// //

Апама өзүңүзгө кийим алыңыз деп акча берсем, бул кишиге алыптыр

2021.12.23, 16:53
20442

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Апам ай, мынча боорукер. Бирок, анын ак көңүлдүгүн эч ким баалабайт. Ушул нерсеге ичим күйөт. 

"Балдарым жесин" деп, өзү жебейт. Эсимде, бир жолу жумушунан бир кесим торт көтөрүп келди. Анда, колубузда жок эле. Байкем экөөбүзгө бөлүп берди. "Сизчи?" десек ток экенин айтты. Жеп алып ойногону сыртка чыгып кеттик. Куурчагымды унутуп калыпмын. Кайра алганы кирсем, апам тарелкада калган торттун үкүмдөрүн жеп отуруптур. Мен ошондон кийин өзгөрдүм. 

Атам кайда дейсиңерби? Ошол бизге дагы кызык болчу. Иштебейт, ичип келет, уктайт, бизден талашып тамак жейт, кайра жоголот. Апам ай, "Эл эмне дейт?" деген нерсенин туткунунан чыга албады. Атамды күтүп жашады. Атам каза болгондо апамдын кулагындагы эки алтын сөйкөнү көрбөй калдым. Атам апамдан башка эч кимге кереги жок болчу экен.

Шаарга келип тытынып окудум. Иштеп да жүрдүм. "Кызым, эс алсаңчы" деп кабатыр. Эс алалбайм. Сизге жакшы күн көргөзмөйүн эс алалбайм. 

Кыш эле. Шаарга келген. Анда мен студент. Чогулткан акчаларымды берип, "апа үстүңүзгө куртка, анан сапожка алып алыңыз" дедим. Ыраазы болуп сүйүндү. Айылга салып жибердим. Эртеси чалып сурадым. "Кызым, капа болбо. Менин пальтом бар. Келинимдин курткасы жок экен. Байкушум үшүп калбасын деп ага сатып алдым." Апам ай. Ак көңүлдүгү ай.

Ачуум келди. Байкем алып бербейби дедим. Байкемдин жумушу жакшы болбой жүргөн. Кайра аны аядым. "Келиниме." Апамдын экинчи сөзү эле ошол. Убагында балдарым деп жашады. Эми келинин ойлоп басып жүрөт.

Апам катуу ооруп бейтапканага түшүп калды. Жумушумду таштап айылга жетип бардым. Врачтар абалы оор экенин айтышты. Баары апамдан көз каранды экенин кошумчалады. Дарыларын алып берип коюп, үйгө кийимине келгем. Жеңемдин ыйлаган үнү угулат. Карасам Апамдын керебетине отуруп алып, апам алып берген курткасын кучактап ыйлап отуруптур. Мени көрүп, "апам өзү кийбей мага алып берди эле" деди. Экөөбүз кучакташып ыйладык. Апам жакшы болуп кетерин айттым. 

Бүгүн апам бейтапканадан чыгат. Баарыбыздын маанайбыз сонун. Апам ооруну жеңе алды. Жеңем таң эрте туруп боорсок бышырып, дасторкон даярдады. Байкем апамды алып келди. Неберелери аябай сагыныптыр. Чоң апалап жатып калышты.  Апам төрдө отуруп "ушул күн дагы келет" экен деп көзүнө жаш алды. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Качан күйөөгө тиесиң? - кыжырга тийген суроолордун лидери.

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт