// //

Аялыма аэропорттон чөгөлөп “кетпе” деп жалдыраганымды унутпайм

2021.02.12, 15:39
10129

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. 

Аялым экөөбүздүн баш кошконубузга үч жылдай болуп калды. Жубай эмес, сүйлөшкөн кызым болгуча бир топ эле артынан чуркаткан. Азыр телефон чалса албай коем. Жок, жаман ойлобогула. Үйгө келгенде бултуңдап таарынат, мага ошонусу жагат. Тамашалап “өчүмдү алып жатам”,-десем, ого бетер бултуңдайт. Мындай учурда ар дайым чөнтөгүмдө сүйүктүү шоколады болот.

Айзада менен университеттен таанышкам. Сулуу, жароокер, сүйкүмдүү, чачы узун айылдык кыз эле. Мен деле айылдык жигитмин, бирок Айзададан эки жыл эрте шаарга келип, өзүмдү шаардык сезип алгам да (күлүп). Болот го университеттен кээ бир лекцияларды курсуна карабай чогуу өтүп каласың. Ошондой лекциялардын биринде таанышкам.

- Атың ким эле? Кайсы специалист боюнча окуйсуң?

- Мен сиздей корс жигиттерге жооп бербейм!

Басып кетти. Орусча айтканда “облом” эле болуп туруп калдым. Кайра артынан барып, жанына олтуруп алдым. Лекция бүткүчө сулуулугуна суктандым, жытытна мас болдум. Лекция аягына чыкты.

- Кечирип койчу! Атыңдын Айзада экенин билем. Группалаш балдарыңдан сурап алгам. Номериң деле бар. Мүмкүн болсо кат жазып турайын?
- ...
Сүйлөбөй дагы басып кетти.

“Салам!”, “Кандайсың?”, “Маанайың кандай?”, “Капа кылсам кечирип койчу!” деген каттарды үч күндөй жаздым. Жооп жок.

Окууга даярданып жатсам кат келди. Карасам Айзада экен. “Макул кечирдим. Болду жазбаңыз!”-дептир. “Ваай, макул. Сендан башка кыз калбай калыптырбы”, -деп жолумду уладым.

Мен аны сүйүп калгам. Ал болсо мени тоготпойт. Кээде алыстан карап алып өзүнчө эле бактылуу боло берем. Келечектеги жубайым кылып элестетип алганда, менден бактылуу адам жоктой сезилип кетчү. Ошондо Айзадага жетүү үчүн аракет кыла баштадым. Кандай аракет айтайынбы? Оңой эле.

Жашыруун группалаштары аркылуу гүл, шоколад жөнөтүп турдум. Студентте кайдагы көп акча, кооз, бирок, арзан гүлдөрдү Совет менен Москва көчөсүндөгү орус апалардан алчумун. Азыр деле сатышса керек.

Көргөн жерден ден соолугун, окуусун сурачумун. Жардам керек болсо кайрылып, балдар тийишсе дароо айтышын өтүнүп кетчүмүн. Ошентип жүрүп кышкы сессия келди. Студенттер каникулга тарай баштады. Ошондо Айзада жанымдан өтүп баратып, “рахмат, гүлдөргө, таттууларга”,- деди. Эстесем күлөм. Ошондо чындап бактылуу болгом. Анткени менин аракетимди байкады да.

Мен үч, ал экинчи курс болгондо кыз-жигит болдук. Жакшы күндөрүбүз өттү. Киного бардык, паркта сейилдедик, жамгырда калдык, студенттин алы эмнеге жетсе ошонун баарын кылдык.

Окууну бүттүм, жумушка орноштум. Чөйрөм өзгөрдү, чөйрө өзгөргөндө адам да өзгөрөт деген чын окшойт. Айзадага мурункудай көңүл бура албай калдым.

Чалбайм, “бошогондо жазып коем” деген боюнча жок болом. Мурункудай көңүлүн алуучу методдорумду дагы унуттум. Ортобуздагы мамиле сууй түштү. Илең-салаң болуп жүрө бердим. Айзада ыйлады, таарынды, бирок ал нерселер мени өзгөрткөн жок. Ушинтип жүрүп арадан бир топ эле убакыт өтүп кетти.

Бир күнү тааныштар аркылуу Айзаданын башка өлкөгө кете турганын уктум. Ишенген жокмун. Дароо чалып, “эмнеге башка жака кетериңди айткан жоксуң”,- деп атырылдым. “Айткам, сен маани бербей койгонсуң, бүгүн таңкы саат 4:50 дө учам”,-деп телефонду өчүрүп салды.

Эстеп көрсөм чындап эле айтыптыр, мен уксам да маани бербепмин. Ошондо ортодогу мамилени, Айзаданы, өткөн күндөрдү, өзгөргөнүмдү ойлондум. Телефондогу сүрөттөрдү карадым. Машинамды айдап аэропортко жөнөдүм.

Айзада паспорттук көзөмөлдөн өтүп ичине кирип баратыптыр. Күзөтчү байкелер ары жакка өтөйүн десем кое бербей койду. Айзадааа! Айзадааа! Айзадаа! Бакыра бердим. Акыры угуп артын карады. Келеби десем жок, карап тура берди.

Элди көзүмө албадым. Эки күзөтчү эки жагымдан кармап турат. “Мен сени сүйөм! Угуп жатасыңбы? Сүйөөөм! Мени таштаба? Бир, бир, болгону бир эле мүмкүнчүлүк бер. Кетпе! Мен сенсиз кантем?” Унчукпай карап турду дагы, адаттагыдай басып кетти. Башымды мыкчып отуруп калдым. Улуурак күзөтчү байке жонума таптап коюп басып кетти. Сыртка чыктым. Тепкичтен эми түшөйүн десем, “түз эле үйүңө алып барасыңбы?”,-деди. Артымды карасам Айзада экен.

Күлбөгүлө ээ? Баракчаңар кызыктуу. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялым апама бакырып жатса унчукпай карап турдум

Аялым каза болгондон кийин эч ким эмес экенимди түшүндүм

Кайын энем “жеңеңер кызматчыңар эмес” деп мени коргоп балдарын урушат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт