// //

Боюмда бар, эзме курутту аябай ичип жатам, баланын ден соолугуна зыян эмеспи?

2020.10.21, 11:23
2493

Саламатсызбы. Гинекологдон кеңеш сурайын дегем. Боюмда бар, беш жума болуп калды. Тамакка такыр табитим жок, жалаң эзме курут ичип жатам. Күнүнө 250-500 граммга чейин. Албетте, башка витаминдерди да кабыл алам.  

Сурайын дегеним, эзме курут иче берсе баланын ден соолугуна зыян эмеспи, терс таасири болбойбу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.10.2020, 11:23

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Кош бойлуулуктун алгачкы үч айында туздуу тамакка талгак болуу көп эле айымдарда кездешет. Мында эч кандай коркунуч жок. Анткени бул көрүнүш орто эсеп менен 12 жумага чейин созулуп кийин токтойт.

Туздуу тамакты көп жегенде болгону анализдериңиз зааранын курамында туз көп, деп чыгышы мүмкүн. Андайга жеткирбеш үчүн көбүрөөк суу ичиңиз, күнүнө 2 литрге чейин. Колдон келсе куруттун бир күндүк көлөмүн 200 гр чейин чектеңиз.

Аман-эсен көз жарып алыңыз.

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт