// //

Эки жолу боюман түшкөндөн кийин балалуу боло албай жатам. Эмне кылсам болот?

2020.12.10, 15:09
2165

Саламатсызбы! Мен 28 жаштамын. Биринчи турмушуман бир кызым бар. Эки жолу боюман түштү. Акыркысында түшкөндө тазалаткам. Андан кийин экинчи ирет турмушка чыктым. Бир жыл болду, боюмда болбой жатат. Алдыргандан кийин дагы зыяны тийиши мүмкүнбү? Дагы балалуу боло аламбы?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.12.2020, 15:15

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Жазганыңызга караганда, 3 жолу боюңуздан түшкөн. Алардын экөө көзкарандысыз, бирөөсү инструменталдуу. Себептери көп, мисалы, тукум куума тромбофилия, ошондой эле жатын жана түтүк фактору болушу мүмкүн. Жолдошуңузду дагы текшертип көрүү керек. Кээде мурунку никеден балдары болсо дагы, тукумсуздук болуп калышы ыктымал. Тилекке каршы, мындай маселелерди бир заматта чечүү мүмкүн эмес. Бул бир катар анализ тапшыруу талап кылынат. Дарыгерге кайрылыңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт