// //

Аялымдын канып калганын кантип түшүнсөм болот? Сексолог жооп берет

2020.03.05, 10:10
5487

Саламатсызбы. Аялымдын чынында эле канып калганын, оргазмга жеткенин кантип түшүнсөм болот? Алар деле эркектер сезгенди сезишеби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.03.2020, 10:12

Наталья Ивахник

Сексолог, психотерапевт

Саламатчылык. Аялдардын жана эркектердин организми бири-биринен айырмаланат.

Эркектерде бир оргазм болот. Ал механизмге окшош жана инстинкт деңгээлинде ишке ашат. Ал эми аялдардын оргазмы татаалыраак жана кызыктуураак. 

Клиторду стимуляция кылуудан келип чыккан оргазм эркектердикине окшош. Акырындык менен өсүп отуруп, туу чокусуна жетет. Кыска убакытка чейин чыңалып, анан бир заматта түшүп калат. Дене бошоп, шалдырай түшөт. Клиторалдык оргазмга жетүүнү көпчүлүк кыздар өспүрүм курагында эле үйрөнүп алышат.

Ал эми вагиналдык оргазм кыйла татаал болот. Анткени бул эволюциялык жактан алып караганда, кийинчерээк келе турган жөндөм. Вагиналдык оргазмга жетүү үчүн аял тиешелүү эмоцияларды баштан кечириши керек. Ал өзүн эркин алып жүрөт, өнөктөшү менен жакындыкты өзү каалайт, өзүн жагымдуу, сексуалдуу экенин сезет, башка ойлордон жана көйгөйлөрдөн алаксып, толугу менен жыныстык катнашка берилет, ж.б.

Мындай оргазм учурунда аялдын бүтүндөй денеси шалдырайт, жыныс кынынын булчуңдары өзүнөн-өзү жыйрылып кайра бошойт, жүрөгүнүн согушу, дем алуусу тездейт, жүзү кызарып, кара-терге түшөт, көзү белгисиз жакты карап турган болот же жумуп алат.

Өнөктөшүн чыныгы оргазмга жеткирген мырза жыныстык катнаштан кийин өзүн ишенимдүү жана эмоционалдык жактан күчтү сезет.

Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @pro0kosmos баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Кегель көнүгүүлөрү жөнүндө бул жактан окусаңыз болот:

Жыныс кынын кууш кылып, оргазм алууга жардам берген 5 Кегель көнүгүүсү

Кегель көнүгүүлөр 40% эркектердин эрекциясын нормага келтирет. 6 көнугүү

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт