// //

Кайын энем “жеңеңер кызматчыңар эмес” деп мени коргоп балдарын урушат

2021.01.21, 11:42
7746

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Кайын энем экөөбүз чай ичип отурганбыз. Кайним сабактан келди. Шкафтан стакан алып сок ичип, кайра аны раковинага салып чыгып кетти. Кайын энем унчукпай карап турду. Анан башын чайкап “ай бала, бери кел”,- деди.  

- Эмне болду апа?

- Тиги идишиңди ким жууйт?

- Жеңем.

- Башымды оорутпай артыңды тазалап кеткин.

Конок келгенде кайын энем ар дайым жанымда туруп идиш жуушат. Машинага кирди салып койсом, алып чыгып жайып коет. Тамак жасаганы баратсам, артыман кичүү кайнимди картошка аарчыганы жөнөтөт. Башында, кылган ишимди жактырбай тескеп жатабы деп ойлогом. Кийин гана бул аракеттери мага кам көрүү экенин билдим.

Кечээ курбу кызым менен жолуктум.

- Кайын сиңдим жеңем кылат деп жерде жаткан байпагын алып койгонго жарабайт.

- А сен эмне дейсиң?

- Ачуум келет, бирок унчукпайм.

- Кайын энең эч нерсе дебейби?

- Ал идиш жууп жатсам, кир чынысын коюп кетет.

- ...

- Эмне ойлонуп калдың? Сен дагы баарынын артынан тазалап жүрөсүңбү?

- Жок, ар ким өзү тазалайт.

- Койчу, кантип ошондой болсун!?

Үч кайним, бир кайын сиңдим бар. Ар ким өзүнүн артынан өзү тазалап кетет. Кээде “сиз бара бериңиз” деп жумуштарды бүтүрүп коюшат.

Бир жолу төркү бөлмөдө китеп окуп отургам. Сырттан кайын энем “ай, кайдасыңар”,- деп бакырды. Коңшу бөлмөдө кайнилерим сабак кылып жатышкан. “Бол баскыла, апам дагы жеңемдин иш кылып жатканын көрүп калса керек, азыр өлтүрөт”,-деп чыгып кетишти. Күлкүм келди. Анткени, чынында эле кайын энем менин жумуш кылып жүргөнүмдү көрсө эле балдарын урушат. “Жеңеңер силердин кызматчыңар эмес”,-деп, баарын сыртка кууп чыгып иш кылдырат. 

Ишенесиңерби, келгенден бери бир дагы жолу бирөөнүн аркасынан тазалаган жокмун. Күйөөм дагы кирлерин өзү жууп, ачка болсо бир нерсе жасап жеп алат. Биздин үйдө "сен кыл" деген сөз айтылбайт. 

Ошон үчүн, өзүмдү бул үйдө кызматчы эмес, толук кандуу бүлө катары сезем. Бул үчүн кайын энеме абдан ыраазымын.

Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт