Кош бойлуумун, кычкылтек жетишсиз болгондо да бала көп кыймылдайт деген чынбы?
Саламатсызбы. 28 жума боюмда бар, бала аябай көп кыймылдайт. Гинекологго көрүндүм, балага кычкылтек жетишпегенден да көп кыймылдайт, йодофол ич деди.
Эми кыймылдаган сайын кыжаалат болуп жатам. УЗИден жакшы эле деп айткан. Айтыңызчы, көп кыймылдаганы норма элеби?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Айрым учурларда баланын көп кыймылдаганы норма болуп саналбайт. Эгер ичтеги бала мурункуга салыштырмалуу көбүрөөк кыймылдай баштаса, анын кыймылы энеге дискомфорт жаратып оорутса, түйүлдүктүн гипоксиясы орун алышы мүмкүн. Мунун себептери абдан көп:
- эненин өнөкөт оорулары;
- зыян адаттары;
- кош бойлуулук кезиндеги патологиялар.
Ичтеги бала кыйналып же кыйналбаганын аныктоо үчүн доплерометриядан жана кардиотокографиядан өтүү зарыл. Андан кийин гинеколог тиешелүү препараттарды жазып берет.
Менин сизге бере турган кеңешим, бөлмөнү улам-улам желдетип, көбүрөөк сыртка чыгып, таза абада сейилдеңиз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет