// //

Кредитти төлөй албай калганда эмне кылуу керек? 5 кеңеш

2021.10.26, 11:39
2376

Салам достор! Мен Азамат Солпуев “Айыл Банк” АККнын насыяларды кайтаруу бөлүмүнүн башчысы болом. Бүгүн силерге кредитиңерди төлөй албай калганда банк кандай аракеттерди көрөрүн айтып берем. 

1. Ачык болуңуз

Кардар алган насыясын төлөй албай калганда, банк менен ачык болуп кызматташууга барса, банк колунан келген жардамын көрсөтөт. Ар бир банкта бул сыяктуу маселени чечүүчү бөлүмдөр бар. Алар иштин чоо-жайын иликтеп чыгып, кардарга бир канча сунуштарды айтышат. 

2. Досторуңуздан же туугандарыңыздан акча алып туруңуз

Банк карызын төлөй албай кыйналып жаткан кардардын каржы булактарын тактайт. Эгер туугандарынан акча алып туруу мүмкүнчүлүгү бар болсо, кийин кайтарып берүү шарты менен аны колдонууну сунуштайт. 

Кредитти төлөй албай калганда банк дароо күрөөдөгү мүлктү алууга шашылбайт. Бардык маселени сотко жеткирбей, сүйлөшүү тартибинде чечкенге аракет кылат.

3. Төлөмдөрдүн графигин карап чыгууну сураныңыз

Кардар банк менен ачык болуп, жагдайын толук түшүндүрсө, банк төлөмдөрдүн графигин карап чыгып, белгилүү бир убакытка чейин акы төлөөнү узартып, кредиттик каникул берет.

4. Күрөөдөгү мүлккө кардар табыңыз

Кардардын күрөөдө турган үйүнөн башка кыймылдуу же кыймылсыз активдери жок болсо, банк айткан сунуштар жакшы жыйынтык алып келбесе, банк кардарга күрөөдөгү мүлкүнө өзү кардар табуусун сунуштайт. Жыйынтыгында, үйдү сатып, арзаныраак башкасын алып, ортодогу айырманы карызга берет. 

5. Сот отурумуна даяр болуңуз

Насыяда берүүдө банк менен кардар ортосунда келишим түзүлөт. Эгер эки тараптуу аракет жыйынтык бербесе, келишимге ылайык иш сотко жөнөтүлөт. Бирок, бул эң акыркы кадам болуп саналат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт