Табигый контрацепция: календардык ыкма жана лактациялык аменорея
Bilesinbi.kg Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчисинин орун басары Жамийла Усуповадан күтүүсүз кош бойлуулуктан сактоочу табигый каражаттар жөнүндө сурады.
Күтүлбөгөн кош бойлуулуктан сактануунун эки ыкмасы бар: табигый жана жасалма. Бүгүн мен силерге табигый контрацепция, тактап айтканда лактациялык аменорея жана календардык ыкма тууралуу айтып берем.
Лактациялык аменорея
Лактациялык аменорея - төрөттөн кийин алгачкы 6 ай баланы эмизип жаткан учурга жарай турган убактылуу ыкма. Төмөнкү шарттарды аткарганда гана натыйжалуу болот:
- аялдын этек кири келе элек;
- 6 айына чейин балага кошумча тамак бербей, күнү-түнү эмчек гана эмизет;
- баласынын жашы 6 айга жете элек.
Бул шарттардын бирөөсү гана аткарылбаса, бойго бүтүп калышы ыктымал. Мисалы, аял баласын төрт айына чейин эмизип, кийин кошумча тамак берүүгө өтсө, бала эмчекти көп эмбей калса, анда 4 айдан кийин эле аял кош бойлуу болушу мүмкүн.
Календардык ыкма
Бул табигый ыкма бойго бүтүп калуу үчүн “коопсуз” жана “кооптуу” күндөрдү аныктайт. Этек кири үзгүлтүксүз, туруктуу келген аялдар колдоно алат.
Ай сайын календарга айыз күндөрүн белгилеп турушу керек. Кээ бирөөлөрдүн менструалдык циклы 24, айрымдарыныкы 31 күнгө созулат. Ошондуктан айым, циклин жатка билүүсү зарыл.
Этек кир келген күнүн эсептеп, овуляция күндөрүн (кайсы күндөрү жыныстык катнашка барбашы керек экенин) гинеколог так айтып берет.