// //

Күйөөм эмнеге кызыбызды "садикке" алып барбаганын айтып көз жашымды агызды

2021.12.24, 13:42
21610

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Экөөбүз мыкты ата-энебиз деп айта албайм. Көп ката кетиребиз. Кээде кызыбыз бар экенин унутуп, жумушка кирип кетебиз. Апам бала бакчадан чалып жатышканын айтып жазганда, такси чакырып чуркап жөнөйбүз. 

Кээде өзүбүздү кармай албай, кызыбыздын көзүнчө урушуп киребиз. Тостойгон эки көзүн көрүп, айласыздан кайра ымдашып, көздөрүбүз менен урушабыз. Ата-эн6е болуу мынча кыйын.

Бирок, биз кызыбызды кыйнабайбыз. Мындай кыл же андай кылба деп тыюуларды салбайбыз. Урушуп, кол көтөрбөйбүз. Суроолоруна жооп берип, эмне жакшы, эмне жаман экенин айтабыз. Анын досу болгонго аракет кылабыз. Бирок, ошол дагы аябай кыйын.

Жумушка шашып кетип бараткам. Күйөөм жумушуна кеч бармак. Кызыбызды "садикке" таштап кой деп чыгып кеттим. 

Үйгө келсем экөө мультик көрүп, жыйналбаган кребеттин үстүндө чипсы жеп жатышат. Үй чачык. Төшөктөр эки жакта жатат. Ачуум келди. Эмнеге төшөктөрдү жыйнабай, үстүнө тамак жеп отурушканын айтып сүйлөнүп кирдим. Күйөөм мени ашканага жетелеп барды.

"Жаным, кызым экөөбүз бүгүн сонун күн өткөрдүк. Аны буза көрбө. Билем, ачууланып жатасың. Бирок, менин жумушка, анын "садикке" барбаганына себеп бар. 

Мышылдап уктап жатканын көрүп ойготкум келбеди. Эшик суук, байкуш кызым үшүп калат дедим. Боорум ооруп, жок дегенде бүгүн алып барбай эле коюну чечтим. Жумушумдан сурандым. Кызым экөөбүз бүгүн эч нерсе кылбай, жаткан жерибизде калууну чечтик. 

Ооба, шейшептерди чипсы кылып булгадык, печенье дагы жегенбиз. Үкүмдөрү толтура. Бирок, экөөбүз сонун күн өткөрдүк. Дал ушундай "моменттерден" кызыбыздын жашоосу куралат. Дал ушундай "моменттер" анын эсинде калат. Мунун жанында бир күн "садикке" барбай коюу эч нерсеге татыбайт."

Көз жашым агып жатканын байкаабй калыптырмын. Кийимдеримди алмаштырбастан мен дагы алардын жанына кошулудум. Мультфильм көрүп, шейшептерге үкүм таштап печенье жеп жаттым. Мынча сонун.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Качан күйөөгө тиесиң? - кыжырга тийген суроолордун лидери.

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт