// //

Эмнеге күйөөм 15 жыл бою сүйөм деп айтпаганын кийин билдим

2021.04.26, 18:19
7668

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Көрсө сүйүү ар түркүн болот экен. Мен кинолорду көп көрүп алган окшойм, таптакыр башкача элестетчү элем. 15 жыл жашаган күйөөмдүн оозунан бир дагы жолу “сүйөм” деген сөз чыккан жок. Бирок, ал мени катуу сүйөт. Мен буга 300 пайыз кепилдик берем. Сөз башынан болсун.

Мени карганда көздөрү жашылданып жайнап турат. Колумду фарфор идиштен бетер, акырын кармайт. “Жакуля” деп эркелетип чакырат. Бакырбайт. Ошон үчүн көптөн кийин угуп, “ай, эмне болду” дейм.

“Эмнеге мени сүйөм дебейсиң?” Көп жолу сурадым. Бир дагы жолу жооп албадым. Жылмайып же кучактап кутулуп кетет. Сүйөт. Мен муну билем.

Ар дайым мени ойлоп басып жүрөт. Башында буга анчейин маани берчү эмесмин. Арадан жылдар өткөндөн кийин гана байкай баштадым. Анда силер дагы угуп тургула. Эгер бул кылгандары сүйөм дегени эмес болсо, анда эмне экенин билбейм.

Компьютерде иштеп жатып уктап калсам, үстүмө жаап, өзү уктоочу бөлмөбүзгө барбастан жаныма төшөк салып жатып алат. Эринбей семичке чагып берет. Колум үшүп калса ушалайт. Кышында чанага сүйрөп алып ойнотот. Боюмда барда бут кийимди кийгизип, боосун байлап берет. Төрөт учурунда жанымда болот. Колумду бекем кысып, кыйналып жатканымды көрүп ыйлайт. Мени коргойт, колдойт. Мен жөнүндө бирөөгө жаман сөз айттырбайт. Оюмду сурайт. Мага ишенет. Мени ар дайым биринчи орунга коет. Эт жейби же конфет жейби, жарымын калтырып коет. Тамак жасасам идишин жууйт. Алма бышканда өзү ооз тийбей мага көтөрүп келет. Ооруп калсам дарыканага чуркайт. Уктап калсам бутунун учу менен басат. Таң эрте ойгонуп алып чачымды сылап жата берет. Көтөрүп айлантат. Музыка башталса, бийге тартат. Мен жок тамак жебейт. Тойго жасанып чыксам, телефонунун “памяты” толгуча сүрөткө тартып суктанат. Жактырбаса дагы мени менен чогуу отуруп сериал көрөт. Тыюу салбайт. Кайра мага кошулуп кылмышка барат. Тырмагымды алып берет. Биринчи таанышкан күнүбүздү унутпай куттуктайт. 

- Садык, чогуу жашаганыбызга 15 жыл болуп калыптыр. Эмнеге бир дагы жолу “сүйөм” деп айткан жоксуң?

- Айтып коюу оңой, аны далилдөө кыйын. Мен иш менен көргөзгүм келет.

Катуу кучактадым. Жаш баладан айырмабыз жок. Чекемен, мурдуман, эки көзүмдөн, кулагымдан өптү дагы, күрөгүн алып короо тазалаганы чыгып кетти. А мен кудуңдап алып үйгө кирип кеттим. Күйөөм мени сүйөт. Мен аны сүйөм. Мындан өткөн бакыт барбы?

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт