// //

Күйөөмдүн телефонунан бул сүрөттөрдү көрүп жүрөгүм "шуу" дей түштү

2021.11.09, 14:37
17610

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жыл өткөн сайын ортобуздагы сүйүү кайдадыр жашынып алды. Аны издегенден эринип монтондуу жашоого кирип кеттик. Балдардын курсагы, окуусу деп жүрүп, жаштыгыбыз кантип өткөнүн байкабадык. Босогодо илинип турган күзгүгө көрүнбөй калганыбызга көп болду. Жанына жеткенде башыбызды жерге салып өтүп кетебиз. Чындыкты бетке караган оор. Ак чачтар, бырыштар, нуру өчкөн көздөр...

- Балдардын курсагы токпу?

- Ток.

- Мектебинде баары жакшы бекен?

- Жакшы?

- Кайда жүрүшөт?

- Кайда болмок эле, көчө таптап жүрөт да бир жерде.

Экөөбүз ар дайым ушинтип сүйлөшөбүз. Кээде ал суроо берет, кээде мен дегендей. Чочун кишидей унчукпай чай ичип, жумуштарыбызга жөнөп кетебиз. Түнкүсүн арты карап ойго жата бермей адатыбыз бар.

Кучакташуу, өбүшүү, колтукташып басуу дегенден уялабыз. Базарга барсак бири-бирибизден эки метр узакта жүрөбүз. Бир сыйра урушуп, маршруткага түшкөндө эки башка орундукка отуруп алабыз. Мындай карасаң күлкүлүү, жаш баладан айырмабыз жок.

- Апа? Апа? Апаа?

- Ой, баары жакшыбы? Туалтке дагы жөн отургузбайсыңар.

- Атам телефонун унутуп кетиптир. Бирөө чалып жатат.

- Азыр барам.

Коллегасынын номеринен чалып, балабыздан берип жиберишимди айтты. Уулумду убара кылбай, жумушума баратып таштап коеюн дедим. Маршруткада кармалап келаткам. Зеригип кетип ичин ачтым. Галереясына кирсем балдарыбыздын машинасынын, атүгүл Актөштүн сүрөтү бар экен. “Меники жок го”, байкабай сыртыман сүйлөп жиберипмин. Жанымдагы эже таң калып карап койду.

“Жашоомдун жарыгы” деген папканы көрүп калдым. Ичим шу дей түштү. Ачтым. Менин шилекейим агып уктап жаткан сүрөтүм чыкты. Балабызды жуунтуп жатканым, базардан ысып, кызарып морожный жеп келатканым, маршруткада шилекейим агып уктаганым, бутумдун боосун байлап отурганым, кошуна келиндер менен сүйлөшүп турганым, каткырганым, кызым менен мультфильм көргөнүм ж.б. Байкатпай мени тартып сактап жүргөн тура. Ыйладым. Жумушуна барбай, кайра артка кетип калдым. Анан баламды жөнөтүп жибердим.

Кечинде келгенде эч нерсе деген жокмун. Тамак ичип бүтүп жатканга камына баштадык. Жуунуп келгиче күйөөм уктап калыптыр. Акырын жанына жатып кучактадым. Бир маалда колумду өзүнө тартып өөп койду. Биринчи жолу жүрөгүм тынч уктадым. Эртең менен башкача адам болуп ойгонорубуз анык болуп калды.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт