Папаверон дарысын колдонсо төрөтү оор өтөт деген чынбы? Гинекологдун жообу

2020.11.04, 16:12
964

Саламатсызбы. 17 жума кош бойлуумун. Бул менин үчүнчү балам, кыймылдаганын качан сезем? Үч жумалык мөөнөтүндө “угроза” болуп папаверон колдондум эле. Угушумча бул препарат колдонгондордун төрөтү оор өтөт. Бул чынбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.11.2020, 16:13

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Биринчи жолу кош бойлуу бологон айымдар ичтеги баласынын кыймылын 20чы жумадан кийин сезе башташат. Экинчи же үчүнчү жолу төрөгөндөр андан эртерээк байкашат. Сиздин мөөнөтүңүз 17 жума болуп калыптыр, демек жакында наристенин кыймылын сезе аласыз.

Ал эми папаверон боюнча айта турган болсом, бул препарат төрөттүн жүрүшүнө эч кандай таасирин тийгизбейт. Ошондуктан эч сарысанаа болбоңуз.

Аман-эсен көз жарып алыңыз.

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт