// //

Кайын энем менин тамагымды төгүп, кошуна келиндикин мактап жеп жатыптыр

2021.04.27, 16:05
4740

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

"Апа бул эмне кылганыңыз?" Экөө мени колу менен көрсөтүп каткырышты. Мен байкуш унчукпай шыпыргыга жөнөдүм. Төгүлүп жаткан тамакты чогултуп жатсам, кайын энем жаңы эле жасаган нанымды сындырып итке ыргытты. Бакырсам үнүм чыкпайт. Чуркап барып колунан нанды жулуп алдым. Эч нерсе болбогондой үйгө кирип кетти.

Кайдан-жайдан кошуна апанын келини дагы пайда болду. “Эй сен каякка?” десем, мени акшыя карап, үйүбүзгө кирип кетти. Ачуум менен артынан кирсем, кайын энем аны эркелетип, бетинен өөп жатыптыр. “Сен сонун келинсиң. Балам сени алса болмок. Тамактарың дагы даамдуу. Кайын энеңе “повезло” ай!”

Кечээ эле мантымды мактап жеген кайын энеме эмне болгон дедим. Бир нерсе деп сүйлөсөм үнүм чыкпайт. Кайын энем болсо жолдо турган мени түртүп, бөлмөмө кирди. Тиги кошуна келинге көйнөктөрүмдү бере баштады. Келиндин колунан жулуп алсам, башкасын берет. Ыйлап сыртка чыгып кеттим.

Күйөөм келди. Аябай арыздандым. "Алардыбы" деп үйгө кирген боюнча жок. Артынан барсам, үчөө чай ичип отуруптур. Мени колдору менен көрсөтүп күлүштү. Кайын энем “бул тамакты ыргытып салалы” деп, мен жасаган шорпону төгүп, кошуна келиндин оромосун мактап жеп жатат. Ызаланып күйөөмөн бир нерсе дешин сурансам, ал даамдуу экенин айтып оромону жей берди. Оромо салынып турган тарелканы алдым дагы жерге сындыра чаптым. Тарс!

Чочуп турдум. Денемди тер басып, титиреп калыпмын. Көрсө, балам ойноп жүргөн шарын жарып алыптыр. Тиги бөлмөдөн кайын энем чуркап келип, “ай, апаң эс алсын дебедим беле” деп сүйлөнө баштады. Мени карап, “турдуңбу берекем, жүр оромо жасап койдум, жеп алалы” десе болобу. Терең дем алдым, анан каткырдым. Алтындай болгон кайын энеме эмне болду экен десем, жаман түш турбайбы. Үч жолу эмес, жүз жолу түкүрдүм дагы, ашкананы көздөй жөнөдүм. Үйдүн баары оромо жыттанып калыптыр.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт