// //

Канча жаштан баштап жыныстык катнашка барса болот? Сексолог айтып берет

2020.04.05, 14:33
14026

Саламатсызбы. Канча жаштан баштап жыныстык катнашка барса болот?

Bilesinnbi.kg сайтынын редакциясына ушундай суроо келип түштү. Ага жооп алуу үчүн сексолог Наталья Ивахникке кайрылдык.

Адам өзү эле сексуалдуу жан

Ал ар дайым рахат алууга умутулуп келген. Көпчүлүк кичинекей кезинде эле жыныстык органдарын кармалап, бул нерсе жагымдуу экенин түшүнүшөт. Өспүрүм куракта сексуалдык кызыгуу, сексуалдык фантазиялар пайда боло баштайт. Бул нормалдуу көрүнүш жана сексуалдык өнүгүүнүн этаптары болуп саналат.

Физикалык жактан даяр, психологиялык жактан даяр эмес

Физиологиялык жетилүү 12 жаштан башталат. Бул учурда гормондор оргуштап, денесине түк өсөт, эркек балдарда түнкү поллюциялар пайда болот, кыздардын төшү өсүп, этек кири келе башайт. Физикалык жактан өспүрүм бала жыныстык катнашка даяр көрүнгөнү менен психологиялык жактан жетиле элек.

Психологиялык жактан жыныстык катнашка адам 18 жашка чыкканда даяр болот.

Кыргыз Республикасынын мыйзамында 18 жашка чыга элек өспүрүм менен жыныстык катнашка барса, жашы жетиле элек бала менен секске баруу беренеси боюнча жоопко тартылат.

Эгер 18ге толо элек өспүрүм курактагы уулуңуз же кызыңыз болсо сөзсүз жыныстык жыл аркылуу жугуучу оорулар тууралуу жана мөөнөтүнөн эрте кош бойлуулук жөнүндө айтып бериңиз.

Өспүрүм балдар үчун дагы бир маанилүү эскертүү!

Убакыттын өтүшү менен сексуалдык кыялданууларды реалдуу өнөктөш менен ишке ашырууну каалайт. Бири-бирин жактырып, сүйлөшүп жүргөн кыз-жигит бар дейли. Алардын бири 16 бири 17 жашта. Бир канча убакыттан бери экөөнүн тең каалоосу жана макулдугу менен жыныстык катнашка барып жүрүшөт, кош бойлуулуктан жана жыныстык ооруларды жугузуудан коргоочу каражаттарды колдонушат.

Бирок экөөнүн бири 18ге толгондо накта көйгөй башталышы мүмкүн. Себеби 18ге толгон адамга жашы жете элек 17 жаштагы өнөктөшү менен жыныстык катнашка барды, деген күнөө коюлушу мүмкүн.

Канча жашта болбоңуз секс эки тараптын макулдугу менен болууга тийиш

Психологиялык жактан жетилгенден кийин секске баруу кийинки жыныстык катнаш тууралуу түшүнүккө толугу менен таасирин тийгизет.

Себеби сексуалдык травма алган киши узак убакытка чейин психологиялык жактан жабыркайт.  

Айрымдар жөн гана эмоцияоналдык жакындыкты каалоо, кучакташуу, өбүшүүнү сексти каалап жатам деп адаштырышат. Же болбосо, эркек балдар теңтуштарынын арасында “крутой” көрүнгүсү келет. Ал эми кыздар жигитине жок, деп айтуудан тартынып, же анын көңүлүн калтырып, таарынтып албайын деген ой менен кошулууга макул болушат.

Өспүрүм балдардын психикасы жетишээрлик деңгээлде жетиле элек. Секске өзүң чынында даяр болуп, анын кооптуу жактарын эске алып, өзүңдүн-журум-турумуңа толугу менен жооп берүүгө даяр болгондо гана баруу керек.

Эң негизгиси, ден соолукка сак болуу жана башка бирөөнүн каалоосу менен эмес, чындап өзүңдүн каалооң жана эркиң менен баруу!

Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @pro0kosmos баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
14.03.2021, 16:14

Мен 23 жаштамын мен ушундай жыныстыкка эртели жетилип алып азыр жабыркап сүйүүгө жете албай жатам эмне кылсам болот! Жыныстык кармаган учурда кол менен бүтүрөм бирок кыз менен таанышайын деп ойлосом, бир болгон окуям (20 жашымда Москва шаарында иштеп жүргөн мезгилде бир сулуу кыз менен таанышкам бирок ал ресторанда иштейт болчу мен дагы башка ресторанда иштейт элем экооз бири бирибизге жакын ресторан болчу бирок ал менен таанышканы баргам таанышып да алдык бирок жакшысыңбы жакшы деген сөздөр менен сүйлөшөт болчук бирок бир кездери мен ал кызды ушунчалык сүйүп калгам бирок билдиртпейт элем себеби билип калса эрте болот деп ушинтип арадан 1 жума өттү дагы деле ошол сөздөр салам айтып жакын болуп сүйлөшөт элек бирок бир күнү мен ага намек бергем номеринди берсең деп бирок ал сразу түшүндүбү же минтип айтты жок мен балдарга номерим бере албайм деп койду ошондо настроения түшүп калган эле анан дальше ушинтип сүйлөшүп жүрүп акыры бир кыз мен иштеп жаткан ресторанда иштейт эле анысы мага сүйүп калганын билдирди бирок менин көңүлүм анча жок болчу ага берки кыз менен сүйлөшүп аны ресторанда карап аңдып жүрөт берет элем ал ушунчалык көңүлүмө жаккан кыз эле бирок жолубуз көпкө узаган жок эле мен жумуштан айдап салган эле анан мен башка жумушка кирип ошол мен жакшы көргөн кызга жума сайын келип турат элек анан бир күнү жанакы мени сүйүп калган кыз алда айтып калды мен сени сагындым деп бирок мен ага айттым мен сени жакшы көрбөйм деп анын да болуп койгон жигити бар эле! Ал мага айтты мен сен үчүн өз жигитимди таштадым деп айтты! мен ага неге аны таштап салдың мен сени жакшы көрбөймүн менин сүйлөшкөн кызым бар деп ага айткандан кийин арадан бир жума өтүп жакшы көргөн кызыма келип отуруп калгам анан анын көңүлү жок эле мен ага жакындап сага эмне болду деп сурасам ошол замат жанакы мен жакшы көргөн кыз ага барып айтып салыптыр! Ошондо мен жакшы көргөн кыз сразу билгенден кийин атыман чакырып ???? Давай экөөбүз дос болуп калабыз так как сен экөөбүз ойлогондой боло албайбыз деп айткандан кийин мен ага минтип жооп бердим! ?????? Сен жаман ойлобо мен андай жаман балдардай эмесмин деп жооп бердим бирок унчукпады! Анан мен үйгө кетип бара жатып ойлонуп настроениям дагы түшүп ойлонуп аябай ыйлагым келип аябай жүрөк ооруу болуп сыздадым ыйладым ошентип мен ага күн сайын барат элем унута албайм анын көздөрүн кайта кайта көргүм келчү ошондон кийин 3 ай өттү дагы мен барганымда дагы ал мени көрүп колун көтөрүп салам берет эле мен да ага колум көтөрүп бири бирибизге салам берип ошентип сүйүнүп калдым мен бирок ал дагы жаман көзү менен карап койот эле ошондо дагы келип жүрө берчүмүн ага ошентип 4 ай өткөнгө чейин бара берчүм анан бир күнү мага инс баракчасын берген эле анан жазышып ага сүйүүмдү билдиргем бирок ал мага мындай деди сен мага келе бербегин себеби сени сүйбөйм деди мен ага түшүн мен сени сүйөм десем ал айтты качан мага  көңүлүң тийген мен ага жолуккандан бери! ал мага минтип айтты сен мени унут антип кечке келе бербегин деп айтты анан өчүрүп салды анан эртеси дагы жазсам ал мага айтты мага жазбагын сени менен сүйлөшпөйм деди ошентип бир күнү ал кызга барсам жумуштан эрте кайтып лесницадан кезигип мен аны көрүп калдым ал мени көргөн жок эле ошентип инс баракчасына жаздым жанакы чыгып жаткан сен белең деп ал мага ооба менмин сен кимсиң деди мен ага мени тааныбадыңбы десем дагы сенсиңби деп заблок кылып салды! Андан кийин мамилебиз таптакыр үзүлдү ошентип 6 ай өттү бир күнү досторум сүйлөшүп калышты ошол кыздын атты менен мен угуп калып кайсы кыз десем Даана ошол кыз экен анан ошол кыздын ишине барып калсак досторум ал кыз менен тааныш экен анан ошол кыз мен көрүп калып досторума айтты бул ким деп таң калып карап калды анан көчөгө чыгып айланып достор менен жанагы кыз бар эле ошентип кыз бир досумду жактырып калып! Мен болсо ыза болдум кантип кезигип калганым анан кийин бир күнү бир досума айтсам ушул кыз тууралуу ал досум жанакы  кызга айтып салыптыр бир күндөрү келди башка ресторанга келип мен аны көрүп таң калып карап калдым бул каяктан келди эмне үчүн келди деп ойлоп турганымда ал келип айтты сен мага ушундай дедиң беле сен кимсиң жүр эшке чыгып сүйлөшөлү  деп урушуп жатканда мен ага минтип айттым

эй карындаш бул жака келдиңби нормально отуруп эс алып кете бер деп каттуу  айтым анан ал унчукпай каттуу таарынып чыгып кетти досум айтып калды эй кечирим сурап кой! мен ага айттым неге мен кечирим сурашым керекмин өзү баштады анан досум айтты ал сөздөрүң неге айтасың анда кызга ошол сөздөрүң жетти жок дегенде мага келсе унчукпайт элем бар кечирим сура деди мен жок деп көгөрүп туруп алдым ал кыз кайра кайтып келди дагы ресторанга отуруп анан досторум айтып калды бар кечирим сура сурабасаң башкача сүйлөшөбүз деп анан мен болгонун болгондой досторума айтып бердим досторум түшүнүп анан мен эми кечирим сурайын десем жок тим эле кой деп койду өздөрү барып тиги кызды басынтып отурушту! ошондон кийин тиги кыз мага Враг катары болуп калды ушул окуядан кийин аны унута албайм! жаман көрүп каттуу ыза болом) 

Ошондон кийин таанышуу мен үчүн кыйын болуп калды жүрөктөгү тунук сүйүүлөр караңгы болуп калды башка кыз менен таанышсам да ушул кыз сыяктуу элестетип калгам эмне кылсам болот! Бирок Үйлөнүшүм керек  бирок кыз таба албайм?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт