Боюма болгондон баштап эле жыныстык катнашка барууну каалабай калам, эмнеге?
Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма алты жыл болду. Менин боюмда болгондон тартып эле жыныстык катнашка барууну каалабай калам. Мындай көрүнүш төрөгөндөн кийин дагы бир нече убакытка чейин созулат. Жолдошумдун колу тийип кетсе да жиним келе берет. Калган учурда бардыгы жакшынакай эле, төшөк маселесинде көйгөй жок.
Эмнеге мындай болуп жатат? Эмне кылыш керек?
Наталья Ивахник
Сексолог
Саламатчылык. Ар бир адамдын жашоосунда ар кандай учурлар болот: кош бойлуулук учуру, кризис учуру, өзгөрүүлөр учуру ж.б. Мындайда, ар кандай себептерге байланыштуу жыныстык катнаш акыркы кезекте болуп калат.
Бул нормадан четтеп калгандык эмес жана убактылуу гана көрүнүш. Өзүңүздүн ички сезимдериңизге жана каалоолоруңузга көңүл буруңуз.
Эгер күйөөңүз менен жакындыкты каалабасаңыз, колу тийип кеткенине ачууңуз келсе, демек сиздин организм бул нерселерге муктаж эмес.
Сиздин эмне кылыш керек деген сурооңузга бир гана жооп бар: ЭЧ НЕРСЕ.
Өзүңүздү жемелебеңиз, күнөөлүү сезбеңиз. Керектөөлөрүңүздү тыңшап, каалоолоруңузду ишке ашырууга аракет кылыңыз.
Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @natalia.ivahnik баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден жыныстык катнаш тууралуу башка материалдарды окусаңыз болот:
Канча жаштан баштап жыныстык катнашка барса болот? Сексолог айтып берет
Төрөттөн кийин аял кумар албай калышы мүмкүнбү? Сексолог жооп берет
Мен аялымдын канып калганын кантип түшүнөм? Сексолог жооп берет
Күйөөм менен кошулганда оорутат, эмне кылсам болот? Сексолог айтып берет