Аналдык секстен кийин этек кирим келбей жатат. Боюмда болуп калдыбы?
Саламатсызбы! Башында этек кирим, өз убагында айдын ортосунда келчү, андан соң айдын аягына жылып кетти. Эки жолу аядын аягы келип жатты эле, ушул айда бир дагы жолу келбеди. Бирок, айдын аягында, бүгүн белим аябай катуу ооруду. Өзүм бойдок кызмын, жигитим менен жыныстык катнашка баргам. Кыздыгыма тийген эмес, аналдык секс болгон. Эми коркуп жатам. Боюмда болуп калдыбы?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Аналдык секстен бойго бүтүп калуу ыктымалы төмөн. Этек кирдин кечигүүсү гормоналдык дисфункциялар жана стресс менен байланыштуу болот. Кээде аналдык секстен кийин кадимки эле жыныстык катнашты айкалыштырып алектенишет. Ошол учурда бойго бүтөт. Айрым учурларда кыздар кандай комбинация болгонун билишпейт, анткени алар жакшы багыт алышкан эмес жана аналдык секс гана болгон деп ойлошот. Кандай болгон күндө дагы, адиске кайрылыңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет