// //

Бойго бүтүрбөөчү каражаттардын артыкчылыктары жана кемчиликтери

2021.09.02, 15:28
2955

Bilesinbi.kg Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчисинин орун басары Жамийла Усуповадан күтүүсүз кош бойлуулуктан сактоочу жасалма каражаттар жөнүндө сурады.

Күтүлбөгөн кош бойлуулуктан сактануунун эки ыкмасы бар: табигый жана жасалма. Бүгүн мен силерге жасалма контрацепциялардын артыкчылыктары жана кемчиликтери жөнүндө айтып берем. Ал эми табигый сактануу жолдору тууралуу бул жерден окуп алсаңар болот.

 

Бойго бүтүрбөөчү таблеткалар

Артыкчылыктары. Ишенимдүүлүгү жогору, жеткиликтүү жана жөнөкөй. Айыз циклин көзөмөлдөөгө жана жөнгө салууга жардам берет, этек кир келген учурдагы оорутууну жана кан жоготууларды азайтат. Таблеткаларды ичүүнү токтоткондон кийин, организм бойго бүтүрүү жөндөмдүүлүгүн тез арада калыбына келтирет.

Кемчиликтери. Күн сайын ичип турбаса бойго бүтүп калат. Баш ооруну, жүрөк айланууну жана башка симптомдорду пайда кылышы мүмкүн. Сейрек учурда, ашыкча салмактуулукка алып келет. Жаңы төрөп, эмчек эмизген аялдарга алты айдан кийин гана ичүү сунушталат.

Спираль

Артыкчылыктары. Жогорку натыйжалуулукка ээ. Бир жолу 5 жылдан ашуун убакытка салынат. Эмчек эмизүүгө таасирин тийгизбейт. Алып салган соң, бойго бүтүү жөндөмдүүлүгү тез арада калыбына келет.

Кемчиликтери. Аял толук текшерүүдөн өткөндөн кийин гана дарыгер тарабынан коюлат. Инфекция киргизүү, жатындын сыртынан бойго бүтүү коркунучун жогорулатат. Жатын көңдөйүнөн түшүп калышы ыктымал. Өзгөчө, биринчи жылы ичтин төмөн жагы ооруп же көп өлчөмдөгү айыз келип, аз кандуулукка чалдыктырышы мүмкүн.

Контрацептивдик пластырь

Артыкчылыктары. Натыйжалуулугу узак убакытка жетет (айына 1 жолу чапталат), күн сайын колдонууну талап кылбайт. Гормондор тери аркылуу акырындап сиңирилет. 

Кемчиликтери. Пластырь чыгып кетиши, ошондой эле апликация чапталган жер аллергия болушу мүмкүн. Жай мезгилинде дененин ачык бөлүктөрүнөн көрүнүп калат. Этек кир ортолоп калганда баш ооруну, кан аралаш агындыларды пайда кылышы ыктымал.

Мини-пили

Артыкчылыктары. Эмчек эмизген энелер колдоно алат. Оортуп келген айызды, фиброздук-кистоздук мастопатияны, эндометриозду дарылоочу касиетке ээ. 

Кемчиликтери. Күн сайын ичүүнү талап кылат. 

Презерватив

Артыкчылыктары. Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялардан коргойт, колдонууда жөнөкөй, жеткиликтүү, рецептсиз сатылат.

Кемчиликтери. Жыныстык катнаш учурунда айрылып же жылмышып кетиши мүмкүн. Сексуалдык сезгичтикти төмөндөтөт. Аллергияны козгошу ыктымал.

Спермициддер

Артыкчылыктары. Узак убакыт бою колдонууга болот. Контрацепциянын башка түрлөрү менен жакшы айкалышат. 

Кемчиликтери. Куйгандан кийин ар бир жыныстык актынын алдында 10-15 мүнөттүк аралыкты сактоо зарыл. Жыныстык катнаш аяктаганда, жыныс мүчөнү ошол замат жуубаш керек. Жыныс кынынын былжыр челдери дүүлүгүшү же химиялык каражатка аллергия козголушу мүмкүн.

Контарцепциянын ылайыктуу түрүн тандоо үчүн дарыгерге кайрылып кеңеш алгандан уялбагыла! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт