// //

Төрт жаштагы кызымдын алдында уялып жерге кирип кетейин дедим

2021.05.02, 15:43
12843

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир атанын эненин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Эмнеге башка балдардай эмес? Куурчак же шоколад сураса болбойт беле? Көйнөк деле сатып берет элем го... Эмнеге!?

Башымды мыкчыган боюнча отурдум. Келинчегим келип тамакка чакырды. Барган жокмун. Кызымдан уялдым. Кекиртегимден тамак өтпөйт эле. Мен азыр деген боюнча сыртка чыгып кеттим. Көчө аралап багытсыз басып жүрө бердим. Үйгө баары уктап калганда келдим. Анда дагы кире албай, башымды мыкчып эшиктин алдында отурдум.

Көзүн кантип карайм? Эми кантип кучктап эркелетем?  Келинчегим чыкты. Жаныма келип отурду. Колун далыма койгондо кармана албай ыйлап жибердим. Тизесине жатып алып “мен өзүмчүл болдум, силерди ойлободум, мен өзүмчүл болдум, кечиргиле, мен оңолом, сөз берем, кызымдын сүйүүсүн кайтарып алам, күлкүсүн катйрып алам...” ыйлай бердим, ыйлай бердим, ыйлай бердим...

Жумуштан айдап жиберишти. Өзүм күнөөлүүмүн. Убагында барбай, эптеп-септеп бүтүрүп, сыртта кесиптештерим менен сүйлөшүп отура берчүмүн. Эгер мурдагыдай тырышып иштесем, жакын арада жетекчинин орун басары болот элем. Азгырыкка туруштук бере албадым.

Эки кредитибиз бар. Бул айда аны төлөй албай калдым. Албетте пайызы көбөйдү. Машинамды саттым. Келинчегимдин тапканы тамактан артпайт. Үйдө күн сайын акча үчүн уруш. Жумуш издеп, абалдан чыккандын ордуна биринин үстүнө бир карыз алдым. Иче баштадым.

Аялымдын чыйпылыктап ары-бери чуркайт. Тапканын эмнеге жеткирерин билбей ыйлайт. А мен ичип жүрдүм. Үйгө келгенде жөн жатып албай, ызы-чуу салып, себепсиз бакырам. Колума тийген нерсени алып ыргытам.

Бир жолу байкабай кызымдын мамалагын ыргытып алдым. “Мишкада эмне күнөө” деп мени жаман көрүп карап, жерде жаткан оюнчугун алып кучактап, басып кетти. Унчуга албай туруп калдым. Төрт жашта, болгону төрт жашта...

Жакында туулган күнү. Адаттагыдай ичип алып келдим. Сыртта куурчактарын жуунтуп отуруптур. Демейдегидей болуп чуркап келип бетимден өпкөн жок. Башын көтөрүп караган дагы жок. Жанына барып, туулган күнүнө эмне алып берейин деп сурадым.

- Мен каалаган нерсе сатылбайт.

- Эмнеге сатылбайт. Азыр бардык нерсени сатып алса болот.

- Ал сатылбайт.

- Айт кызым, айтагой, сатылат. Мен табам.

Башын көтөрүп карады. Көз карашы башкача кайгылуу, бирок, курч эле.

- Мага ичпеген ата сатып берчи.

- Эмне?

- Таба аласызбы?

- ...

Жообумду күтпөй, куурчактарын көтөрүп алып үйгө кирип кетти. Сыйымды жоготконумду билдим.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт