// //

Кош бойлуу кезде трубадан суу алдырса болобу? Гинекологдон жообу

2020.10.18, 13:13
1919

Саламатсызбы. Мага гинекологдон кеңеш керек болуп жатат. Бир жума мурун кош бойлуу экенимди билдим, ошол эле күнү температурам көтөрүлүп, доктурга кайрылдым. УЗИден суу бар деп айтышты, бирок кош бойлуулугум көрүнгөн жок. ХГЧга кан тапшырсам “внематочная беременность” деп чыкты. Гинеколог ошол замат эле трубадан суу алды.

Эми жолдошум менен кошулсам, оорутуп жатат. Гинекологдон сурасам, дагы суу пайда болуп калган окшойт деди.

Эмне кылышым керек? Негизи кош бойлуу кезде трубадан суу алдырса болобу?  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.10.2020, 13:14

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Сиздин суроого жооп берүү өтө кыйын болуп турат. Анткени жасалган иш аракеттин логикасы жана ирээттүүлүгү жок.

Кош бойлуу экениңизди билдиңиз, бирок УЗИ көргөн жок, жатын түтүгүндө суу бар экен, ХГЧ кош бойлуулукту аныктады жана жатындан сырткары кош бойлуулук - деген диагноз коюлду.

Жатындан сырткары бойго бүткөн учурда сөзсүз операция жасалат жана кош бойлуулук токтотулат. Башка варианттар жок.

Сиздин айтымыңызда, трубаңыздагы суюктук алынган, бирок операция болгон жок. Ооруксунууга даттансаңыз доктур, кайра суу пайда болуп калган окшойт деди.

Ошондо сиз кандай процедура алдыңыз? ХГЧ деңгээлиңиз канча деп чыккан? Дегеле кош бойлуулук тастыкталганбы?

Менин сизге бере турган кеңешим, башка гинекологго кайрылып, кайрадан толугу менен медициналык көзөмөлдөн өтүңүз.

Ден соолукта болуңуз.

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт