми кара ойлор сизди ылдыйга тартат. Мындай учурда ой-жүгүртүүнү түп-тамырынан бери өзгөртүү керек. Сиз жаш бала эмессиз, бирөөнү күнөөлөгөндү токтотуп,  жашооңуз үчүн жоопкерчиликти алыңыз.

Калп эле бай болуп көрүнүү

Эгер калп эле эл көзүнө көрүнүш үчүн кымбат буюмдарды сатып алгандардын катарында болсоңуз, анда жакырчылыктын үңкүрүнө түшүп баратасыз. Мүмкүнчүлүгүңүзгө карап иш кылыңыз. iPhone көтөрүп, бирок курулдаган курсак, толгон кредит жана карыздар менен жүргөндүн эмне пайдасы бар. Элге көрүнүү үчүн гана буюм, кийим сатып алууну токтотуңуз. 

Үнөмдөй берүү

Көпчүлүк "үнөмдөсөм эле жакырчылыктан чыгам" деп ойлошот. Албетте, үнөмдөө ар бир адамга пайдалуу болгон сонун адат. Бирок бир кичинекей нерсе бар: кирешени көбөйтпөстөн эле үнөмдөй берүү менен акчанын тартыштыгынан кутула албайсың. Андыктан, жетпей жатабы кошумча киреше издеңиз. Болбосо, арзаныраак кийим, азык-түлүк алганыңыз менен акчаңыз көбөйүп кетпейт.

Убакытты ушакка кетирүү

Башкаларды ушактап, билип-билбей туруп эле алар таза эмес жол менен акча таап жатканын айтуу, бирөөлөрдүн жашоосун талкуулоо – жакшы адат эмес. Ойлонуп көрүңүзчү, балким сиздин чөйрөңүз пессимисттерден турат? Чөйрөңүздү өзгөртүңүз. Сизди артка тарткан адамдардан алыс болуңуз. Ушак угуп, айтып, телефон чукулагандын ордуна жаңы билим алыңыз. Жашоодо белгилүү бир бийиктикке жете алган адамдар менен баарлашууга аракет кылыңыз. 

Таштандыларды чогултуу

Эскирип, ыргытууга туура келип калган буюмдарды чогултуу - кедейликке жетелеген дагы бир адат. Көп адамдар бузулган буюмдарды, туура келбей калган кийимдерди, кандайдыр бир жабдуулардын түшүнүксүз бөлүктөрүн, инструкцияларын жана гезиттерди, идиштерди ж.б. сактап жүрө беришет. Жаңы буюм сатып алуу үчүн, аларга орун керек. Ошондуктан, үйүңүздү таштандыдан арылта баштаңыз: бирөөгө бериңиз, ыргытыңыз, сатыңыз, колдонбой калганыңыздын баарын жоготуңуз. Жашооңуз үчүн чындап керектүү нерселерди гана калтырыңыз.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бул 4 китепти окусаңыз акчаңызды башкарып, бай болгонду үйрөнөсүз

Кредит алгандан кийин карызга батпайм десеңиз, бул тесттен өтүңүз

Кредитти төлөй албай калганда эмне кылуу керек? 5 кеңеш

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт