// //

Кызымдын үйүнө барсам күйөө балам идиш жууп жүрүптүр

2021.04.14, 16:28
32851

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир атанын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Көкүрөк күчүгүмдү бат эле сагынып кетем. Турмушка чыкса дагы күн алыс чалып турам. “Ата менде баары жакшы” деген сөзүн угуп жүрөгүм тынчыйт. Кантип сагынбай койбойм! Могу бырыш баскан колдорум менен чачын өрсөм, тиги бүкүрөйгөн жонума отургузуп алып ойнотот элем. Аталап чуркап келатса, жыгылып түшпөсө экен деп жеткиче шашканымды кантейин. 

Күн сайын уктап жатканда жанына отуруп, чачын сылап, багын сурайт элем. Ооруп калса, оорусун өзүмө тилейт элем. Ыйласа, кошо ыйлайт элем. Аталар үчүн кызы баа жеткис байлык. Аттиң, бапестеп жүргөн берекем уядан учуп кетти.

- Ай, дагы эски альбомдорду алып чыктыңбы?

- Карасаң, колдору быйтыйган. Эсиңдеби, сүрөткө түшпөйм деп чыр салган эле. А бул көйнөгүн өзүм алып бергем.

- Кана? Аа, ооба. Балмуздакка алданып акыры түшпөдү беле.

- Күчүгүм десе, атасынын кызы да.

- Ай, дагы ыйлап жатасыңбы? Болду эми, жүрөгүң ооруйт.

Кызымдын сүрөтүн карап отура берем. Бош убактымдагы эрмегим ошол.

Пенсиямды алып шаарга жөнөдүм. Байбичем курутун, сүзмөсүн, кызына деген бир нерселерин салып берди. Такси толгуча шаштым кетти. Айдоочуну улам карайм, ал жүргүнчүлөрдү карайт. Кызымды көптөн бери көрө элекмин. Бирөөнүн үйүндө кантип жатты экен деп санаам тынч эмес.

Эшиги ачык экен. Казанда эт кайнап жатат. Кой союшкан тура. Убара болбогула дегенимди угушпатыр. Ары жакта халатчан бирөө идиш чайкап отурат.  

- Кызым!

- Ата, келдиңизби?

- Сен белең? Жакшысыңбы балам?

- Кириңиз ата, төргө өтүңүз.

- Сени Жамал го деп...

- Халатын кийип алгам. Кириңиз үйгө.

Кызым чуркап чыкты. Кучактап өптүм. Жытын сагыныпмын. Ала келген белектеримди бердим. Күйөө балам сыртка чыгып кеткенде эмне үчүн халатын кийип алганын сурадым.

- Мени аяп эле басып жүрөт. “Суу муздак ооруп каласың”,- деп, өзү идиштерди чайкайт. Этти карайын десем дагы болбойт. Кээде зеригип кетем, жумуштун баарын өзү жасайт.

- Түшүнүктүү кызым.

Күйөө баламдын элпектигин дароо байкагам. Ошон үчүн кызым экөөнө батамды бергем.

Кызыма кошулуп дасторкон жайышып, үстүн толтурушуп жүрдү. Мага өзү чай сунуп, улам сыртка чуркап этин карайт. Ыраазы болдум. Эртеси кой десем болбой, базарга алып түшүп кайын энесине белек алып берди. Кафеге алып кирип курсагымды тойгузуп, таксиге салып жиберди. Кетип баратсам “Ата, Жамалга кабатыр болбоңуз, сизге берген сөзүмө турам”,-деди. Чекесинен өөп, айылга жөнөп кеттим. Кызымды бактылуу кылган күйөө балама ыраазымын. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт