// //

Кайын энелердин баары желмогуз эмес экенин турмушка чыкканда билдим

2021.04.28, 13:05
2990

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Турмушка чыкканыма үч жылдай болуп калды. Буюруса жакын арада биринчи балабызды колубузга алабыз. Кош бойлуу болгонумду уккандан бери кайын энем асманда учуп жүрөт. Жолдошум жалгыз уул, биринчи небере дегендей.

Турмушка чыккыча кайын эне “желмогуз", "жез кемпир” деген сөздөрдү көп укчумун. Менден биринчи күйөөгө тийген курбуларымдан кайын энесин мактаган бир ооз сөз уккан эмесмин. Баары эле “башында жакшы, кийин чыныгы жүзү көрүнөт”, дешет.

Келгениме үч жылдай болуп калды, кайын энемден жаман сөз уга элекмин. Эми жашоо да, кээде түшүнбөстүктөр болуп турат. Бирок, эч качан мага сөзүн тийгизбейт. Жай олтуруп түшүндүрүп коет.

Bilesinbi.kgге келин менен кайын эненин окуялары чыкканда аябай сүйүнүп окуйм. Бирок комментарийлерде көпчүлүгү ишене бербейт го...

Мен да апам экөөбүздүн жөнүндө айтып берейин. 

Жаңы келгенде апам менен сүйлөшкөндөн тартынчумун, коркчумун десем деле болот. Анткени аябай сүрдүү киши. 

Тамактануу учурунда, “жаагың басылбай эле сүйлөчү элең го, сага эмне болгон" деп жолдошум тамашалайт. Анда апам “сүйлө кызым, сүйлөй кой, эмне жөнүндө сүйлөшөлү” дейт.

Жолдошум жумушуна кеткенде апам сөзгө тартат. Туура эмес сүйлөп, жаман көрүнүп калбайын деп үй иштерин кылып жүрө берем.

Бир күнү чай ичип олтурсак:

- Мен сага бир окуя айтып берейинби?
- Макул айтыңыз.
- Кайын атаң менен кантип баш кошуп калганым кызыктуу болобу?
- Албетте, айта бериңиз.

Көрсө, апам атамды теңине алчу эмес экен. Бир күнү курбу кызы бир жерге чакырат. Барышса бир айылдык бала дагы келет. Курбумдун жигити го деп сылык мамиле жасап коюптур. Ошентип андай жоолугушуу төрт-беш жолу кайталанат.

Баса, апамдын кесиби мугалим. Жумуштан бүтүп келе жатса баягы жигит алдынан чыгат. “Мен сени жактырам, мага турмушка чыкчы” дейт. Апам “сен Жылдыздын жигитисиң да, бар ошого барып айт бул сөзүңүдү” деп коет. Атам жолун тосуп туруп алат. “Ошондо азыр сен мени Москвич менен өз үйүңө алып кеткени жатасыңбы?” десе, атам “ооба, туугандар даярданып сени күтүп жатат” дейт. “Мен Москвичке түшпөйм, Жигули айдап кел” деп басып кетет.

Бир топ убакыттан кийин Жигули менен үйүнө келет. Анда апам, “эмне куру кол келдиң, гүл ала келбейт белең” дейт. Атам кечинде гүл издейт. Эптеп таап келип, анан апамды алып кетиптир.

- Мен тамашалап жатат го деп аябай ойногом. Көгөрүп жүрүп мени алып алган.
- Иий, түн ичинде гүлдү кайдан тапты экен? Атам жакпаса деле кете бердиңизби?
- Кантип жакпасын. Адамдык сапаты жогору киши болчу. Анан да мага жетүү үчүн аракет жасап жатпайбы. Эгер аракетчил адам болбосо кайра келбейт болчу.
- Аныңыз туура. Атамды жакшы текшерүүдөн өткөргөн турбайсызбы.

Каткырып күлүп олтурсак, жолдошум кирип келип:

- Үй жанданып калган го. Эмне апам атам менен таанышканын айтып бердиби?

Анда апам:

- Ооба, келегой чай ичели.

Ошондон кийин апам экөөбүз сырдашып, сүйлөшүп калдык. Атам менен таанышкан окуясын айткандан тажабайт.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем менин тамагымды төгүп, кошуна келиндикин мактап жеп жатыптыр

Эмнеге күйөөм 15 жыл бою сүйөм деп айтпаганын кийин билдим

Кайын энем “нормальный” келиндер оорубаш керек” дегенде жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт