Аялымдын менден башка дагы күйөөсү бар экен деп ойлогонума өкүнөм
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Мен кинодогудай бир окуяга туш болгом. Азыр эстеп каткырам. Ошол убакта үйгө жеткиче шашкам. Анда, силер дагы окуп, бир күлүп алгыла.
Командировкага шаарга кеткем. Ал жакта бир айдай болдум окшойт. Азыркыдай кол телефон жок. Почтага барып, үйгө чалып кабар алам. Аялым жаңы эле төрөгөн болчу. Балам экөөнө кабатыр болуп, тиги жарып берип кеткен отундарым жетет бекен деп уктабай чыгам. Айылга жөнөй турган кишилерди издеп, тапкан тыйындарымды берип жиберем.
Ал убакта автобустар каттайт эле. Түнкүсүн жолго чыктым. Ичи толтура эл. Артта бир орун бош экен. Барып отурдум. Бир жигит уктап келатыптыр. Отурсам ойгоно калды. Учураштык. Жолду кыскартып сүйлөшө кеттик.
- Кайда баратасың?
- Командировкам бүтүм айылдагы келинчегиме жөнөдүм.
- Аа жакшы. Мен дагы айылдагы сүйгөнүмө баратам.
- Сүйгөнүм дейсиңби?
- Ооба, жакында үйлөнөбүз. Баласын өз баламдай кабыл алам. Мен аны ушунчалык жакшы көрөм.
- Баласы барбы?
- Ооба, ажырашкан. Мен өзүм аны баркына жеткенге аракет кылам. Айдайымды сүйөм.
- Айдай? Менин келинчегимдин аты дагы Айдай.
- Меники мугалим болуп иштейт. Сеникичи?
- Мугалим болчу. Азыр үйдө бала менен.
- Экөөбүз бир ай мурун таанышканбыз. Кой тиги дүкөндөн түшүп, Айдайыма таттуу алып алайын. Макул.
- Макул.
Ишенгим келген жок. Бирок, менин келинчегим болуп калсачы деген ойлор келе баштады. Кызгандым. Ыйлагым келип үйгө жеткиче шаштым. Келсем, бешиктеги балам менен келинчегим уктап жатыптыр. Ох, дедим дагы сыртка чыктым. Дарбазаны кулптабай чуркап кирдим эле. Көчөдөн тиги жүргүнчү өтүп баратат.
- Сен бул үйдө жашайсыңбы?
- Ооба.
- Менин сүйгөнүм тиги ылдыйдагы айылда. Дагы көп басам. Макул.
- Макул.
Эшикти жаап алып каткырып кирдим. Эртең менен аялыма айтсам анын дагы боору эзилди.
Азыр үч баланын ата-энесибиз. Командировкага кетип баратканда аялым өткөндү эстетип тамашалап калат. Мен дагы тамашалап, азыр антип шашып келбейм деп коем. Бултуңдап чыгат. Бетинен өбөм. Заматта таарынычы тарайт. Айдайым менин.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык
Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым
Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр
Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур
376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым