Үч жумалык боюмда бар, аз-аздан күрөң кан келип жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Менин боюмда болгонуна 2-3 жума болуп калды. Оор жумуш кылган эмесмин. Өзүмдү жакшы эле карап жүргөм. Кечээтен бери аз-аздан күрөң кан келип жатат. Этек кирим аябай көп келчү, бирок андай көп келбей эле. Бейтапканага барганга азыркы убакта шартым жок болуп жатат. Эгер боюман түшкөн болсо мага билинеби? Өзүм жаңы турмушка чыккам. Кээ бирөөлөр жаңы боюңда болгондо ошентип мурунку кандар келет деп жатышат, ошондой болушу мүмкүнбү? Эч жерим ооруган жок. Азыр УЗИге түшкөнгө болбойт деп жатышат ушул туурабы?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Балким, сизде кош бойлуулукту токтотуу коркунучу бар. Бул ошондой эле бойдон түшүүнүн башталышы, "замершая беременность" пайда болуп жатканы болушу мүмкүн. Так бир чечимге келүү үчүн УЗИ жасоо керек. УЗИ изилдөөнүн коопсуз түрү, андыктан тынчсыздануунун кереги жок. Бойдон түшүп калууну байкабай калуу же байкабай коюу мүмкүн эмес, анткени уюган кан агуу жана оорутуу пайда болот. Эгерде кош бойлуулукка кызыкдар болсоңуз, мүмкүнчүлүк таап тезинен дарыгерге кайрылыңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет