// //

Аялым каза болгондон кийин эч ким эмес экенимди түшүндүм

2021.01.25, 17:13
25742

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

“Чачыңды жыйначы!” Таң эрте туруп ушинтип айтар элем. Узун кара чачы оозума чейин кирип кетчү. Азыр көз жашымды агызып коюп жаздыгын карап жатам. Аныкы эмес, менин төшүмдөгү могу жүрөк токтосо болмок.

Кечээ биринчи жолу почтага барып свет, суу, анан газдын акысын төлөп келдим. Кезекте туруп алдыдагы кемпирден, андан кийин почтачы эжеден уруш уктум. Жаш баладй ыйлап жибердим. Баары унчукпай калышты. Жок, уруш уккандарына ыза болбодум, өзүм туура эмес кылдым. Болгону аялымды эстедим. “Сдачимди” албай чыгып кеттим.

Кызымдын чачын байлай албай эки саат отурдум. “Ата, мен кечиктим, сабакка барбай эле коеюн” деди. Эжесине чалып айтып койдум. Бөлмөмө кирип алып дагы ыйладым.

Уулумду кайын энемден алып келдим. Апасын издеп бөлмөлөрдүн эшигин ача баштады. Артынан оозумду бекем кымтып алып басып жүрдүм. Мультфильмин коюп бердим. Бөлмөмө кирип алып дагы ыйладым.

Картошка куурусам эзилип кетти. Ботком окшошпой калды. Дүкөнгө түшүп колбаса алып келдим. Балдардын курсагын тойгузумуш эптеп болдум. Биринчи жолу ысык тамак ичпей уктадык. Балдарымды тиктеп жатып отуруп дагы ыйладым.

Кызымды мектепте, уулумду апамдыкына таштап коюп жумушка барсам жетекчим тосуп алды. Дагы кечиккенимди көрсө жумуштан кууп чыгарын айтты. Сөзүнүн аягында “иштесең нормально иште, сенин эле аялың өлсө дагы”,-деди. Өзүмдү кармана албай калдым. Кыскасы, чыгып кеттим. Мен эми расмий түрдө жумушсузмун.

Үйгө келсем жаркылдап жубайым эмес, муздак аба тосуп алды. Айлананын баары чачык, кир. Аялымдын фартугун кийип, музыканы чоң кылып койдум дагы тазалай баштадым. Демейде, “акырын болгулачы” деп жетип келген кошуналар жок. Бир маалда өзүмө келсем, музыка эбак эле бүтүп калыптыр. Анын ордуна менин ыйым болуп жаткан экен.

Балдарым эле кармап турат. Алар болбосо өзүмө жооп бере албайт элем. Күн сайын апасы экөөбүз жөнүндө жомок айтып берем. Кызым баарын түшүнүп турат, бирок унчукпайт. Жөн гана чуркап келип мени кучактап ыйлап алат.

Аялым жок мен эч ким эмес экенмин. Ал кылган жумуштарды кылып жүрүп мойнунда канчалык чоң жүк артылганын түшүндүм. Жумуштан чарчап келгенимди милдет кылган күндөрүмдү эстеп өкүндүм. Суранам, артка кайтчы.

Бүгүн сүйгүлө. Бүгүн барктагыла. Бүгүн сыйлагыла. Бүгүн кучактап өпкүлө. Бүгүн рахмат айткыла. Бүгүн ыраазы болгула. Бүгүн, угуп жатасыңарбы, бүгүн!

Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт