// //

Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтынан эмнени тапса болорун карап көрөлү

2021.02.22, 12:19
1589

Коронавирус пандемиясы жөнүндө маалымат ала турган негизги ресурс Саламаттыкты сактоо министрлигинин med.kg сайты болушу керек эле. Бирок министрликтин берген маалыматы жарандарга керектүү маалыматтардан кескин түрдө айырмаланып турат.

Жарандарга эмне керек?

COVID-19 жөнүндө

  • Маалыматтар тез-тез жаңыланып турган, бош орундары бар бейтапканалардын картасы.
  • Диагностика үчүн кайсы ооруканаларда кандай жабдуулар бар экени жөнүндө.
  • Пандемия учурунда чыгымдар жөнүндө отчет.
  • Грант жана башка жардамдарды алуу жөнүндө ыңгайлуу форматта көрсөтүлгөн отчеттуулук.
  • Кандай жергиликтүү антисептиктер стандарттарга жооп берет жана сатып алууда кандай маалыматтарды издөө керек.
  • Коронавирусту дарылоо протоколу.
  • Тестирлөөнүн динамикасы.
  • Кош бойлуулук учурунда коронавирус.
  • Балдардагы коронавирус.
  • Кыска мөөнөткө дары-дармектердин запасы.
  • Жүргүзүлгөн тесттердин ичинен канчасынын жыйынтыгы терс чыкканы боюнча маалымат.
  • Орточо оорулуулардын жана оор бейтаптардын статистикасы.
  • Өлүмдүн деңгээлин талдоо: адамдар туура дарыландыбы аныктоо.
  • Пневмониядан айыгып баштаганыңды кантип түшүнсө болот.

Башка маалыматтар:

  • Кандай учурда ҮМБ менен байланышып же тез жардам чакыруу керек.
  • Шаардын кайсы жеринен анализдин жана лабораториялык анализдин ар кандай түрлөрүн тапса болот.
  • Жыныстык, жаш курак, региондор, ооруканалар контекстинде оору-сыркоо, өлүм боюнча ар кандай статистикалык маалыматтар.
  • Иш-аракеттер жана реформалар планы.
  • Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги жана саламаттыкты сактоо мекемелериндеги бош орундар.
  • Ар кандай медициналык кызматкерлер үчүн эмгек акынын формулалары.

Маалыматтарды анализдөө

Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайты көрүнүшү жана колдонууга болгон ыңгайлуулугу жагынан эбак эскирген. Эгер ичиндеги маалыматтардын талдай турган болсок анда алар категорияларга бөлүнүп берилиши керек эле:

  • мезгил-мезгили менен маалыматка муктаж болгон жарандар үчүн;
  • ден-соолук;
  • дайыма медициналык жардамга муктаж болгон оор жана өнөкөт оорулары бар бейтаптар үчүн;
  • медициналык кызматкерлер үчүн.

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

Медицина кызматкерлери үчүн пайдалуу эмне бар

Буйруктар жана токтомдор сайтта жарыяланат: аталышты басканда, документ автоматтык түрдө жүктөлөт. Бирок, маалыматтар канчалык тез-тез жаңыланып турары, бардык буйруктар сайтка жайгаштырылганбы же жокпу белгисиз. Себеби 2021-жылы эч кандай буйрук жана токтом болбогондой. 

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

"Документтер" бөлүмүндө "Маалыматтык документтер", "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары", "Укуктук актыларды коомдук талкуулоо" бөлүкчөлөрү бар. Ошондой эле, бул маалыматтар канчалык бат жаңыланып турары белгисиз бойдон калган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги - мамлекеттик органдардын ичинен бош орундар тууралуу бөлүмү бар бирден бир сайт. Бирок ал жактагы маалыматтар сейрек жаңыланат. Алсак, административдик кызмат орундарына вакансиялар үчүн акыркы жарыя 2020-жылдын декабрь айында чыккан болсо, дарыгерлер арасында керектүү кадрлар үчүн жарыя- 2020-жылдын май айында чыккан.

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

Коронавируска каршы күрөшүүдө кызыл зонада иштөөнү каалаган саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн өзүнчө анкета түзүлгөн.

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

"Медициналык билим берүү жана илим" бөлүмүнөн ченемдик укуктук актыларга шилтемелерди гана таба аласыз.

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

Эң маанилүүлөрдөн - дарылоо протоколдору тиркелген. Ар бир протоколду басканда, ушул тема боюнча буйруктар жана башка документтер камтылган баракча ачылат.

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

"Клиникалык резиденттер үчүн дистанттык окутуу" бөлүмү башкача жасалгаланган. Кыязы, кандайдыр бир донордук долбоордун алкагында каржыланган сыяктуу.

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

"Медицина илими" бөлүмүндөгү маалыматтын көлөмүнө караганда, Кыргызстанда мактана турган эч нерсе жок.

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

Медициналык кызматкерлери үчүн маалыматтар ар кандай бөлүмдөргө бөлүнүп, чаржайыт болбогон  ыңгайлуу бөлүм иштеп чыкса болот. Бул бөлүм бат-бат жаңыланып турса, дарыгерлер жаңы кабарды ар жактан издебей Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтын мүмкүн болушунча тез-тез карап турууга үйрөнүшмөк. Бош орундар бөлүмүн тез арада жаңыртуу ишти илгерилетип, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк бермек.

Жарандар, маалымат каражаттары жана донорлор үчүн эмнелер бар?

Контакттар бар. Негизги менюда жок кошумча кызматтар жана шилтемелер башкы беттин сол жана оң тилкелеринде көрсөтүлөт.

Мисалы, дарыгерге онлайн режиминде жазылуу бөлүмү  жакында эле түзүлгөн кызмат. ИНН жана телефон номерин киргизип, дарыгерди тандап, онлайн жазылууга болот.

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

Ошол эле учурда, сол тилкеде колдонуучуларды суроолорду же кайрылууларды жаза турган баракчага алып барышы керек болгон баннер бар. Ишеним телефонунун баннери жөн гана баннер, ал эч жакка алып барбайт. "Кайрылууларды" басканда, жөн гана сайттын картасын көрө аласыз.

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте МинздраваВы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

Коронавирус

Оң тилкедеги эки баннерди басканда, сунуштар бар бөлүмгө өтөсүз. Коронавирус жөнүндө маалыматтар бөлүмдөр же теги боюнча иргелген эмес, бирок COVID-19 жөнүндө пайдалуу маалыматтарды табууга болот.

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

Ошол эле бөлүмдө чат-бот бар: төмөнкү оң бурчтагы сүрөтчөнү басып суроо бере аласыз. 

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

Ошондой эле оң тилкеде жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу бөлүмүнө алып баруучу эки баннер бар. Бирок ""Профилактика НИЗ" деген аталышты баары эле биле бербегендиктен, көпчүлүккө байкалбашы мүмкүн. Бөлүмдө рактын алдын алуу боюнча сунуштар бар. Макалалар ал жерде дагы чачыранды.

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

Ошол эле бөлүмдө дене салмагынын индексин эсептөөчү калькулятор бар.

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

"Медицина сандарда" баннерин басканда, саламаттыкты сактоодогу ачык маалыматтарды чагылдырган дагы бир бөлүмгө өтөсүң.

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

Жалпысынан жарандарга маалымат берүү максатында иштелип чыккан бөлүмдөр анчалык деле пайдалуу эмес жана таптакыр ыңгайсыз.

Сайттагы маанилүү маалыматтардын ичинен бейтаптар үчүн  жардам бере тургандары жок. Бул категориядагы колдонуучулар үчүн пациенттерди колдоо боюнча мамлекеттик программалардын тизмеси жана тигил же бул категориядагы бейтаптар кандай жардамга ишенсе болору жөнүндө маалыматтардын тизмеси менен өзүнчө блок актуалдуу болмок.

Мисалы: мамлекет колдоо көрсөтүүгө милдеттүү болгон бейтаптардын категориялары, акысыз дары-дармектер, операциялар ж.б. 

Жарандарга төмөнкү визуалдык жана интуитивдик блоктор керек:

1. COVID-19га байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал, алдын алуу чаралары жана инфографика форматындагы эскертүүлөр жарыялануучу бөлүм керек.

2. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтына ар кандай кырдаалдарда (кырсык, сууга чөгүп кетүү, үшүк алуу, күндүн ысып кетиши, сыныктар, жаракат алуу ж.б.) биринчи жардам көрсөтүү боюнча визуалдык маалыматтар керек. 

3. Багыттама блогу керек, бул жарандын кайсы ҮМБ каттоодо тургандыгын билүүгө мүмкүндүк берет: ҮМБ менен интерактивдүү карта жана аларга тиешелүү аймак. Ар бир ҮМБдүн дареги жана байланыш телефону болушу керек, ал аркылуу колдонуучу керектүү адистин бар экендиги жана кабыл алуу убактысы жөнүндө биле алат.

4. Тигил же бул конкреттүү кызматты алууга зарыл болгондор үчүн керектүү  мекемелердин тизмеси (КТ, рентген, МРТ ж.б.) даректери, байланыш телефондору жана прейскуранты менен көрсөтүлүшү зарыл.

5. Мамлекеттик жана жеке менчик тез жардам кызматтарынын номерлери менен баасы көрсөтүлгөн тизме.

6. Сейрек кездешүүчү жана спецификалык дары-дармектерди издөө кызматы. Колдонуучу керектүү дары-дармектин атын жана анын дарегин киргизет. Андан кийин, система керектүү дары бар жакынкы дарыкананы көрсөтөт.

7. Кыргызстанда жүргүзүлбөгөн операциялардын тизмеси (органдарды трансплантациялоо ж.б.). Чет өлкөлүк клиникалардын байланыш маалыматтары камтылган операциялардын жана башка кийлигишүүлөрдүн тизмеси.

8. Конкреттүү жардам алуу боюнча көрсөтмөлөр. Саламаттыкты сактоо мекемелери берген негизги маалымкаттар, аларды кантип жана кайдан алууга болот, баасы канча турат, бул үчүн кандай документтер керек.

9. Компаниялар үчүн кызматкерлерди камсыздандыруу шарттары, аны кантип туура жасоо керектиги жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу зарыл. Ал үчүн камсыздандырууну кантип алса болот, ал эмне берет, толук жана так көрсөтмөлөрү бар бөлүмдү жайгаштырып, камсыздандырууга боло турган компаниялардын тизмесин жана прейскурантын түзүү керек.

10. Бизнес, жеткирүүчүлөр үчүн Zakupka.med.kg бөлүмүн такай жаңыртып туруу керек. Ал жерде Саламаттыкты сактоо министрлигинин учурдагы тендерлери жайгаштырылмак. Бир нече убакыт бою бул бөлүм такыр иштебей калган. Бардык тендерлер ушул бөлүмгө жайгаштырылганбы же жокпу дагы белгисиз. Бирок бул баракчадан сол бурчтагы баннерди басып Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтына кире аласыз. 

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

Жалпыга маалымдоо каражаттарына жана изилдөөчүлөргө саламаттыкты сактоо жаатында - оорулардын статистикасы, саламаттыкты сактоодогу кырдаал, мекемелерди каржылоо, региондордун контекстиндеги бейтаптарды каржылоо боюнча заманбап маалыматтарды камтыган бөлүм керек. "Медицина сандарда" баскычы бар, бирок иштебейт. Статистикалык маалыматтарды үзгүлтүксүз жайгаштырып туруу,  бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана жалпы саламаттыкты сактоо тутумунун иш-аракеттеринин ачыктыгын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн бермек.

Кошумча сунуштар

IT-адистердин айтымында башкы менюдагы сайттын жаңылыктары жарыяланган "Негизги" жана "Жаңылыктар" бөлүмдөрү бири-бирине окшош. Көрүнүшү, ыңгайлуулугу тууралуу сөз козгоонун кереги жок, веб-ресурсту толугу менен жаңыртуу керек. Ошондой эле иштебеген шилтемелерди белгилеп кетүү керек: "Медицина сандарда", "Лицензиялоо", "Суроо берүү" бөлүмдөрү ачылбай калган учур болгон ("Кабыл алуу" бөлүмүндө жайгашкан). Материал жарыяланып жаткан учурда министрликтин 2020-жылга планы боюнча бөлүм иштеген жок. 2021-жылга пландар дагы жок.

Вы пациент, медработник или обычный гражданин? Смотрим, что можно найти на сайте Минздрава

"Жаш адис" бөлүмүндө "Дарыгердин депозити" ("Кадрлар" бөлүмүндө жайгашкан) бөлүмүндөгү маалыматтарды кайталаган жаш дарыгерлер үчүн преференцияларга байланыштуу жарлыктар менен буйруктарга шилтемелер бар.

"Эл аралык кызматташуу" бөлүмүндө жаңылыктар жарыяланган. Алардын көпчүлүгү "Жаңылыктар" бөлүмүндө дагы бар.

Жалпысынан сайтты колдонуу ыңгайсыз, көп маалымат жок. Мисалы, катуу оорулуу бейтаптар чыгымдарын мамлекет каржылаган кызматтардын тизмесин, балалуу болууну пландап жаткан үй-бүлөлөр маанилүү сунуштарды таба алышпайт ж.б.

Жарандык коомдун өкүлдөрү Саламаттыкты сактоо министрлигинин иш-аракеттеринин ачык-айкындуулугун көрө алышпайт. Калктын көпчүлүгүнүн суранычтары канааттандырылган эмес. Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында ҮМБны кантип табууга болот деген маалыматтар жок, баалар саясатын жарыялоо менен тигил же бул процедурадан өтүүгө боло турган жерлердин карталары жана тизмелери, операция жасалган учурда кайрыла турган клиникалар жөнүндө маалымат жана жардам алуу боюнча көрсөтмө жок. Сайтта онлайн режиминде консультация берилбейт. Дарылардын баасы жана табылышы кыйын болгон дары-дармектерди сатып ала турган жайлар жөнүндө маалымат жетишсиз.

ҮМБны табуу, дарыгерге кайрылуу жолдору жөнүндө маалыматттарды өзүнчө бөлүмгө жайгаштырса болот. Ошол эле жерден ҮМБ картасын табуу мүмкүнчүлүгү

Маалымкаттар үчүн өзүнчө бөлүм түзүп койсо болот. Анда бардык маалымкаттырдын тизмеси, аларды алуу боюнча жолдор болот.

Кыргызстанда көптөгөн татаал операциялар жасалбаганына  байланыштуу, бейтаптарга Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматташкан медициналык кызматтардын жана чет элдик клиникалардын тизмесин көрүү пайдалуу болмок. 

Эгерде жарандардын кайрылууларына онлайн жооп берген колл-борбор,  тез жардам, ҮМБ жана башка медициналык мекемелердин ишин жеңилдетмек.

Дары-дармектердин, айрыкча табылышы кыйын болгон маалыматтардын базасы бар бөлүмдү: дары-дармек - орточо баа - сатып ала турган жайларды кошуу керек.

Ушул тапта кандай квоталар менен арзандатууларды жана кимде бар экендигин оңой табуу үчүн, мамлекеттик программалар үчүн өзүнчө бөлүмдү бөлүп көрсөтүү маанилүү. 

Бардык түрдөгү билдирүүлөрдү жашыруун же белгисиз калтырууга боло турган (мисалы, клиникалардын бириндеги мыйзам бузуулар жөнүндө) "Кайра байланыш" бөлүмү жок.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн өзүнчө бөлүм түзүү керек.

Жалпы коомчулук үчүн текст, сүрөт жана видеотасмада ар кандай сунуштар камтылган "Биринчи жардам" бөлүмүн түзүүгө туура келет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишинин ачык-айкындуулугун көзөмөлдөө үчүн өзүнчө "Отчеттуулук" бөлүмүн түзүү маанилүү, анда пландардын аткарылышы, алынган жана сарпталган каражаттар жөнүндө маалыматтар болот.

 

 

 

 

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA - Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна "ПроМедиа Плюс" компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт