Аспирин менен 4 жылга чейин сактангандар бар экен, ошол чын эле таасир береби?
Саламатсызбы. Менин балам 1 жашта, жолдошум дагы балалуу бололу дейт. Мен кое туралы, балабыз али кичине десем, болбой жатат.
Презерватив колдончубуз, эми аны да колдонбой койду. Жолдошума билгизбей кантип сактансам болот? Аспирин дары менен 4 жылга чейин сактангандар бар экен, деп уктум. Чын эле таасир береби же жөн эле сөзбү?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Сиз азаматсыз, бардыгын туура пландаштырып жатасыз. Балаңыз болгону бир жашта экен ага көбүрөөк убакыт бөлүү керек. Өзүңүз да калыпка келип, күч чогултуп аласыз. Балдардын ортосундагы эң оптималдуу жаш аралык 3 жыл.
Кош бойлуулуктан сактануу үчүн гинекологго көрүнүп, сизге ылайыктуу контрацептивдик препараттарды тандайсыз. Дарыны күндө бир эле учурда ичүү керек. Ал эми канча убакыт сактанасыз аны өзүңүз чечесиз. Дары ичип жатканыңызды күйөөңүзгө айтпай деле койсоңуз болот.
И баса, аспирин тууралуу, бул калп. Аны колдонуу кош бойлуулуктан сактабайт.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет