Жигитим менен мамилени токтотуш керек болуп жатат, эмне кылсам?
Менин жашым 19да, жигитим бар, сүйлөшкөнүбүзгө төрт жылдай болуп калды. Бирок аны менен мамилемди токтотушум керек болуп турат, анткени ар нерсени менден такып сурай берет, өткөн нерселерин айтып, кыздар жөнүндө көп кеп козгойт.
Бир нече жолу аракет кылып көрдүм, бирок колуман келген жок, унута албай койдум. Кеңеш берип койгулачы, кантип сүйлөшпөй койсом болот?
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатчылык. Сиздин катыңызда бардыгы бир жерге үйүлүп калгандай. Жигитим менен мамилени токтотуш керек дедиңиз, кантип мамилебизди токтом деп кеңеш сурадыныз, ошол эле учурда унута албай койгонуңузду жазып жатасыз.
Өзүңүзгө-өзүңүз карама-каршы сүйлөп жатканыңызды байкап жатасызбы?
Жигитиңиз менен сүйлөшкүңүз келбегендин негизги себеби – анын жүрүм-туруму жана сүйлөгөн сөзү. Демек сизде жеке чек ара жок болушу мүмкүн.
Жеке чек ара деген эмне? Бул бир нерсени жактырбай турган учурда “жок” деп айтуу, “мага жаккан жок” деп жеке оюңду ачык билдирүү. Бул өзүңдү-өзүң коргой билүү деген сөз.
Ойлонуп көрсөңүз, сизге жакпаган тамакты күчкө салып жей бересизби? Мамиледе да так ошондой. Жакпаган нерсени жакпайт деп эле айтып, жебей кою керек.
Демек, жигитиңизге болгонун болгондой айтыңыз, “мындан ары бул жана бул темаларга суйлөшпөйбүз, анткени мага жакпайт, макул эмес болсоң кош айтышканыбыз эле оң” деп. Бирок айткан сөзүңүзгө бек туруу зарыл.
Эгер сиз чындап эле бул адам менен кыз-жигит болгуңуз келбесе, кантип суйлөшпөй койсо боло турганын өзүңүз деле жакшы билесиз. Ал эми унута албай жүргөнүңүз бул таптакыр башка кеп.
Ийгилик!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү
Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок
Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?
Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.