// //

Аялым апама бакырып жатса унчукпай карап турдум

2021.01.28, 17:24
18372

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Экөөнүн кучакташып отурганын көрүп туура эле кылыптырмын дедим. Анда кеп башынан болсун.

Ал күнү келинчегим үйгө маанайы жок келди. Эмне болгонун сурасам жумушунан кыскартылыптыр. “Коллегамдын туура эмес жазылган отчету үчүн жөн жерден айыпталдым”,-деди. Ызырынап өзүн коерге жер таппай жатты. Колуна тийгендин баарын ыргытып, акыры бөлмөбүзгө кирип кетти. Барып карасам уктап калыптыр.

Ата-энем менен чогуу турабыз. Экөө ээрчишип туугандардын тушоо тоюна кетишкен. Күтсөк жок. Анан кыздарым менен тамак жеп жатып алдык.

Түнкү саат үчтө келишти. Алтымыштын кырын ашып калган апам биринчи чуркап келип чоң телевизор утуп алыптыр. Атам экөөнүн сүйүнүчүндө чек жок. “Балдар менен келинимди тургуз, кешик ооз тийишсин”,-дешти.

Аялым уйкуну жакшы көрөт. Кокус таттуу уйкусун бузчу болсоң балээге каласың (күлүп). “Тур апамдар келди, чай ичели”,-дедим. Баарыбыз чогуу отуруп апамдын тамашасына күлүп жатканбыз. Аялым так ошол маалда чыгып калды.

“Менин жумушусуз калганымды шылдыңдап жатасыңар”,-деп, бакырып кайра бөлмөсүнө кирип кетти. Ошол маалда “апама эмне бакырасың”,-десем болмок, бирок унчуккан жокмун. Апамдар “кой, жаталы”,-деп туруп кетишти.

Бөлмөгө барсам артын карап ыйлап отуруптур. Жанына отуруп, акырын сүйлөдүм. “Биз сага күлгөн жокпуз. Апам тамаша айтып жаткан. Сенин жумушсуз калганыңды өзүң айтканда билишти. Ачууга алдырып койдуң.” Мени таң калып карап калды. Жатып алдым.

Эртең менен турсам апам экөө шыбырашып жатыптыр.

- Апа, мени кечирип коюңуз. Туура эмес түшүнүп алыпмын. Анын үстүнө ачуумду баса албай жүргөм. Тиги коллегамдын айынын жумушсуз калдым. Кечирип коюңуз, апа.

- Айланайын, ошолор балекетиңди алсын. Менин келиниме кантип жумуш чыкпасын. Башкасын табасың.

Экөө кучакташып алып сүйлөшүп жатышыптыр. Эгер мен ошол учурда аялыма бакырып ызы-чуу салсам абал курчумак, аягы эмне болуп бүтөрү белгилүү. Баарыбызда көйгөйлөр болот, ачууга алдырбай туура түшүнүп койсок эле бактылуу болобуз. Үй-бүлөлүк турмуш, күйөөнүн милдети мени сабырдуулукка үйрөттү.

Баса, апам менен аялым өтө ынтымактуу. Экөө бири-бири жок тура албайт. Кээде ата-энем мага караганда аялымды көбүрөөк жакшы көргөндөй сезиле берет. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт