Кайын энем “нормальный” келиндер оорубаш керек” дегенде жашоом өзгөрдү
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Температурам так канча экенин билбейм. Бирок, денем ысып, терим куюлуп жаткан. Кадам таштаганды бери кой, дем алганга шайым жок эле. Ошентсе дагы басып бараттым. Акыркы күчүмдү топтодум. Өзүмдү кудум согуш талаасындагы жарадар жоокердей сездим. Ал кезде мен жөн гана бактылуу болууну чечкем.
Артыман чуркап, өмүр бою кам көрөрүн айтып, сүйүүсүн арнаган баягы күйөөм жок. Себепсиз кызганат, отуруп алып мээмди жейт, ачуу сөздөрү менен ыйлатат. Чыркырап чындыкты айтсам дагы, кайын энемдин калпына ишенет. Бир жаштагы балабыз чарчап калгандан кийин ал үйдө, жок үй эмес, ал тозокто жашоо болбой калды.
“Сенин айыңан” деген сөздү бир күндө жүз жолу угам. Тынч отуруп чай иче албайм. Жумуштан үйгө, жок үй эмес, тозокко баргым келбейт. Кайын энем дарбазадан чыгып алып, “ай, тез бас, жумуш күтүп калды”,-деп көчөнүн баарына бакырат. Уялганымдан жерге кирип кетким келет. Баса, күйөөм барбы же жокпу билинбей деле калды. Түнү менен көчөлөп жүрөт, ичет, кумар оюнун ойнойт, тапканын баарын ошол жакка салат. “Кел, ачык отуруп сүйлөшөлүчү” деп диалогго чакырсам сөгөт.
Баламдын кийимдерин жыттап жатчу адат таап алдым. Акыры ооруп калдым. Бирөөсү басып келип суу бергенге жараган жок. Кайра, “жалпыйып жатабы”, “тамак даяр эмеспи”, “кирлер толуп кетиптир”, “ай, турбайсыңбы” ж.б. дешти. Эң жаманы кайын энемдин сөзү болду: “Нормальный” келиндер оорубаш керек!”
Акыры келин эмес, адам болууну чечтим. Жетишет! Мен силердин кызматкериңер эмесмин! Жетишет! Мен адаммын! Жетишет! Мен бактылуу болууга татыктуумун! Жетишет! Менин дагы укутарым бар! Жетишет! Бирөөдөн эч жерим кем эмес! Жетишет!
Тозоктон чыгып кеттим. Сүйлөнгөн боюнча кала беришти. Аттиң, адамдар оңолбойт тура, “себиңди бербейбиз” дешкенде, айласыздан каткырдым.
Апей, кой, мен турайын. Эскини эстегиче кызым менен күйөөм күтүп калды. Бүгүн кафеге барып тамактанмакпыз. Атайын жумуштан эртерээк суранып чыктым. Тигине экөө мага кол булгалап жатат. Кызымды көтөрүп турган жолдошумдун көзүнөн мага болгон сүйүүсү жанып турат. Бактылуумун.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык
Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым
Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр
Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур
376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым