Төрөттөн кийин аял кумар албай калышы мүмкүнбү? Сексолог жооп берет
Саламатсызбы. Мен төрөгөнүмө жарым жыл болду. Жыныстык катнаштан мурункудай кумар ала албай калдым. Же төрөттөн кийин ушундай болобу?
Наталья Ивахник
Психолог, сексолог
Төрөттөн кийин (кесердик кесүү эмес) аялдын жыныс кынынын сезимталдуулугу жогорулайт, бул төрөй элек келиндерге салыштырмалуу көбүрөөк ырахат алуусуна мүмкүнчүлүк берет. Мен аял затынын физиологиялык өзгөчөлүгу жөнүндө айттым.
Ал эми секс бул көп кырдуу процесс.
Төрөттөн кийин аял кишиге кайра калыбына келүүсү үчүн убакыт керектелет. Айрымдар төрөттөн кийинки депрессияга да туш болушат. Аялдын өзүнө келүүсүнө орто эсеп менен 6-7 ай убакыт кетет. Бул мезгил аралыкта келиндер өзүнүн жаңы ролуна жана жанындагы жаңы адамга көнүшуп, адаптация болот.
Ал учурда башка керектөөлөрдү коюп, элементардуу уйкуну кандырып алууга шарт болбойт. Төрөттөн кийинки депрессия либидону (жакындыкты каалоо) төмөндөтөт. Башкача айтканда сексти каалабайт, же андан ырахат ала албайт.
Бирок жыныстык катнашты каалаган күйөө бар. Анан аялдар секске каалап жатканы үчүн эмес, аргасыз “керек” болгон үчүн барышат. Ушул “керек” дегендин айынан секстин сапаты кыйла жабыркайт.
Ырахат алуу “керек” деген бөлүктө эмес, ал “мен каалап жатам” дегенде гана пайда болот. Наристенин керектөөлөрү абдан маанилүү, бирок, төрөттөн кийин аялдарга аял заты катары калыбына келүүсү да маанилүү. Ал өзүн сулуу, сексуалдуу, баалуу, барктуу сезиши керек.
Менин сизге бере турган кеңешим, жолдошуңуз менен ачык сүйлөшүңүз. Жардамга муктаж эккениңизди билдирип, бала менен жеке жашоонун ортосундагы балансты сактоого аракет кылыңыз.
Ийгилик!
Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @pro0kosmos баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.